Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Активист Темирлан Ормуков үчүн акча жыйналып жатат


Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган көзү азиз акын, активист Темирлан Ормуковдун дары-дармеги үчүн акча топтоло баштады. Жардам берүү боюнча укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова демилге көтөрдү.

Демилгени колдогондордун бири Адил Турдукулов "Азаттыкка" билдиргендей, Ормуков буга чейин инсульт болгон, жүрөгү оорулуу болгондуктан айына дары-дармегине 9 миң сом керек.

- Дарыгерлердин аныктамасы бар,- дейт Турдукулов.

Темирлан Ормуковго жардам берүүнү каалагандар "Элсом" аркылуу 0707620484 номуруна акча которсо болот.

Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин ал “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Учурда ал абактагы оорукчандарга ылайыкташкан камерада отурат.

Темирлан Ормуков мурдагы президентти сындаган ырынан “аймак аралык кастыкты козгоонун белгилери табылды" деп, “жалаа жабуу” боюнча айыпталган. Арызды милицияга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай дооматты четке каккан.

6-апрелде парламент депутаттары Эмил Токтошев менен Каныбек Иманалиев Ормуковдон кабар алып чыгышкан. Активист адвокат алууга мүмкүнчүлүгү жоктугун, күчтүү адвокат жалдоого көмөктөшүүсүн депутаттардан өтүнгөн.

Көзү азиз адамга мындай мамиле активисттердин кескин сынына кабылды. (SE)

XS
SM
MD
LG