Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:33

Токбаеванын сотторго сынды күчөткөн үч жылы


Айнаш Токбаева.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын үч жылдык кызмат мөөнөтү ушул жылы аяктайт. Анын тушунда сот адилеттигине, коррупцияга байланыштуу доомат күчөдү жана президент Сооронбай Жээнбеков эми мындан ары судьялар чыгарган чечимдерге кийлигишерин эскертти.

Өткөн жылдын этегинде Айнаш Токбаева Сөз эркиндигин коргоо комитетинин "сотторду чөнтөккө салып бергени үчүн" деген какшык сыйлыгына да татыган болчу. Сот бийлигинин сап башында турган Айнаш Токбаева деген ким?

Айнаш Токбаеванын эмгек жолу жупуну десе болот. 1983-1985-жылдары Өзбекстандын Ташкент шаарындагы юридикалык техникумунда, андан кийин 1985-1990-жылдары Бишкекте Кыргыз улуттук университетти бүтүргөн.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

Токбаева сот тармагына 80-жылдардын аягында келген. Аны 1987-жылы ошол кезде Ош шаардык сотту башкарып турган Жогорку соттун мурдагы төрагасы, парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмонов өзүнө жардамчы кылып ишке алган:

- Окууну бүтүп келгенде эле бул кызды жумушка алгам. Ал 1987-1987-жылдар болчу. Ал учурда эч жерде "жардамчы" деген кызмат орун жок болчу. Ошондо биздин штатка "жардамчы" деген орун киргизгенбиз, анан ал кызды Юстиция министрлигинен жиберишкен, мен кызматка алгам. Мен бул жакка баса бергем, ал болсо жергиликтүү соттордо иштеп жүрүптүр. Жаңыдан иштей баштаганда аракетчил, отуруп иштегенге жөндөмдүү кыз болчу. Өзгөчө, башкалардан айырмалаган сапаттарын көрө алчу эмесмин. Анда жаш болсо керек. Азыр анын сот адилеттигине байланышкан иштери, ишинин сапаты тууралуу эч нерсе деп айта албайм.

Алмазбек Атамбаев жана Айнаш Токбаева.
Алмазбек Атамбаев жана Айнаш Токбаева.

Айнаш Токбаева 2013-жылга чейин адвокат, Ош арбитраждык сотунда жана Ош облусунун экономикалык иштер боюнча район аралык сотунда судья болуп иштеген. Жогорку сотто 2013-2015-жылдары судья болгон жана ошол жылы үч жылдык кызмат мөөнөтү бүткөн Феруза Жамашеванын ордуна Жогорку соттун төрайымы болуп шайланган.

Жогорку соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов ушул тушта сот бийлигинин башында турган адамдын таасири мурункуга караганда кыйла азайганын кеп салды:

- Азыр Жогору соттун төрагасынын колунда кадрларды тандоо, дайындоодо дагы эч кандай рычаг жок. Илгери, биз иштеген убакта мунун баары Жогорку соттун төрагасынын сунушу менен болчу. Ал дисциплинардык иш козгоп, кызматтык иликтөө жүргүзүп, соттордун ишине кандайдыр бир административдик рычагдары бар эле. Азыр мындай куралы жок, мындай укуктары Сотторду тандоо кеңеши, Соттор кеңеши, дисциплинардык комиссияга берип койгон. Мурда Жогорку соттун төрагасында, орун басарында сот адилеттиги боюнча да ыйгарым укуктары жакшы болчу. Мисалы, ошолордун сунушу менен президиумга, пленумга киргизилген иштер да каралчу. Коллегияларда кетирилген каталарды президиумда караганга мүмкүнчүлүк бар эле. Соттук тажрыйба үчүн өтө маанилүү иштерди Жогорку соттун бүт курамы менен пленумда да карачубуз.

Өткөн айда сот тармагы жыл жыйынтыгын чыгарган. Анда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева бир жылда аткарылган иштер тууралуу учкай комментарий берген:

- 2017-жылдын февраль айында бардык аймактарды кыдырып, соттордун ишмердүүлүгүндө кандай жетишкендиктер, кемчиликтер бар деп аткарылган иштерин талкуулап, кемчиликтер боюнча кеңири сүйлөшүп, токтолуп, 2018-жылы кандай иш аткарылышы керек деп талкууладык. Эң негизги приоритет катары сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева.
Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева.

Жогорку сотту Айнаш Токбаева жетектеп турган маалда сот адилеттигине байланыштуу доомат көбөйдү. Муну өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков да айтты жана эми мындан ары судьялардын чечимдерине кийлигишерин эскерткен:

- Биз Бишкек шаарынан эки сотту өткөрбөй койдук. Мен бир мисал келтирейин: бир судья бир ишти 4,8 жыл кармаган. Өткөндө Чүй сотунан дагы бирөөнү жыктык. Ал сотто 18 жыл иштептир, болгону 177 иш караптыр. Ошондо бир жылда сегиз иштен гана караптыр. Ушундай да болобу? Адилеттикке жетпей, узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт, соттор ишти атайылап созгон учурлар көп кездешет. Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар да бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы. Шайланган президент катары соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш кылган кылмышкерлерди бошотуп, мыйзамды бузуп, жарандардын укуктарын тебелеп жатса - эл шайлаган президент катары эмне үчүн мен муну карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин кайсы жерден мамлекеттик органдар адам укугун тебелеген болсо, элге, мамлекетке зыян келтирип жатса, мен анда президент катары бардык маселеге кийлигишем.

Өткөн аптада Бишкек менен Нарын шаарларында сот жана укук коргоо органдарындагы тамырлап кеткен коррупцияны тыюуну талап кылган митинг болгон. Анда кызматтан кетсин дегендердин арасында Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын да аты аталган.

Жарандык активист Рита Карасартованын пикиринде, анын тушунда соттордун саясий буйрукту аткарган учурлары көбөйдү:

- Бүгүнкү күндө реформа биз каалагандай нукка өтө элек. Бир жагынан төрага кысым көрсөтө албайт, ар бир судья өзү чечим кабыл алат деп айтышат. Бирок Жогорку соттун пленуму жыйынга чогулуп жатабы деген маселе бар. Мисалы, бизде ЖМК тууралуу абройго шек келтирүү деген иштери боюнча пленумда каралышы керек эле. Бирок пленумда карабай туруп, миллиондогон айып салган чечимдерди чыгарып жатканда, "эй, соттор, силер пленумду карайсыңарбы, окуйсуңарбы?" деп айтышы керек эле да. Мен мурунку баш прокурор, экс-депутат Аида Саляновага болушкан жокмун, ал баш прокурор болуп турганда деле "кетсин" деп бир канча жолу жазганбыз. Бирок аны соту болуп жатканда эртең мененки 8ден кечки саат 10го чейин тыныгуусуз карап, чечим кабыл алуу деген туурабы? Саясий буйрутма экени ачыктан ачык көрүнүп жатса ошону билмексенге салып "мен аларга эч нерсе деп айта албайм, бул ар бир соттун иши" дегени туура эмес. Айнаш Токбаева сотторду чогултуп алып "ооба, оор, түшүнүп жатам, бирок келгиле, президенттик аппараттын басымынан бир аз да болсо чыгалы" деп көз карандысыз болууга бир дагы кадам таштаган жок.

Мындан эки жарым жылдай мурунку Жогорку соттун төрагасын шайлоо жараянын ичинен жакшы билгендер Айнаш Токбаева бул кызматка кокусунан, күтүүсүз эле шайланып калганын айтып жүрүшөт. Ал бул кызматта турган учурда социалдык тармактарда сот тармагына туугандарын, тааныш-билиштерин топтоп алган, негизсиз чет өлкөгө сапарларга чыкты жана жанында ишине тиешеси жок адамдар коштоп жүрөт, жакын тууганы Жогорку сотко келип өтө кымбат баалуу шейшеп сатып кетет деген өңдүү доомат айтылды. Токбаева мунун баарын жокко чыгарган.

Кыргызстанда 2016-2017-жылдары сотко 22,5 миңден ашуун кылмыш иши жөнөтүлгөн. Анын тогуз миңге жакыны же 40 пайызы сотто кыскартылган же токтотулган. Соңку он жылда судьяларга байланыштуу 100гө чукул кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөөдө кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кеткен. Ал эми 46 кылмыш иши сотко жетип, 23 факт боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен бошогон. Судьяларга козголгон кылмыш иштердин сегиз пайызында гана айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG