Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 14:16

RSF: Кыргыз медиасына кысым азаят деп күтөбүз


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйына катышкан журналисттер, Чолпон-Ата, 1-август, 2016-жыл.

Кыргызстан “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун (Reporters Sans Frontières) 2017-жылдагы пресса эркиндигин талдаган соңку баяндамасында тогуз баскычка артка кетти. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча өкүлү Йоханн Бир "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Сиздер соңку баяндамаңыздарда дүйнөдө маалымат каражаттарына каршы кас мамиле күчөгөнүн, жек көрүүчүлүк да мурдагыдан анык байкалып жатканын белгиледиңиздер. Дүйнөдө медиа эркиндиги жаатындагы мындай жагдайга эмне себеп?

Йоханн Бир: Бир жылда дүйнө жүзүндө пресса эркиндиги дагы начарлады. Жалпысынан глобалдык деңгээлде демократиялык стандарттарга туш тараптан чабуул жасалып жатат. Албетте, чабуулдун бир бөлүгү катары медиа эркиндиги да бутага алынууда. Быйыл дүйнөдөгү пресса эркиндигинин абалын көрсөткөн картабызда кара менен белгиленген мамлекеттердин катарына дагы бир өлкө - Ирак кошулду. Кара өңдөгү өлкөлөрдө кырдаал абдан начар дегенди билдирет.

Эгер картаны карасаңыз, кара менен белгиленген аймактар көбөйүп баратканын көрөсүз. Дүйнө өлкөлөрүнүн чейрек бөлүгүндө гана медиа эркиндиги жаатында абал жакшы же жакшыраак десек болот. Калган аймактарда кырдаал начар же өтө оор.

Биз чынында журналисттерге карата жек көрүүчүлүк демократия жакшы орногон өлкөлөргө да жайылып баратканын баса белгиледик. АКШда президент Трамп, Индияда президент Моди, Филиппинде президент Дутерте сыяктуу лидерлер журналисттерди бутага алышууда. Тилекке каршы журналисттерге карата оозеки чабуул менен физикалык зомбулуктун ортосундагы чек ара жок болуп баратат. Көпчүлүк өлкөлөрдө журналисттерге ур-токмокко, зордук-зомбулукка кабылганын көрүп жатабыз. Саясий лидерлер мындай жек көрүүчүлүккө дем берип жатышат.

Түрдүү себептер бар. Биринчиден, дүйнөдөгү чыр-чатактар медиа эркиндигине да шек келтирди. Мындан тышкары демократиялык стандарттар дүйнө өлкөлөрүндө чектөөгө туш болууда. Авторитардык мамлекеттер болсо өздөрүнүн башкаруу ыкмасын жайылтууга аракет кылып жатышат.

Бишкектеги сөз эркиндигин коргоого арналган акция, 18-март 2017-жыл.
Бишкектеги сөз эркиндигин коргоого арналган акция, 18-март 2017-жыл.

“Азаттык”: Евразия аймагына келсек, сиздердин баяндамада пост-советтик аймак дүйнөдөгү пресс эркиндиги начарлаган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турганы белгиленген экен. Быйыл Кыргызстан да региондогу көрсөткүчү эң кескин начарлаган мамлекеттердин катарына кошулуптур. Мисалы, Кыргызстан 89-орундан быйыл 98-орунга түшүптүр. Кыргызстандагы мындай начарлоого негизги кайсы жагдайлар себепчи болду?

Йоханн Бир: Чындыгында быйыл Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн эволюциясы парадокстор менен коштолду. Жеке өзүм мындай жагдайга күбө болом деп ойлогон эмесмин. Биздин “Дүйнөдөгү пресса эркиндиги” индексибизде Кыргызстан тогуз баскычка артка кетсе, Өзбекстан төрт орунга алдыга жылды.

2017-жыл Кыргызстан үчүн абдан оор жыл болду. Албетте, биринчиден, былтыр шайлоо жылы болчу. Саясий күчтөрдүн ортосундагы атаандаштык өтө жогору болду. 2017-жыл журналисттер менен маалымат каражаттарына өтө ири суммадагы доолор коюлганы менен эсте калды. Буга “Заноза” басылмасын мисал келтирсек болот. Бул маалымат каражаты соттун чечими менен өз брендинен да ажырап калды. Көз карандысыз башка медиа каражаттарына ушул сыяктуу чабуулдар жасалды. Мындан тышкары Элнура Алкановага журналисттик иликтөөсүнө байланыштуу иш да ачылды. Былтыр абдан негативдүү тенденциялар байкалды.

Биз быйыл дүйнөнүн башка аймактарында катталган тенденцияларды Кыргызстандан да байкадык. Былтыр президенттин журналисттерге карата сөздөрү абдан агрессивдүү болду. Айрым көз карандысыз маалымат каражаттарына “башамаландыктын булагы” деген сыяктуу мамиле жасалып жатты.

"Заноза" басылмасындагы макалаларга байланыштуу доого жыгылган укук коргоочу Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Маслова.
"Заноза" басылмасындагы макалаларга байланыштуу доого жыгылган укук коргоочу Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Маслова.

“Азаттык”: Кыргызстандагы соңку саясий өзгөрүүлөрдөн кийин, тактап айтсак, жаңы президенттин бийликке келиши менен журналисттерге ыба караган сот чечимдери чыгып жатат. Мисалы, жакында ошол эле Жогорку Сот “Заноза” басылмасынын негиздөөчүлөрүнүн бирине карата ишти кайра тергөөгө жөнөткөнү белгилүү болду. Бул өңдүү жагдайларды жакшыруунун белгиси деп атоого болобу?

Йоханн Бир: Жогорку Соттун соңку чечимдери сөзсүз түрдө үмүт жаратат. Кыргызстанда саясий бийлик алмашуу процесси жыйынтыкталып, саясий кырдаал жумшарып калды деп үмүттөнүп турабыз. Кыргызстан мурдагы демократиялык мамлекеттердин катарындагы ордуна кайтып барат жана көз карандысыз медиага кысым азаят деп ишенебиз.

Бирок дале көп иш жасалышы керек. Соңку позитивдүү чечимдер лидерлер алмашып, мурдагы жана жаңы президенттер кайсы бир мааниде “ажырашып” жаткан учурда кабыл алынды. Бул жагдайдын өзү сот системасына көлөкө түшүрүшү мүмкүн. Былтыр журналисттерге байланыштуу бардык арыздарды канааттандырып берген ошол эле Жогорку Сот кайра ал чечимдерди жокко чыгарып жатат.

Азыр эми президент алмашты. Кыргызстандагы сот бийлигинин көз карандысыздыгы камсыз кылынат деп ишенип туралы. Соңку оң жылыштар дагы башка позитивдүү өнүгүүлөр менен коштолот деп үмүттөнөлү. Азыр жаңы президент Жээнбековдун мөөнөтү жаңы гана башталган учур. Ал өз мандатын пресса эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу эркиндиктерди камсыз кылуу үчүн колдонот деп күтөбүз.

Кыргызстанда жарандык коом фундаменталдуу эркиндиктерди коргоодо маанилүү ролду ойноп, кырдаалга абдан дыкат байкоо салып келген. Кийинки жылы мындан жакшы көрсөткүчтөргө жетет деп ишенебиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG