Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

Сот майып активист ишти атайылап создуктурууда деп эсептейт


Темирлан Ормуков

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту активист Темирлан Ормуковду камакка алуу чечими боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта Ормуков жараянды создуктуруунун бардык аракетин көрүп, сотко келбей жатканы айтылат.

Жалпысынан сегиз жолу сот отуруму өткөнү менен анын бешөөнө өзү, калган үчөөнө адвокаты келбей койгон. Мындан тышкары ага карата үй камагында калуу чечими чыкканына карабай Бишкек шаарынын аймагынан чыгып кеткен учурлар катталган. Ушундан улам 25-августта райондук сот көзү азиз активистти камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаганы айтылды.

Темирлан Ормуков буга чейин “Азаттыкка” ден соолугуна байланыштуу ооруканада жана курортто дарыланууга туура келип жатканын билдирген. Ал ошондой эле ооруканада жатканы тууралуу түшүнүк катты сотко алдын ала маалымдап келгенин билдирген.

Былтыр 25-октябрда Октябрь райондук соту президентти сындап келген көзү азиз активистти камакка алуу чечимин чыгарган.

Ормуковго карата “ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иш козголгону быйыл февраль айында кабарланган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап милицияга арыз жазган. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ормуков жазгандар жалган экени аныкталган.

Ага чейин Башкы прокуратура Ормуковдун президентти сындап интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган.

Майып активист ага карата басым болуп жатканын, өзүнүн жана кошуналарынын үйүн Каржы полициясы камакка алып койгонун айткан эле. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG