Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:10

Парламент үч судьяны Жогорку сотко өткөргөн жок


Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш алган жок.

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн беш талапкердин үчөөнү - Ирина Воронцованы, Айдарбек Алымкуловду жана Дамира Орозованы өткөрбөй койду.

Алар тууралуу буга чейин коомчулукта, парламентте дооматтар, сындар айтылып жаткан. Президент Сооронбай Жээнбеков келген кайрылуулардын дээрлик 70 пайызы сотторго байланыштуу экенин айткан жана системаны реформалоо кечигип жатканын эскерткен.

Март айында Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун судьялыгына алты талапкерди - Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцованы, Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарованы, Чүй облустук сотунун судьясы Кыдык Жунушпаевди, Бишкектеги район аралык соттун судьясы Айдарбек Алымкуловду, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун судьясы Дамира Орозованы жана буга чейин судья болуп иштеген Нургүл Бакированы тандаган жана президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жөнөткөн. Жээнбеков Кымбат Архарованы маектешүүгө чакырбай койгон, ошондон улам ал арызын кайтарып алган.

Жогорку сотко өткөн судьялар Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова.
Жогорку сотко өткөн судьялар Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова.

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди карап жатканда депутат Жанар Акаев кесиптештерин президенттин макулдугун алган беш талапкерди тең өткөрбөй коюуга чакырды. Ал "сот системасына аты булганбаган, таза, калыс адамдар келиши керек" деп билдирди:

- Соттор үчүн кудайдан эле кийинки адам Манас Арабаев иштен кетти. Эми элде да, судьяларда да "эми адилеттүүлүк болоор" деген үмүт пайда болду. Келгиле, Жогорку Кеңеш өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Бул жерге келгендердин көпчүлүгү Манас Арабаевдин кадрлары. Ошол "баш ал" десе баш алып, "бөрк ал десе" бөрк алып жүргөн адамдар. Келгиле, биз жаңы адамдарды нөлдөн баштап шайлайлы. Бүгүн биз бешөөнү тең жыгышыбыз керек. Сот адилеттигин талап кылганыбызга жараша таза адамдарды, жаш кадрларды алып келип сотторго коюшубуз керек. Ошондо бизге эл ыраазы болуп, ишенет. Мына, Ирина Воронцова тууралуу буга чейин ЖМКда канча маалымат айтылып жүрөт? Эми биз ушуларды кайсы бетибиз менен Жогорку соттун судьялыгына шайлайбыз?

Парламенттеги жыйында өткөн аптада президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын кызматынан алынган Манасбек Арабаевдин аты көп аталды.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева талапкерлердин ар биринен Манасбек Арабаев аларга кайрылып-кайрылбаганын сурап чыкты жана баарынан тең "жок" деген жооп укту. Бирок муну бир катар депутаттар төгүнгө чыгарды.

Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров өлкөдө соттордун өз алдынчалыгы жетиштүү экенин белгиледи:

- Баш мыйзамдын 94-беренесинде сиздер "Конституцияга жана мыйзамга гана баш иесиңер" деп турат. Сиздердин көз карандысыздыгыңар жетиштүү. Баш мыйзам коргоп турат. Силер буга чейин баарыңар судья болуп иштеп келгенсиңер. Ар бириңердин артыңарда ар түрдүү сөздөр жүрөт. Мына кээ бир депутаттар, биздин шайлоочулар да айтып жатат. "Ушул жердеги кээ бир талапкерлердин ушул жерге келгенге моралдык укугу жок" деп да айтып жатышат. Калк айтса калп айтпайт!

Жогорку соттун судьялыгына өтпөй калган талапкерлердин бири Ирина Воронцова Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Салянованын ишин караган. Депутаттар анын соттолгон кесиптештери тууралуу пикирине кызыгышты:

- Садыр Жапаров тууралуу чыгарылган чечим тууралуу азыр комментарий берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Өмүрбек Текебаев боюнча Жогорку соттун дагы чечими чыккан жана ал күчүндө калган. Ошондуктан чечим мыйзамга ылайык чыгарылган. Садыр Жапаров бүгүн эле арыз берди. Эми арызды Жогорку сот карайт жана "кандай чечим болот" деп судьянын, кесиптештердин чечимине комментарий берүү мүмкүн эмес.

Жогорку соттун судьялыгына өтпөй калган Бишкек шаарындагы район аралык соттун судьясы Айдарбек Алымкуловго да суроо көп берилди.

Ал караган иштер тууралуу түшкөн арыз-даттануулар жөнүндө да кеп козголду. Алымкулов өзүнө кандайча кылмыш иши козголуп, арты эмне болгонун учкай айтып берди:

- Ал окуя мен Түп райондук сотунун судьясы болуп иштеп турганда болгон. Өзгөчө чоң өлчөмдөгү баңгизат фактысы боюнча ишти карагам. Соттолуучунун апасы мен тууралуу арыз жазган экен. Мен бул жөнүндө кийинчерээк гана билгем. Алар жазадан качыш үчүн чагым кылганга аракет кылган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш иши токтотулган. Эгер эсимде болсо бул 2011-жылы болгон.

Талапкерлердин ичинен Нургүл Бакирова жандуулугу жана өз оюн салыштырмалуу ачык айтканы менен айырмаланды. Ал сот системасындагы жетишкендиктерди жана кемчиликтерди атап өттү:

- Эл аралык стандарттарга туура келген бир топ мыйзамдардын кабыл алынганы кубанарлык иш болгон. Бирок сот реформасынын чоң бир кемчилиги - сот корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңыртылган. Өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу, жакшы жактарын көрсөткөн судьялар кетип калган. Мисалы, бир судьяны даярдоого кеминде беш жыл кетет да. Тажрыйбасы жок соттор келип, катачылыктарга жол берилип калганын мен кемчилик деп эсептейм. Жалаң эле материалдык базаны өзгөртүү менен, же болбосо макамын, социалдык абалын өзгөртүү жолу менен эмес, ар бир судьянын өзүнүн жеке адамдык касиетине , билимине, тажрыйбасына карап гана шайлоо керек деп эсептейм.

Жогорку сотко үч судья өткөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:12 0:00

​Жогорку Кеңеште жашыруун бюллетень аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгында Ирина Воронцовага 91 депутат каршы, 16 депутат макул болду.

Айдарбек Алымкуловго 81 депутат каршы чыкты, 26сы колдоду.

Дамира Орозова 42 "макул", 65 "каршы" деген добуш жыйнады.

Кыдык Жунушпаевди 70 депутат колдоду, 37си каршы чыкты.

Нургул Бакированы 82 депутат колдоду, 25и каршы болду.

Бишкекте 17-майда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны өткөн. Анда Жээнбеков жарандардын укугу бузулган, коррупцияга баткан, адилетсиз сотторго карата даттануулар көп экенин айткан. Өзүнүн дарегине келген кайрылуулардын 70 пайызында ушундай мазмунда экенин белгилеген. Сот системасын реформалоо кечеӊдеп жатат деп айткан.

Кыргыз мыйзамдары боюнча Жогорку соттун судьясы болуп курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажы бар жаран шайланат жана 70 жашка чейин иштей алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG