Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:41

31-июлда президент Алмазбек Атамбаев “Судьялардын статусу жөнүндөгү” өзгөртүлгөн мыйзам долбооруна кол койду. Эксперттер бул өзгөртүүнү соттордун көз карандысыздыгына шек келтириши мүмкүн деп болжоп жатышат. "Соттордун макамы жөнүндөгү" мыйзам өткөн жылы референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзамга шайкеш келтирүү максатында өзгөртүлгөн.

“Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзам конституциялык мыйзам болуп саналат. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул мыйзамды да өзгөртүү маселеси көтөрүлгөндө эле коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган. Юриспруденция адистери өзгөртүүлөр соттордун көз карандысыздыгын чектейт деп айтып чыгышкан. Анткени жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, сотторду тартип жоопкерчилигине тартуу функциясы Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан жөнгө салынат.

Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев “Судьялардын статусу жөнүндөгү” мыйзам менен катар эле 31-июлда “Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндөгү” мыйзамга да кол койду.

Юрист Рита Карасартова коомчулуктун каршылыгын туудурган негизги өзөк мына ушул жаңы мыйзам долбоорунда жатат деди:

- Жаңы мыйзамда айтылгандай, Тартип комиссиясы үч жактан куралат. Биринчи бөлүгү президент сунуштаган адамдардан, экинчи бөлүгү Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган адамдардан, ал эми үчүнчү бөлүгү гана соттордон турат. Биз буга каршы чыкканбыз. Анткени, сотторду тартипке соттор гана чакыра алат. Ошого карабай, өзгөртүүлөр кирди. Биздин оюбузча өзгөртүлгөн мыйзам соттордун көз карандылыгын шарттайт. Анткени, дүйнөлүк практикада соттор өзүн өзү тескейт. Бизде болсо сотторду бир ууч партиялар аныктап, тескеп калды.

Жаңы мыйзам боюнча сотторду тартип жоопкерчилигине тартуу функциялары Судьялар кеңешинен алынып, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына берилген. Аталган комиссия судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун негиздерин аныктайт. Мыйзамга ылайык, соттордун тартип бузган жоругун, судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга түрткү болгон жоруктардын конкреттүү түрлөрүн аныктоо такталган. Ошондой эле жаңы мыйзамда тартипке чакыруу жаза чарасынын түрлөрү кеңейтилгени жана аларды колдонуу мөөнөттөрү дифференцияланганы айтылат.

"Соттор көз карандысыздыгынан ажырайт"

Өзгөртүлгөн мыйзам соттордун эркиндигин чектеп, башка бийлик бутактарына көз каранды кылат деген пикирди Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бардык тартип бузууларды, жоопкерчиликти да дифференцияциялап салуу кыйыныраак. Анткени, чыныгы турмушта ар кандай кырдаалдар болот. Ошол үчүн муну шарттуу түрдө айтылганы менен бир калыпка салып, кароого мүмкүн эмес. Мурда Жогорку Соттун алдында квалификациялык-дисциплинардык коллегия бар болчу. Ал жерде тажрыйбалуу соттор отурчу, алардын теориялык, практикалык гана эмес, турмуштук да чоң тажрыйбасы бар судьялар болчу. Сырттан же юридикалык чөйрөдөн башка жактан киргизилчү эмес ал коллегияга. Соттордун ишин бардык жагынан терең иликтей турган органга сот, юриспруденция чөйрөсүнөн сырт адамдардын кирүүсү - максатсыз.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

Жаңы мыйзам боюнча, Тартип комиссиясы сотторду ротациялоо жөнүндө президентке сунуш бере алат. Айрым эксперттер бул да өз учурунда сот бийлигинин көз карандысыздыгына шек келтирет деп айтышууда. Мындай пикир ээлеринин бири - Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү, мурдагы сот Тынчтыкбек Шайназаров:

- Сотторду ротациялоо деген түшүнүк киргизилген. Мында, мисалы, Биринчи Май райондук сотунун судьясы кайсы бир кызыкдар тараптын көрсөтмөсүн аткаргысы келбесе, аны Чоң-Алай, Чаткал же дагы башка алыскы аймактарга ротациялап жибериши ыктымал. Негизинен, сот дайындалган жеринде толук мөөнөтү бүткөнчө иштөөсү керек. Эми ротация деген түшүнүк менен соттор көз каранды болуп жатышат.

"Жоо кеткен соң..."

“Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзам өткөн жылы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумда кабыл алынган конституциялык мыйзамдарга жатат. Аталган мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева жаңы конституциялык ченемдерге ылайык келтирүү максатында жаңы мыйзам иштелип чыкканын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бул талкуулар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгенге чейин болушу керек эле. Эми Конституцияга киргизилип калган соң, мыйзам иштеши керек. Өзгөртүүлөр киргенден кийин "Судьялардын макамы тууралуу" мыйзам өзгөртүлүп, ага жараша "Тартип комиссиясы тууралуу" жаңы мыйзам иштелип чыккан. Мунун бардыгы Конституциянын негизинде жасалып жатат.

Феруза Жамашева.
Феруза Жамашева.

Кыргызстанда райондук жана башка жергиликтүү соттор президент тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ал эми Конституциялык палатанын судьяларын жети жылга, Жогорку Соттун судьясын жаш курагы жеткенге чейинки мөөнөткө мамлекет башчысы дайындайт.

Президент Алмазбек Атамбаев июнь айынын башында сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында акыркы беш жыл аралыгында реформанын пайдубалы түптөлгөнүн айткан. Мамлекет башчы өлкөдөгү судьялардын көпчүлүгү жаңыланып, пара алган, мыйзам бузган соттор кадыресе азайганын белгилеген.

Расмий маалымат боюнча ушул күнгө карата 447 судьядан турган соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңырды. Төрт жыл аралыгында пара талап кылуу жана соттун жүрүм - турумуна туура келбеген аракеттери үчүн 20дан ашык судьяга кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG