Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:29

Сотторду тескеген "кураторлорго" доомат


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште соттордун ишине, чыгарган чечимдерине кийлигишкени айтылып жүргөн адамдардын аттары аталды.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров 17-апрелде өкмөт парламентте отчет берип жатканда судьяларды көзөмөлдөгөн атайын кызматтын өкүлү боюнча маселе көтөрдү.

Буга чейин экс-судья Максуда Оморова кызынын судьялык кызматтан алынганы боюнча президенттик аппараттын бөлүм башчысын айыптап чыккан. Бийлик бул билдирүүлөр боюнча азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УККМ) сотторду көзөмөлдөп, көрсөтмө бергенин сынга алды. Тактап айтканда, ал Алмаз Маткасымов аттуу кызматкер тууралуу кеп козгоду:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

- Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында "бир карын майды бир кумалак чиритет" деп айткан. Ошол кумалак - УКМКнын Алмаз Маткасымов аттуу кызматкери. Мен ал Кыргызстандын Конституциясынан, мыйзамдарынан да жогору турат деп айта алам. Анткени сот бийлиги - бийликтин бир бутагы, өз алдынча орган болгонуна карабастан ал бул же тигил чечим чыгаруу боюнча сотторго көрсөтмө берет. Көп учурда анын көрсөтмөлөрү, телефон чалуусу анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу болот. Мага ишенбесеңиз, УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура аркылуу соттор боюнча талдоо, иликтөө жүргүзүп көрсөңүз болот. Алар "ошол баладан ар дайым көрсөтмө келет" деп бир ооздон айтып беришет.

УКМКнын кызматкери Алмаз Маткасымов менен президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевдин аты мындан он күндөй мурун мурдагы судья Максуда Оморованын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө аталган.

Максуда Оморова.
Максуда Оморова.

Оморова кызы Гүлчехранын судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди ачык айыптап чыккан, "сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет" деп күнөөлөгөн. Кызы жогору жактан келген көрсөтмөнү аткарбай, Нарын облусунун мурдагы прокурору Жаныбек Салиевдин доо арызын канааттандырган чечимине байланыштуу кызматынын мурда бошоп калганын билдирген:

"Кызым өкүмдү жарыялаары менен мага УКМКнын кызматкери Алмаз чалып: "Максуда Мадиевна, кызыңыздын бул кылганы эмне? Ал "Ак үйдүн" көрсөтмөсүн аткарбай, Салянованын курсташын, досун кайра кызматка койду! Жолдубаева менен Манас сиздин кызыңыздын өз эрки менен кызматтан кетишин талап кылып жатат", - деди. Мен дендароо болуп эле кызыма чалсам: "Апа, мен мыйзамдуу чечим чыгардым, чындык мен тарапта", - деди. Мен: "Алар сенин өз эркиң менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышыңды талап кылып жатышат", - десем: "Билем, мага да биздин төрага "Манас экөөбүздүн бирөөбүз кызматтан өз эркибиз менен кетишибизди талап кылып жатат", - деди. УКМКнын кызматкери Алмаз бир аздан кийин кайра чалып: "Эже, кайгырбаңыз, мен аны менен сүйлөшкөнгө аракет кылайын", - деди. Бирок ал бир аздан соң чалып, эч нерсе болбой калганын айтты. Мен ошол замат Манас Матаевичке чалып: "Сот системасындагы кадр маселелерин укуктук бөлүм менен башкы прокурор чечкени кандай?" деп айттым".

Бул эки адам тууралуу 2016-жылы ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, ушул тушта камакта жаткан Канат Исаев да билдирүү жасаган. Алардын көрсөтмөсүн аткаруудан баш тарткан судьялар кызматтан алынаарын айтып чыккан.

- Эгер чечимди АКСтин (УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы - ред.) кызматкери Алмаз деген жигит жана президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Матаевич кабыл алып жатса, эмне, Кыргызстан 1937-жылдагы абалга келдиби? Ошол учурда НКВДнын "үчилтиги" эле адамдардын тагдырын чечип койчу. Бүгүн да ушундай коркунуч пайда болду. Кокус, булардын буйругун кайсы бир сот аткарбай койсо - ал сөзсүз жумуштан айдалат. Болбой эле калды дегенде алыскы районго бир жылга "сүргүнгө" кетет. Ар кандай себептер менен он бештей сот кызматынан четтетилди. Ушундай абалдан кийин "көз каранды эмес сот бийлигин орнотобуз" деген максатыбыз жөн гана куру сөз болуп калды. Эч кандай күнөөсү жок, күнөөсү далилденбеген адамдар 10-15 жылга кесилип кетип жатат. "АКС айтып жатат, Манас чалып жатат" деген көрүнүштөр пайда болду. Адамдын да убал-сообу бар!

Президенттин аппараты жана УКМК аты аталган адамдарга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартып келет.

Алмаз Маткасымовду илгертен бери эле айтып жүрүшөт. Ал сот системасынын куратору да. Ушул кураторлук деген нерсени токтотуш керек болуп жатат.
Клара Сооронкулова

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Максуда Оморованын айткандары текшерилип, кылмыш иши козголушу керек деп эсептейт:

- Буга чейин деле активисттер, адвокаттар ошол адамдар "бул жараянда отурат. "Эмнеге отурат?" деп сураганда чыгып кетти" деп жазып, алардын сүрөттөрүн деле салып жатышпады беле. Негизи муну далилдеш оңой эле. Мисалы, "Биринчи май райондук сотунда такай эле отурат, судьялардын кабинетине кирет, өзүн кенен, эркин эле сезет" дейт. Алмаз Маткасымовду илгертен бери эле айтып жүрүшөт. Ага чейин балким башкасы болгондур. УКМКда ар бир тармактын куратору бар. Ал сот системасынын куратору да. Ушул кураторлук деген нерсени токтотуш керек болуп жатат. Эми булар албетте, "кураторубуз да" деп ачык айтпайт. Анткени булардыкы сыр да. Негизи реакция сөзсүз болушу керек эле. Оморова жөн эле сүйлөй бербестен, ошондой факты болгондон кийин тийиштүү органдарга арыз жазышы керек эле.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмонов да басым-кысымга кабылган судьялар үн катпай отурганын сынга алды.

- "Ушундайлар бар экен" деп айтып-айтып эле калып жатышат. Президенттин аппараты үн катпайт, анткени ал ошол жерде иштейт. Аппарат "ооба, биздин ушундай кызматкерибиз соттордун ишине кийлигишет" деп айтмак беле? Ал адам өзү мойнуна албайт. Муну мыйзамда каралган тартипте ошол соттор арызын жазып, анын негизинде кылмыш ишин козгоп, дагы кайсы иштерге кийлигишкенин аныкташ керек. Соттордун ишине кийлигишкени үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар. Ынанымдуу фактылар болмоюнча прокуратура иш козгошу да кыйын. Алар саясий буюртма болгон иштердин баарын көзөмөлдөп отурушса керек. Эгер ушундай болуп жаткан болсо буга соттор өздөрү да күнөөлүү. Ал эмне үчүн ошого жол берет? "Ак үйдөнбү", "Көк үйдөнбү", эч ким көрсөтмө бергенге, кийлигишкенге акысы жок.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев президент Сооронбай Жээнбеков сотторго байланыштуу жагдайдын баарына көз жаздымга калтырбайт деп ишенет.

- Азыр эми УКМКнын төрагасы дайындала элек болуп жатпайбы. Маселе ошондо. Менимче, бул факт боюнча сөзсүз президенттин аппаратынын, УКМКнын жообу, иш-чарасы болот. Алар азыр өкмөт менен алек болуп жатышабы дейм. Өкмөттү бир жаңсыл кылгандан кийин бул маселеге сөзсүз кайрылышат. Себеби мендеги ишенимдүү маалымат боюнча, азыр андай чоң резонанстуу иштер эле эмес, айылдардан келген каттар да топ-топ кылып иргелип, ошонун баары президентке жетип жатат. Бул жагынан да кандайдыр жакшы жышаан бар деп ойлойм. Ошон үчүн буга байланыштуу сөзсүз реакция болот, жөн калтырбайт. Маселе убакытта гана.

Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында күч, көзөмөл органдарындагы коррупция талкууланган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл системасынын кызматкерлерин "адилеттүүлүктү камсыз кылбай, өздөрүндөгү коррупцияга туруштук бере албай жатышат" деп сындаган. Жээнбеков аларга байланыштуу ар бир доомат-арызды көзөмөлгө алууга убада берген.

"Азаттыктын" архиви: Сот реформасын талап кылган митинг өттү. 5-март, 2018-жыл

Сот реформасын талап кылган митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG