Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Жарандык коом сотторго каршы митингге чыкты


Ак үйдүн алдында “коррупцияга каршы” урааны менен акцияга чыккандар президент Сооронбай Жээнбековдун өкүлү чыкпай койгондон кийин кайрадан митингге чогулмай болуп тарашты.

Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Рита Карасартова митингдин жабылуу сөзүн сүйлөп жатып билдирди:

- Президенттин өкүлү чыккан жок. 100 метр жерден чыкпай койгону бул дагы элди тоготпогондугунун, элден алыстап кеткендигинин көрсөткүчү. Жогорку Кеңештин депутаттары деле чыгып койсо болмок. Биз президентке жазган кайрылуубузду өзүбүз да барып тапшырып коебуз. Бирок биз Кыргызстанда коррупцияга каршы кыймыл түзөбүз. Ага талаптарыбызды жаңылап, кайра 7-апрель күнү да ушундай нааразылык акциясына чогулабыз. Биз президенттин коррупцияга каршы күрөшүн колдойбуз, бирок ошол эле кезде анын коррупционерлерди бат тазалоосун талап кылабыз.

Бүгүн Жогорку Соттун алдында коррупцияга каршы митинг уюштуруп жаткандар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келишкен. Алар “Коррупцияга жол жок, Токбаева, Архарова, Воронцова, Жамашева кызматтан кетсин” деген ураандарды айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу тапшырмак.

Митингди уюштуруучулардын бири Рита Карасартова ал кайрылууда тандалган соттор кандай чечимдерди кабыл алганы жана кандай иштерди караганы тууралуу досье жана коррупцияга каршы күрөштү сөздөн ишке өтүү өтүнүчү бар экенин билдирген. Ал президенттин коррупцияга каршы саясатын митингчилер колдой турганын, бирок ал күрөштөн жыйынтык чыгышы керектигин белгиледи.

- Жогорку сотко тандалып жаткан алты талапкерди жана Конституциялык палатага тандалып жаткан талапкерлердин буга чейин кандай иштерди караганы, кандай чечимдерди чыгарганы боюнча досье чогултуп келдик. Булар саясий буюртмаларды аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарган. Ошондуктан биз биринчи кезекте буларды бекитпегиле деген талап коюп жатабыз. Президенттин буга карата чечиминен ал коррупцияга каршы чындап күрөшөбү же саясий буюртма аткаргандардын кызмат ордун жогорулатабы, баары билинип калат, - деди Рита Карасартова.

Митингде сөз алган көзү азиз активист Каныбек Мырзаканов мындай деди:

-Катардагы жарандардын Жогорку Соттун судьяларынан Кыргызстандын Конституциясын бузбагылачы деп келип жатканынын өзү уят. Анткени силер мыйзамды сакташыңар керек. Биз мыйзам бузууларга көз жуумп, жалган жалаа менен чечим кабыл алууларга жол берип жаткан Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага​, адам укуктарынынын тебеленип жатканына көз салбаган башкы прокурор Индира Жолдубаевага, элдин мыктыларына кылмыш иштерин токуп жаткан УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге каршы чыгып жатабыз. Алар кызматтан кетиши керек. Жөн эле кетпей, жоопкерчиликке тартылып анан кызматынан алынышы зарыл.

Ак үйдүн алдында “коррупцияга каршы” урааны менен чыккандарга коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев да келип кошулду. Ал митингде сөз алып Кыргызстандагы сот системасы коррупцияга батып, чукул арада тазалоого муктаж болуп калганын билдирди:

- Бүгүнкү митинг менен коррупцияга, мамлекеттик шылуундарга каршы жалпы улуттук кыймыл башталды деп эсептеш керек. Президент Сооронбай Жээнбеков таза иштеген азчылык менен гана калды. Ал эми мамлекеттик кызматтагылардын өкмөтү болобу, жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү болобу, соту болобу басымдуу бөлүгү ууруларга айланып кетти. Мамкызматкерлер, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары коррупцияга белчесинен батты. Жогорку Сотто отургандардын көбү шылуундукка, уурулукка малынып калган. Булардын баары миң баштуу ажыдаар болуп кетти. Ошондуктан Жээнбеков өзү жалгыз ал коррупционерлерди тукум курут кыла албайт. Коррупцияга каршы улуттук кыймылбардык аймактарда уланышы керек.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, экс-депутат Чолпон Жакупова Кыргызстандагы сот системасында эч кандай реформалар жүрбөй жатканын айтышып, сотторду тазалоону талап кылышты.

Акция жалпы Кыргызстанда өтөрү кабарланууда, ага ылайык, аймактарда да жарандык коом өкүлдөрү жергиликтүү соттордун алдына "Биз коррупциядан тажадык" деген ураан менен чыгышат.

Кыргызстанда бүгүн сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.

Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу куттуктоо жолдоду. Анда сотторду ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турарын эч качан эстен чыгарбоого чакырды.

- Мамлекет тарабынан ыйгарылган судьялык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо сиздердин күндөлүк ишиңиздердин айныгыс эрежеси болууга тийиш. Эл алдындагы ыйык парзыңарды мыйзамды кастарлоо менен так, калыс аткарат деп ишенем. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттырат, - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алып, сотторду тандоо кеңеши бул алты талапкердин тизмеси 1-мартта президентке жиберген.

Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Мыйзам боюнча Жогорку сотто 35 судья болушу керек. Учурда алты орун бош турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG