Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Арабаев президенттин ишеничинен чыкты


Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен кызматынан бошотулду.

"Манасбек Арабаев сот чечимдерине кийлигишет" деген сөз ал президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турганда байма-бай айтылып келген.

Айрыкча мындай кепти Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушундагы оппозициялык саясатчыларга байланышкан соттук териштирүү күчөткөн. Манасбек Арабаев өзү болсо айтылган дооматтарды убагында четке каккан.

Президенттик аппарат соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын кызматтан кетиши тууралуу кеңири комментарий бере элек. Маалыматтык саясаты бөлүмү тараткан расмий кабарга караганда Манасбек Арабаев ээлеген кызматынан “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык (47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту) "саясий жетекчиликтин ишенимин жоготту" деген жүйө менен бошотулду.

Манасбек Арабаев өзү кызматтан кетишинин себептери тууралуу комментарий берген жок. Айрым маалымат булактары анын ооруканада жатканын кабарлады.

Саясат талдоочулар коомчулуктун талкуусуна түшкөн мамлекеттик кызматкерге карата президенттин чечимин күтүлгөн чечим катары кабылдашууда.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү Адил Турдукулов Манасбек Арабаевдин “ишеним көрсөтпөө” беренеси менен кызматтан бошотулушун сейрек учураган көрүнүш катары баалады:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Мындай берене менен буга чейин кызматтан алынгандар эсимде жок. Элдин сыны менен иштен алынганы жакшы. Эми “а” дегенден кийин “б” деш керек. Ишеним көрсөтпөө болгондон кийин кандайдыр далилдер пайда болду деп ойлойм. Саясий эмес, башка иштерде да күбөлөр бар. Алар айткандарын танып кетпесе, Манасбек Арабаев кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн деп ойлойм.

Сөз эркиндигин коргоо комитети "Манасбек Арабаев судьяларга басым көрсөтүп жатат" деген дооматтардын чын-төгүнүн текшерүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековге кайрылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун пикиринде, кайсы бир мамлекеттик кызматкерди жоопко тартыш үчүн конкреттүү фактылар жана далилдер керек.

- Кылмыш-жаза кодексинде так, даана жазылган берене бар. Жогорку кызмат адамы сот адилеттигине, анын чечимине кийлигишкени далилденсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жөн гана кызматтан бошотуп коюу деген болбойт. Бирок ал үчүн кайсы бир факт боюнча арыз түшүп, далилдер аныкталышы керек. Ага биздин соттор, жарандар барабы-жокпу - бул экинчи маселе, - деди ал.

Ал эми саясат таануучу Эмил Каниметов Арабаевге карата "соттордун ишине кийлигишет" деген дооматтар жакшылап териштирилиш керек деп эсептейт. Анткени ал ортомчулук гана милдетти аткарып, буйрук бергендер башка болушу мүмкүн:

Эмил Каниметов.
Эмил Каниметов.

- Манасбек Арабаев эле эмес, анын артында турган адамдар, анын ичинде мурдагы президенттин да тиешеси болушу мүмкүн. Бирок аны факты жүзүндө далилдеш керек. Ал кыйын иш, аныкталса соттор да камалып кетиши мүмкүн. Азырынча далилденген жок. Аны аныкташ, кылмыш ишин козгоо да саясий чатактарга алып келет. Азыркы чечим туура болду.

Алгачкылардан болуп Арабаевди “сотторго кураторлук” кылат деп, мындан эки жыл мурун депутат болуп турган, азыр камакта отурган Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин трибунасында айтып чыккан. Ал учурда президенттик аппарат, Манасбек Арабаев өзү да бул дооматты четке каккан.

Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланып келгенден кийин кызыган саясий кырдаал "президенттик аппарат соттордун ишине кийлигишет, аны Арабаев ишке ашырат" деген сынды күчөткөн.

Айрыкча мурдагы судья Максуда Оморованын ачык каты коомчулуктун басымын күчөттү. Мурдагы судья анда Арабаевди "сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет" деп күнөөлөгөн. Мындай катты ал кызы Гүлчехра Оморова судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынгандан кийин жазып чыккан.

"Соттор президенттик аппараттан көз каранды болуп, Арабаевдин айтканына ылайык чечим чыгарып жатат" деп Жогорку Кеңеште “Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев да айтып чыккан.

Манасбек Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына 2015-жылдын башында, ошол учурда башкы прокурор болуп дайындалган Индира Жолдубаеванын ордуна барган. Быйыл февраль айында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков аны ушул эле бөлүмдүн башчысы кылып кайра дайындаган.

Оппозициячыл саясатчылар сот реформасы тууралуу талкууларда аппараттын бөлүм башчысы Манасбек Арабаевден тышкары мурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында иштеген Алмаз Маткасымов деген адамды кошо айыптап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG