Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Сөз эркиндиги: Кыргызстан артка кетти


Казакстандык журналисттер.
Казакстандык журналисттер.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун басма сөз эркиндигин талдаган жаңы баяндамасында Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан гана алдыңкы 100 мамлекеттин катарына кошула алган. Ошентсе да Кыргызстан былтыркыдан тогуз баскыч артка кетип, Өзбекстан позициясын төрт баскычка жакшырткан. Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде абал кандай?

Өткөн жылы Казакстан басма сөз эркиндиги боюнча индексте артка кеткен. Ал азыр 180 мамлекеттин ичинен 158-орунда турат. Баяндаманын авторлору белгилегендей, Казакстанда журналисттер камакка алынган учурлар арбын, Интернетте адамдардын жазгандарын аңдуу күчөп, маалыматтык сайттарга, социалдык түйүндөргө жана мессенжерлерге кирүү чектелген. Казакстандык медиа укук коргоочу Тамара Калиева былтыр маалымат каражаттарын куугунтуктоого, чектөөгө байланышкан ондогон иштерди атады:

Тамара Калеева.
Тамара Калеева.

- Эң көрүнүктүү окуялар деп оппозициялык маанайдагы эки маалымат каражатынын бири саналган "Трибуна-Саясий каламдын" жок кылынышын, эң окумдуу "Ratel.kz" интернет-порталынын жабылышын, ойлоп чыгарылган иш менен Журналисттер союзунун төрагасынын эркинен ажыратылышын, "Казтаг" маалымат агенттигинин башкы директорунун соттолушун айтсак болот.

Казакстандагы “Адил сөз” өкмөттүк эмес уюмунун маалыматына караганда, акыркы эки жылда Казакстанда “Жалган жалаа жабуу” беренеси боюнча 93 айыптоочу өкүм чыккан. Розлана Таукина “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Казакстандагы кабарчысы болуп иштейт. Ал блогерлер да куугунтукка кабылып жатканын белгилеп, өлкөдө сынчыл басма сөз дээрлик калбаганына токтолду.

Розлана Таукина.
Розлана Таукина.

- Кандайдыр мунаса таап, эптеп сүйрөлүп келе жаткан бирин-экин басылмаларды эске албаганда, Казакстанда оппозициялык басма сөз калган жок. Оппозициялык басылмалар жок болгондуктан Казакстанда блогерлерди журналист катары эсептеп, аларды да куугунтуктай башташты.

Ал эми “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баяндамасында 180 мамлекеттин ичинен Түркмөнстан 178-орунда, Өзбекстан 165-сапта, Тажикстан болсо 149- орунда жайгашкан.

Баяндаманын авторлору бир жыл мурдагыга караганда, Өзбекстан позициясын төрт орунга жогорулата алганын белгилешүүдө. Ошол эле кезде тогуз баскыч артка кеткенине карабастан, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң жакшы абал азырынча Кыргызстанда. Кыргызстан 2017-жылы 98-орунга жайгашты. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча өкүлү Йоханн Бир буларды айтты:

2017-жыл Кыргызстан үчүн абдан оор жыл болду.

- Чындыгында быйыл Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн эволюциясы парадокстор менен коштолду. Жеке өзүм мындай жагдайга күбө болом деп ойлогон эмесмин. Биздин “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги” индексибизде Кыргызстан тогуз баскычка артка кетсе, Өзбекстан төрт орунга алдыга жылды. 2017-жыл Кыргызстан үчүн абдан оор жыл болду. Албетте, биринчиден, былтыр шайлоо жылы болчу. Саясий күчтөрдүн ортосундагы атаандаштык өтө курч мүнөздө болду. 2017-жыл журналисттер менен маалымат каражаттарына өтө чоң суммадагы доолор коюлганы менен эсте калды.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баяндамасында камтылган 180 мамлекеттин ичинен басма сөздүн абалы Норвегияда эң жакшы деп табылган, ал эми журналисттер жана басма сөз үчүн эң кооптуу мамлекет - Түндүк Корея.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG