Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:16

Сооронкулова: Биздин сотторго абийир жетишпейт


Клара Сооронкулова.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова "Азаттык" менен Жогорку соттун судьяларын шайлоо жараяны тууралуу маектешти. Ал парламент мурдагыдай бийлик көзүн карабай, баш көтөрө баштаганын белгиледи.

"Азаттык": Клара айым, бүгүн парламент Жогорку соттун судьялыгына президент сунуш кылган беш кишинин талапкерлигин карап, экөөнө макулдугун берип, үчөөнө каршы болду. Бул жараяндан сиз кандай жыйынтык чыгардыңыз? Мамлекет башчы өзү баш болуп айтып жаткандай сот тармагы реформа болот деп ишенүүгө болобу?

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокуратура кызматкерлерине люстрация мыйзамын киргизмейинче сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.

Сооронкулова: Мени кубандырганы: Жогорку Кеңеш баш көтөрүп калыптыр. Мындан ары да ушул боюнча оңолуп кетсе экен. Мурда, Атамбаевдин мезгилинде президент кимди сунуш кылса, "президент көрсөттү" деп эле шайлап коюшчу. Демек, президенттин аппаратынан да депутаттарга басым болгон жок, мамлекет башчы өз сунушун берди да, "калганын өзүңөр чечкиле" деп Жогорку Кеңешти өз эркине койду. Бул жакшы көрүнүш.

"Азаттык": Буга чейин талапкерлердин бири, судья Воронцованын талапкерлигин президенттин колдоосу коомчулукта нааразылык жаратып, үмүтсүздүккө түртүп жатты эле?..

Сооронкулова: Воронцова боюнча коомчулуктун нааразылыгы болду. Биз да президентке ал тууралуу сунуш киргизгенбиз. Бирок мамлекет башчы анын кесипкөйлүгүнө маани бердиби, эмнегедир анын талапкерлигин колдоду. Бул судья боюнча парламент 91 добуш менен каршы пикирин билдирди. Бул жагынан Жогорку Кеңеш коомчулуктун сунушун, элдин маанайын байкап, эң ириде Воронцованын саясий куугунтукка катышканына туура баа берди. Парламентке ыраазы болсо болот.

"Азаттык": 22-майда Жогорку сот мурунку баш прокурор Аида Салянова боюнча төмөнкү сот инстанцияларынын чечимдерин күчүндө калтырды. Бул да коомчулукта "акыйкаттык жок экен, президенттин сөзү суу кечпейт турбайбы" деген сыяктуу нааразы пикирлерди жаратты. Сиз Конституциялык палатанын мурдагы судьясы катары сот тармагынын келечегине кандай көз караштасыз?

Сотторго моралдык принциптер, моралдык сапаттар жетишпейт. Көп соттор абийир деген түшүнүктөн аксайт.

Сооронкулова: Мен да жүрөгүмдүн тереңинде Аида Салянова акталып чыгат деп үмүттөнгөм. Бирок мен президенттин аппаратынан басым болду деген ойдон алысмын.

Менимче, бул жерде Жогорку соттун судьялары өзүн өзү сактоо максатында мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды. Эгер жокко чыгарса, мурунку чечим чыгарган соттор адилетсиз чечим чыгарганы үчүн жоопкерчиликке тартылып кетиши мүмкүн эле. Салянова боюнча соттор бири-бирин, кесиптештерин коргоп калуу аракети менен чечим кабыл алышты деп ойлойм.

"Азаттык": Парламент президент сунуш кылган беш кишинин экөөнө гана макулдугун берди. Эми Жогорку соттун судьялыгына башка талапкерлер кандай жараян менен көрсөтүлүп, качан шайланышы мүмкүн?

Сооронкулова: Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди Сотторду тандоо кеңеши тандап, президентке сунуш кылат. Эми ошол тизмеде булардан кийин турган судьялардын талапкерлиги каралат.

Бүгүн парламент макулдугун берген судьялар тууралуу мыктылардын мыктысын тандады дегенден алысмын. Биз Кыдык Жунушпаев тууралуу коомчулуктун сунуштамасын президентке да, парламентке да жибергенбиз. Анткени ал Соттор кеңешин жетектеп турган учурда көп кишини кылмыш жоопкерчилигинен сактап калган. Мына ушуга баа берилбей калды.

"Азаттык": Кыргызстанда соттор бийликтен көз каранды болбой, коррупцияга аралашпай, пара албай, чындыгында калыс, таза, адилет иштеши үчүн эмне жетишпейт?

Кыдык Жунушпаев тууралуу коомчулуктун сунуштамасын президентке да, парламентке да жибергенбиз. Анткени ал Соттор кеңешин жетектеп турган учурда көп кишини кылмыш жоопкерчилигинен сактап калган. Мына ушуга баа берилбей калды.

Сооронкулова: Мен өз иш тажрыйбамдан билем - бизде сот системасында сабатсыз, билимсиз соттор толтура. Бул билим берүү системасынын да кемчилиги.

Экинчиден, сотторго моралдык принциптер, моралдык сапаттар жетишпейт. Көп соттор абийир деген түшүнүктөн аксайт.

"Азаттык": Ошентсе да кандайдыр колдоо керектир? Жетиштүү айлык акы, коопсуздугуна кепилдик дегендей?..

Сооронкулова: Бул шарттардын баары түзүлгөн. Азыр сотторго оңой менен кире албайсыңар, коопсуздугу бир нече пункт менен корголот. Ал эми айлык акысы деле аз деп айтууга мүмкүн эмес.

Бүгүн өздөрү деле айтышты, кырк миң сом айлык акыны аз деп айтууга болбойт. Эгер аларга бийликте турган кимдир бирөөдөн кысым, басым болсо, Соттор кеңешине ал тууралуу ачык айтып кайрылуусуна мыйзам толук мүмкүнчүлүк берет. Негизги маселе бизде соттордун өзүндө, алардын абийиринде болуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG