Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Жогорку сот Атамбаевдин беделин коргоо боюнча ишти кайра тергөөгө жөнөттү


Дина Маслова.
Дина Маслова.

Жогорку соттун коллегиясы бүгүн, 23-апрелде "Zanoza.kg" сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Дина Масловага байланыштуу соттук ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди.

- Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы бүгүн Дина Маслованын өтүнүчүн карады. Бул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча компенсацияны бөлүп төлөө боюнча өтүнүч болчу. Соттук коллегия ишти карап, өтүнүчтү кайра кароого жөнөттү. Эми биринчи инстанция катары Бишкектин Октябрь райондук соту ишти кайра карайт, - деди Соурбаева.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Атамбаевдин беделине кенемте иретинде чегерилген айыппулду бөлүп төлөөгө тыюу салган чечим чыгарган.

2017-жылдын 20-апрелинде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган Атамбаевди сындаган материал себеп болгон.

Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Мындан мурдараак Жогорку сот укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата кенемтени бөлбөй төлөө боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарган. (UEz)

XS
SM
MD
LG