Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Атамбаев журналисттерге доосунан баш тартты


Коллаж
Коллаж

Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тартканын жарыялады.

​“Расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта кийинки жылда болгон жакшы өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартууга мүмкүнчүлүк берүүдө” деп жазылат анын атынан КСДП тараткан билдирүүдө.

- Эксперттердин байкоосунда, өткөн жыл ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана расмий катталган интернет-ресурстардын редакциялары саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин билдирүүлөрүнүн аныктыгын текшерүүгө көбүрөөк көңүл бура башташкан, – деди КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева.

Атамбаев буга чейин кайрылуу жиберген “Медиа полиси” институтуна жана “Интерньюс” уюмуна жооп берип, "журналисттерди сотко берүүнүн башкы себеби - материалдык доо өндүрүү эмес, коомчулукту жалган маалыматтардан коргоо механизми болгон" деп белгилеген. Бирок экс-президент миллиондук дооматтарды коюу менен ММКларды жазалоо практикасынын мындан ары уланышына терс көз карашта экенин билдирген.

Доого жыгылган мурунку "Zanoza.kg", азыркы "Кактус Медиа" сайтынын жетекчиси Дина Маслова Атамбаевдин материалдык доолорунан баш тартканын кубаттады.

- Бул жакшы чечим болду. Биз муну көптөн бери күтүп жатканбыз. Шайлоодон, курултайдан кийин дагы күттүк эле, ошол күн акыры келди. Мен көбүнчө кесиптештерим Нарын Айып, Чолпон Жакупова боюнча тынчсызданып келгем. Азыр кубанычтамын. Бизде эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Биздин жактоочулар, юристтер, медиа коомчулук ар кандай кайрылууларды жөнөткөн. Мындан кийин бул көрүнүштөр кайталанбайт деп ишенем.

Нарын Айып
Нарын Айып

Ал эми журналист Нарын Айып аны колдогон жарандык коом өкүлдөрүнө, журналисттер коомчулугуна ыраазычылыгын билдирди. Нарын Айып доого жыгылган журналисттердин эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеп, соттордун бийликке күн карама болуп жатканына нааразы болду.

- Бизде эч кандай күнөө жок. Эң негизги маселе мындай болуп жатат - соттор териштирип, чыныгы себебин таап, чын эле бирөөнүн намысына тийген-тийбегенин аныктабай эле, күч кимде болсо ошонукун "туура" деп коюп атпайбы. Сотко бергенде да, азыр жокко чыгарып жатканда да ушундай болуп атат.

Мындан мурдараак Жогорку соттун коллегиясы 23-апрелде Масловага байланыштуу соттук ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Андан кийин Жогорку сот Жакуповага карата кенемтени бөлбөй төлөө боюнча райондук жана шаардык соттун чечимдерин жокко чыгарган.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

Саясат талдоочулар экс-президенттин журналисттерге койгон материалдык доолорунан баш тартышын ар кандай баалап жатышат. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев азыркы саясий кырдаалды эске алып, Атамбаев муну менен өзүнө упай топтоого аракет кылып жатат деп эсептейт:

- Жээнбеков доолорунун баарын алып салды. Анын фонунда бул оркоюп көрүнүп калды. Анын үстүнө массалык маалымат каражаттары - "төртүнчү бийлик". Азыркы кырдаалда журналисттер баарын чукуп атат, парламентте тигиндей кырдаал. Ушул учурда упай топтоюн деп таштаган кадамы. Кандай болгон күндө да жакшы кадам болду.

Ал эми мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков "Азаттык" менен болгон маегинде "Атамбаев бул чечимди мезгили жеткен үчүн кабыл алды" деп билдирди.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов мурунку бийликтин тушунда сөз эркиндигине байланышуу кылмыш иши козголгон бардык журналисттердин, жарандык активисттердин иши токтотулушу керек деп эсептейт.

- Мисалы, "Вечерний Бишкектин" артында мурунку бийлик турганы белгилүү. Андан сырткары камалып кете жаздаган Дайыр Орунбековдун үстүндө эки миллион сом турат. Чет жакка чыгууга да укугу жок. Улукбек Бабакуловго да мекенине кайтууга уруксат бериш керек. Ушул сыяктуу иштер токтошу керек.

2017-жылдын 20-апрелинде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева ошол учурда президенттик бийликте турган Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган, Атамбаевди сындаган материал себеп болгон.

Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

"Азаттыктын" архиви: Сын жана доо.

Сөз эркиндиги: сын жана доо
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:49 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG