Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Медиа серепчилер журналисттерди этиканы сактоого чакырышууда


Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы Кыргызстандагы журналисттер соңку учурда кесиптик этиканы сактабай жатканына тынчсызданууда. Айрыкча балдар темасында калпыстыктар көп кетип жатканы тууралуу аталган комиссиядан маалымдашты. Серепчилер буга картондо уктап жаткан баланын сүрөтүн, зордукталган жеткинчектердин аты-жөнүн ачык жарыялаган учурларды мисал келтиришти.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтуусунда, автокырсыктардагы адамдын үшүн алган сүрөттөр, канжалаган көрүнүштөрдү сайттарга чыгарып, телебаяндарда көрсөтүү туура эмес. Сайт окурмандарын же көрөрмандарын көбөйтүү максатында этикалык нормаларды четке сүрүү кесипкөйлүккө да, адамгерчиликке жатпай турганын белгилешкен адистер бул жаатта журналисттерге кайрылуу жолдоого камынышууда.

Кыргыз журналисттеринин этикалык кодексине ылайык, канга боёлгон кишилердин сүрөтү сыяктуу адамга терс маанай берген көрүнүштөрдү жайылтуу кесиптик нормага дал келбейт. Андай учурларды сөз менен жеткирүү керек.

Журналисттердин этикалык кодекси 2007-жылды кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Ал 23 беренеден турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясы кодекс кабыл алынгандан бери иштейт. Комиссия курамында журналисттерден жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүнөн турган 13 киши ыктярдуу түрдө иштешет. Төрагасы – юрист Шамарал Майчиев. (SE)

XS
SM
MD
LG