Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:25

Активист Темирлан Ормуков милиция бөлүмүндө ичин тилип жиберди


Темирлан Ормуков.

"Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы Адил Турдукулов активист Темирлан Ормуков Бишкек шаардык милиция башкармалыгында кармалып турган жеринин өзүнүн ичин тилип жибергенин билдирди.

Ормуков өзү да "Азаттыкка" телефондон бул боюнча кыскача маалымат берип, аны куугунтуктоого каршылык билдириш үчүн ичине бычак сайып алганын айтты.

Турдукулов "Фейсбук" баракчасында түз көрсөтүп жаткан видеодо милиция бөлүмүнө "Тез жардам" кызматынын автоунаасы келгени, Ормуковду ооруканага алып кетип жатканы көрүнүп турат. Анын соңку абалы тууралуу так маалымат кабар түшө элек.

Темирлан Ормуков өзү мындан бир аз мурдараак Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө олтурганын, аны бир айга камакка алыш үчүн убактылуу кармоочу жайга алып кетип жатышканын билдирген.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту көзү азиз активист Темирлан Ормуковду бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарганы кабарланган. Соттун чечиминин көчүрмөсүн активист өзүнүн интернеттеги социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялап, издөөгө алынганына таң калып турганын билдирген.

Ормуковго карата “Ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону быйыл февраль айында кабарланган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, милицияга арыз жазган. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ормуков жазгандар жалган экени аныкталган.

Ага чейин Башкы прокуратура Ормуковдун президентти сындап Интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган.

Майып активист ага карата басым болуп жатканын, өзүнүн жана кошуналарынын үйүн Каржы полициясы камакка алып койгонун айткан эле. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG