Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:08

“Журналисттер бийликке дос болбошу керек”


Кубан Мамбеталиев.

Талдоочу Кубан Мамбеталиев "өз жараны менен соттошкон ажонун иши оңолбойт" деген пикирде.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги дүйнөлүк рейтингде тогуз тепкич артка кетти. Ошол эле учурда өлкө журналисттердин эркиндиги боюнча алдыңкы 100 мамлекеттин катарында. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму мындай рейтингди апрелдин соңунда чыгарган.

Медиа айдыңындагы талдоочу, коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев “Азаттык” менен ушул тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргызстандагы сөз эркиндиги дүйнөлүк рейтингде тогуз тепкич төмөндөшү өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөргө кандай таасир тийгизет?

Мамбеталиев: Бир топ эле шек келтирет. Анткени бизди артка жылдырып атпайбы. "Демократиянын аралчасы" деген түшүнүктөн алыстатууда. Сөз эркиндигине байланыштуу мындай кадам менен антидемократияга багыт алып калдык. Журналисттердин божомол түрүндө жазган макалаларын "ушак" деп атышат. Божомол менен ушактын айырмасы чоң. Бийлик сотко берген Нарын Айып, Дина Маслова, Кабай Карабеков - эл аралык стандарттарды карманган, журналистиканын талаптарын жакшы билген тажрыйбалуу адистер. Сот ишине кабылган укук коргоочу Чолпон Жакупова күчтүү юрист катары таанылган. “Алардын сөздөрү андай экен, мындай экен” деп сот чечим чыгарды. Соттор ошону кылбашы керек эле. Эми ал чечими үчүн жооп беришет.

Тогуз тепкичке түшүп кеткенибиз туура. Кайра көтөрүлөбүз. Азыркы президент мунун баарын оңунан чечкенге аракет кылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартты. Бул жакшы кадам. Берки иштер да акырын кайра карала баштады. Бара-бара Азимжан Аскаровго да жетет. Анткени, айыптын базасы жок эле өмүр бою камап салбадыбы, аны.

Кыргызстанда сөз эркиндигин сактоого чакырган жүрүш. 18-март, 2017-жыл.
Кыргызстанда сөз эркиндигин сактоого чакырган жүрүш. 18-март, 2017-жыл.

“Азаттык”: Ошол эле учурда “президент Сооронбай Жээнбековдун таштаган кадамына сүйүнүүгө азырынча эрте” деген пикирлер да бар.

Мамбеталиев: Сотко кабылган журналисттер менен жакындашы, доодон баш тартканы жакшы көрүнүш. Президенттин бул аракети эртең эле Нарын Айыпты, Кабай Карабековду же Дина Маслованы кошоматчы кылып салбайт. Мурда кандай журналист болсо, ошол багытта иштей беришет.

Бир нерсени белгилейин: журналист менен бийлик башчысы эч качан дос болбошу керек. Экөөнүн тең иши мамлекет үчүн. Журналисттер – демократиянын кароол дөбөттөрү. Бирок "короочу күчүк" деген да бар. Журналист эч качан бийликтин короочу күчүгүнө айланбашы керек. Экөөнүн айырмасы чоң.

“Азаттык”: Сиз журналисттердин, маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыз-даттанууларды караган комиссияда мүчөсүз. Комиссиянын иши кандай болуп жатат?

Мамбеталиев: Бул комиссия апрель төңкөрүшүнөн бери иштеп келатат. Журналисттерден жана бейөкмөт уюмдардан чогулган 13 мүчөсү бар. Маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей чечип келатышат. Быйыл майдын этегинде кыргызстандык журналисттердин республикалык конференциясы өтөт. Ошондо ишибиз боюнча отчет беребиз. Мен медиадагы сын боюнча баяндама жасайм.

“Азаттык”: Комиссияга көбүнчө кимдер кайрылат?

Мамбеталиев: Көпчүлүгүн бийликтеги кишилер - депутаттар түзөт. Милициянын генералдары, мектеп директорлору, эл артисттери арыз жазган учурлар бар. Ушундай комиссия бар экенин билген кишилер кайрылышат. Биздин комиссиянын жардамы менен соттошконго жетпей, өз ара чечип жатышат.

“Азаттык”: Алар кандай макала-баяндарга нааразы болушат?

Мамбеталиев: Сынчыл маанидеги макалаларга таарынып калышат. Сүрөттөргө, коллаждарга нааразы болушат. Көбүнчө коллаждарга байланыштуу даттанышат. “Мен депутат болсом, мындай сүрөт менен чыгарып салды” дешет. Биз аларга “сиз коомдук адамсыз, мындай макала-сүрөттөргө чыдашыңыз керек, анткени элдин көзүндөсүз” деп түшүндүрөбүз. Коллаж, шарж дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келатканын айтабыз. Бир генерал кайрылган, “мени күчүккө окшотуп койду” деп. Ага да түшүндүргөнбүз. Кезинде бир француз гезити Владимир Путиндин өтө чектен ашкан коллажын жарыялаганын айтканбыз. Бул үчүн соттошуу туура эмес. Деги бийликтегилер сотко кайрылуу деген нерсени унутушу керек. Ошондуктан азыркы ажонун аракетин жактырып жатам. Сотко кайрылган мамлекет башчынын иши эч качан оңолбойт. Анткени ал өзү башкарган өлкөнүн жаранына каршы сотко кайрылып жатпайбы. Мындай кадам президенттин деңгээлиндеги иш эмес.

Күркөдө сатылган гезиттер.
Күркөдө сатылган гезиттер.

“Азаттык”: Кыргызстандык журналисттердин 23 беренеден турган Этикалык кодекси бар эмеспи, ал сакталып жатабы?

Мамбеталиев: Бул Этикалык кодекстин юридикалык күчү жок. Ал сунуштама иретинде кабыл алынган. “Кодекстеги талаптарды аткарышың керек” деп медиа уюмдарга милдет койгон эреже жок. Анын үстүнө айрым басылмалар өздөрүнүн кесиптик эрежелерин, этикалык кодекс сыяктуу нормаларын кабыл алышкан. Мамлекеттик же өкмөттүк эмес гезиттердин этикасы ар кандай. Айрым гезиттер деги эле этика деген түшүнүктөн алыс. Муну менен жалпы этикалык кодексти жокко чыгаргым келбейт. Балким, журналисттердин калың катмарына таасир берип, айрым эреже бузган аракеттерден тыйып келаткандыр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG