Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:50

Сөз эркиндиги: сындан качкан бийлик


Иллюстрация

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму баяндамасында Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2017-жылга салыштырганда тогуз тепкичке төмөндөп, 98-орунга түшкөн.

Бийлик маалымат каражаттарын курал катары пайдаланып жатабы? Жакпагандарды сот аркылуу ооздуктоо аракети качан токтойт? Дегеле басма сөз эркиндигин калыптандыруунун өбөлгөсү эмнеде?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, “Заноза” маалымат агенттигинин журналисти Нарын Айып жана медиа-эксперт Абдымомун Мамараимов катышты.

“Азаттык”: Абдымомун мырза, Борбор Азиядагы “демократия аралчасы” аталып келаткан Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча бул жолу тогуз позицияга артка чегинүү жасаганынын негизги себептери эмнеде болду? Аталган уюм кайсы бир факты же тенденцияларды көрсөтсө керек.

Абдымомун Мамараимов: Тилекке каршы, акыркы жылдары Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин бузулушу көнүмүш адатка айланып баратат.

Демократиялык принциптердин начарлашы “демократия аралчасы” деп аталган Аскар Акаевдин бийлик жүргүзгөн заманында эле башталган.

Акыркы жылдары журналисттерге кысым көрсөтүү тенденциясы күчөп кетти. Мурда болбогон миллиондогон сомдор менен журналисттерге айып салына баштады. Эл аралык уюмдардын көңүлүн бурган жагдай ушул болду окшойт. Мындан сырткары парламент депутаттарынан сөз эркиндиги мейкиндигин кыскартуу же чектөө боюнча демилгелер чыгып калууда, ал дагы өз таасирин тийгизди десек болот.

“Азаттык”: Дастан мырза, өзүңүз демилгелеген Интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартуу, айып салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алдыңыз, ага эмне түрткү болду?

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Дастан Бекешев: Мен демилгелеген мыйзам долбоору Интернетке эле тийиштүү эмес. Жалган маалыматты бергенде же намыска тийген маалыматты таркаткан болсо, аны төгүндөөнү кандай жол менен жасайбыз, мен ушуну көтөрдүм. "Бир тарап экинчи тарапты сотко берсе аны кантип чечебиз" деп жатам. Бул сөз эркиндигине тийиштүү эмес.

Эгер бүгүнкүдөй процесс улана берсе, коомубуз эч качан өнүкпөйт, жалган маалымат менен эле жашап калабыз, бири-бирибизди сыйлабай калабыз. Коомдо терс таасирлер үстөмдүк кыла берет.

Өкмөт болсо бул мыйзам долбоорун сунуш кылганга эртерээк деп каршы чыкты. Өкмөт каршы болсо комитеттер да терс пикир берет. Ошондуктан мен мыйзам долбоорун чакыртып алдым. Бирок мен мурдагыдай эле өз позициямда кала берем.

“Азаттык”: Нарын мырза, сиздин жана башка журналисттердин соттук териштирүү иштердин жеңилдеши, өзгөрүп жатышы бийликтин алмашканы менен байланышкан маселеби? Коомдук пикирлердин басымынан ушундай болуп жатабы же сот адилеттүү болуп калдыбы?

Нарын Айып
Нарын Айып

Нарын Айып: Соттор адилеттүүлүккө жакын арада жетпейт.

Дастан мырза айтып жаткан мыйзам долбоорунун сөз эркиндигин чектегенге түздөн-түз тиешеси бар.

Бизди жалган маалымат таркатты деп күнөөлөп, соттоп жатышпайбы. Бир-эки мисал, биз, укук коргоочу Чолпон Жакупова былтыр тегерек үстөлдө сүйлөгөн сөзүнө шилтеме жасап, маалымат бергенбиз. Ошондой эле былтыр депутат Өмүрбек Текебаев Кипрге барып келип, ачык маалымат берген. Биз, анын айткандарын болгонун болгондой кылып жазып, жарыялап жатабыз. Эгер маалымат жалган болсо, анда аны айткан Текебаев менен соттошуу керек, биздин кандай тиешебиз бар? Эгер биз маалыматта Текебаевдин айтканы бузулуп берилип калса, анда бизди Текебаев сотко бериши керек болчу, анын бизге доосу жок. Кыскасы, сот боюнча жагдайыбыз баягы эле бойдон.

Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп күнөө койгон сот тарабынан “Заноза” маалымат агенттигине 15 миллион сом, мага 9 миллион, Дина Масловага 3 миллион айып салынган. Чолпон Жакупова, “Ата Мекен” фракциясынын юристтери ж.б. эсептегенде жалпы 40 миллион сом айып моюнубузда илинип турат.

Жаңы бийлик келгени абал өзгөрө баштаганын байкаган жокмун. Бир гана нерсе, мурда жергиликтүү сот коюлган айыптарды бөлүп-бөлүп төлөгөнгө болбойт деп чечим чыгарса, азыр ошол чечимди эле Жогорку сот жокко чыгарды, б.а. бөлүп төлөгөнгө уруксат берди десек болот.

Абдумомун Мамараимов
Абдумомун Мамараимов

Абдымомун Мамараимов: Бир маселени тактап коёлучу. Ооба, журналисттер маалыматты тактап бериши керек. Бирок "кайсы бир адам же саясатчыбы коомдук жайларда өз пикирин ачык айтып жатса, аны журналист бузбай колдонсо ал жоопкерчиликке тартылбайт" деп мыйзамда так жазылган. Соттор тарабынан бул эске алынган жок.

Азыркы президент тарабынан журналисттер Кабай Карабеков, Элнура Алканова жана 24.kg сайтына берилген доо арыздардан баш тартуулар же кыскартуулардын болуп жатканы жакшы көрүнүш, бирок ага кандай жагдайлар таасир берип жатканын ачык айта албайм. Дегеле, жаңы президент ушундай кадамдарды улантышы керек. Эгер кайрадан басма сөзгө кысым улана берсе, аны коом көтөрө албайт.

Дастан Бекешев: Журналисттер мамлекеттик бийликтерди, аны жетектеп тургандарды сындап турушу керек, жаман иштеп жатса коркпой айтууга тийиш. Бийликтин жакшы иштешине түрткү болушу кажет. Бирок журналисттер кайсы бир бийлик адамын “акча жеп жатат, коррупционер” деп жөн эле жаза бербеш керек, жазардын, жарыялоонун алдында экинчи тараптын пикирин да угуп койбойбу.

Журналист объективдүү болбой, маалыматты бир тараптуу берип, тенденциялуу болуп жатпайбы. “Базардагы кемпир ушинтип айтты, жалган болсо кемпирди соттогула” деген туура эмес, экинчи тарапты угуп коюшсун. Мен дагы бир топ журналисттерди сотко бергем, алар убагында кечирип сурашканынан арызымды алып койгом.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сөз эркиндиги: сынды көтөрө албаган бийлик
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:44 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG