Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Активист Ормуковдун акциясы


Темирлан Ормуковдун ичин тилип жибергенден кийинки абалы. 29-март, 2018-жыл
Темирлан Ормуковдун ичин тилип жибергенден кийинки абалы. 29-март, 2018-жыл

Ичин устара менен тилип жиберген көзү азиз активист Темирлан Ормуков Бишкек шаарындагы ооруканалардын бириндеги кардиология бөлүмүнө жаткырылды. Ал Бишкек шаардык милициясынын имаратына барганда ичин устара менен тилип жиберип, муну саясий куугунтукка каршы аракет деп билдирди. 2016-жылы Башкы прокуратура көзү азиз активистке аймак аралык козутууга барды деген кине коюп, быйыл Кылмыш-жаза кодексинин "жалаа жабуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Октябрь райондук соту тергөө иштерине катышпай жатат деген негиз менен активистти бир айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

Активист Темирлан Ормуков Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын алдын ала айтып, бөлүмдө отурган учурда да тынбай журналисттерге маалымат берип турду.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары түшкү саат 13:00дө телефон чалган учурда ал Момуналиев аттуу тергөөчүнүн кабинетинде отурганын, аны убактылуу кармоочу жайга алып кетишерин билдирди.

Бирок андан 10-15 мүнөт өтпөй Ормуков "өзүнө бычак сайып", оор абалда жатканын Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов “Фейсбук” баракчасына жазган. Турдукулов түз эфирде милициянын имаратына "Тез жардам" кызматы келип, дарыгерлер Темирлан Ормуковду алып чыгып кеткенин жарыялады.

Ормуковго биз кайра байланышкан учурда телефондон кыскача маалымат берип, устара менен тилип жибергенин билдирди. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирди.

​Темирлан Ормуков "Тез жардам" автоунаасында баратып, “Фейсбуктагы” баракчасында түз видео эфирде депутат Дастан Бекешевди, прокуратураны, ички иштер министрлигин жана өкмөттү сындап сүйлөп жатты. Видеодо анын кийимдери кан экени көрүнүп турду:

- Мени азыр толтура милиция курчап, коштоп баратат. Каалаганыңарды кылгыла, кааласаңар аттырып салгыла. Мен айтканымдан кайтпайм, кечирим да сурабайм. Мен бир гана жолу президенттик аппаратка барып өтүндүм, Бекешевду тыйып койгулачы, ошол тыйылса эле мен тыйылам дедим. Депутат Дастан Бекешев мага эркиндик берсинчи, менин жайыма койсунчу. Ал менин дүкөнүмдү, үйүмдү тартып алганы жатат, ошолорго тийишпесинчи. Кийин өкмөттүн аппаратына барып өтүндүм, алар угушкан жок. Баары биригип алып, кайра-кайра кыр көрсөтүп, күпүлдөшөт. Бир ай кубала, эки ай кубала, бир-эки күн коркут... Бирок коркутуу токтободу. Аягы жок азапты баштан кечиргенден көрө, бир жолу кыйналганым жакшы. Мен Бекешевдин күнөөсүн далилдемекмин, бирок мага мүмкүнчүлүк беришкен жок.

​Милиция активистти ооруканага алып кеткенден кийин окуя боюнча комментарий берди. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Сапарбек Аманкулов мындай деди:

- Ормуковдун үстүнөн жалган көрсөтмө берүү фактысы менен биз тараптан кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлгөн. Соттук отурумдарга келбей койгону үчүн биз аны тергөөгө чакырганбыз. Ошонун негизинде азыр келип, сүйлөшүп жаткан учурда "ажатканага барып келейин" деп, ошол жерден өзүнүн курсагын устара менен тилип коюптур. "Тез жардам" кызматы аны ооруканага алып кетти.

Аманкулов Темирлан Ормуков жүрөгү ооруп жатат деп айтканы үчүн аны Улуттук кардиология борборуна алып кетишкенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги кийинчерээк Ормуков “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кардиология бөлүмүнө түшкөнүн кабарлады. Дарыгерлер анын курсагындагы жараат коркунучтуу эмес экенин, жүрөгү гана маселе жаратып жатканын билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова буларга токтолду:

- Азыр Темирлан Ормуков реанимацияда жатат. Ал жерде жүрөгүнө байланыштуу дарыланууда. Абалы орточо. Ичиндеги кесилген жери эч кандай коркунуч жаратпайт. Бирок мурда жүрөгүнөн операция болгон экен, ошого бир аз кыйналып калыптыр.

Маалым болгондой, 2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап Интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев бергени айтылган.

Кийин Ормуков кайра Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, милицияга арыз жазган. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ормуковдун жазгандары жалган экени аныкталды" деп кабарланган.

Быйыл февраль айында Ормуковго “жалаа жабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга улай үйүнө байланыштуу да тергөө башталган. Кийин Октябрь райондук соту Ормуковду соттук отурумдарга келбейт деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Майып активист ал үйүндө эле жүргөнүн, сотко чакыруу келбегенин, соттук отурумдар утур-утур жылдырылып жатканын билдирген. Ал ошондой эле козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп атаган.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов бул куугунтуктоолор Ормуковду өз өмүрүнө кол салууга жеткирди деди:

- Бул түздөн түз саясий куугунтук. Анткени аны бир жарым жылдан бери ары-бери сүйрөп, жүдөтүп жиберишти. Анын акыбалын билебиз. Алгач Ормуков боюнча прокуратура президенттик кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Кийин батир чатагы чыгып, депутат Дастан Бекешевдин атынан удаа-удаа арыз түшкөн. Бекешев үй маселесинен сырткары, кадыр-баркыма шек келтирди деп доомат койгон. Аны камакка алуу боюнча соттун чечими мыйзамга туура келбейт, аны ашып кетсе айыппул төлөөгө милдеттендирсе эле жетиштүү болмок. Экинчиден, көзү азиз кишини камакка алуу, аны атайын жайга эмес, жалпы абакка киргизүү да мыйзамсыз чечим болгон. Аны ушундай кылууга ушул куугунтуктоолор жеткирди. Мен Темирлан Ормуковдун абалын туура түшүнөм. Ал мындан да оор абалга түшөрүн билип, ушул кадамга барды. Бирок абдан жаман иш болду.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

Ал эми активист менен соттошуп жаткан депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев Ормуков менен чатагын кыскача түшүндүрүп, анын өз өмүрүнө кол салуусуна күнөөлүү эместигин айтты:

- “Көзү азиздер” коомунда үй алгандар боюнча чатак чыгып, ызы-чуу болгон. Анан биз жумушчу топ түзүп, иликтөө иштерин баштаганбыз. Ошол жерде Темирлан Ормуков мурдагы төрага менен келишип үйдү мыйзамсыз алганын аныктап чыккам. Ал өзүнүн бар батирин сатып, ошол жактан үй алган. Мен муну ачыкка чыгаргам. Ошол ишти күч кызматтары иликтеп баштаган. Буга өчөшүп ал мени коррупциялык иштерге айыптап, жети пункт менен жазылган арызды прокуратурага берген. Мен бул иштеримдин баары мыйзамдуу десем да болбой, прокуратура бир жыл текшерген. Эч кандай мыйзам бузуу табылбагандан кийин, жалган маалыматтарды айтканы үчүн Ормуковду сотко бергем. Ошол иш боюнча соттук отурумдарга же өзү келбейт, же адвокатын жөнөтпөйт. Анан сот аны камакка алууга чечим чыгарган. Эми камакка отурбаш үчүн ал ошентип ичин тилип, спектакль уюштуруп жатат. Мен милициядан да сурадым, эч кандай олуттуу деле жараат албаптыр. Ал өз өмүрүнө кол салса, мен эмнеге күнөөлүү болмок элем, өзү күнөөлүү болот да. Анан ал “мени Бекешевдин колу менен Атамбаев камакка алып жатат” деп чыкты. Бул да жалган. Аны коомчулуктун, журналисттердин көңүлүн буруу үчүн эле айтып жатат. Бул эч кандай саясий куугунтук эмес, жеке маселе менен соттошуу. Мага тийишпесе мындай иш болбойт эле. Ал өзү ошентип калп эле атагын чыгаргысы келе берет, аны журналисттер түшүнбөй “баатыр” кылып жатасыңар.

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу Темирлан Ормуков соңку мезгилде экс-президент Алмазбек Атамбаевди, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду жана өкмөт башчы Сапар Исаковду сынга алган пикирлерин, ырларын жарыялап келген. Анда ал Бишкек электр жылуулук борборундагы коррупциялык иштерди, саясатчыларга карата коюлган соттук доолорду жана күч түзүмдөрүндөгү мыйзамсыз аракеттерди айыптаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG