Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Брюсселде Казакстандын тагдыры талкууланды


"Жаңы Казакстан" форумунун катышуучулары.
"Жаңы Казакстан" форумунун катышуучулары.

Казакстандык көз каранды эмес саясат таануучулар, активисттер жана журналисттер Брюсселде “Жаңы Казакстан” аттуу форумга чогулуп, “Назарбаевден кийинки мезгилди” талкуулады.

Бельгиянын борборундагы бул жыйында Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорун жазуу демилгеси да көтөрүлдү. Жыйынга мурдагы премьер-министр, өлкөдөн чыгып кеткен саясатчы Акежан Кажегелдин да катышты. Казакстандык өкүлдөр Брюсселде Европарламенттин депутаттары менен да жолугуп, мамлекеттеги жалпы абалды талкуулашты.

Брюсселдеги форумга Казакстандан 15тей киши келген. Алардын бири, коомдук ишмер Амиржан Косановдун айтымында, Брюсселдеги “Жаңы Казакстан” деп аталган форумда Назарбаевден кийинки мезгил, мураскор маселеси кандай болот деген суроолорго жооп изделген.

- "Жаңы Қазакстан" форумунда элдин болочогу, транзиттик мезгилден кийинки Казакстан, анын саясий бейнеси кандай болот, кандай саясий институттар калктын тагдырын чечет, мураскор проблемасы кандай чечилет, парламенттин орду кандай болот, сөз эркиндиги, кандай геосаясий багытта өнүгөбүз деген сыяктуу он чакты иштер талкууланып жатат. Ушунун баары жаңы Конституцияда жазылышы керек.

"Жаңы Казакстан" форумунун катышуучулары.
"Жаңы Казакстан" форумунун катышуучулары.

Брюсселдеги "Жаңы Казакстан" форумуна 1994-1997-жылдары премьер-министр болгон, кийин эл аралык издөөгө алынып, 10 жылга сыртынан кесилген Акежан Кажегелдин да катышты. Ал өзү Казакстандын жаңы Конституциясынын бир долбоорун жазарын айтып, “Назарбаевден кийинки бийлик” тууралуу саясий жараяндарга катышуу маселесин козгоду. Акежан Кажегелдин бир адам эки ирет гана президент боло алышы керек деп эсептейт:

- Биздин чогулганыбыздын себеби – элдеги жагдай. Акыркы мезгилдеги кыймылдардын баары – бийликти башка бирөөгө өткөрүп берүүгө аракет жүрүп жаткан сыяктуу. Карапайым калк, интеллигенция, саясатчылар байкоо салып турат. Биз аракет кылыш үчүн баш кошуп отурабыз. Биз да ага катышалы. Биз да ага даярданалы деген үмүт. Мен өзүм Конституциянын бир долбоорун даярдоо милдетин алып жатам.

Акежан Кажегелдин.
Акежан Кажегелдин.

Казакстандык саясатчылар жана активисттердин Борюсселде чогулуп, саясий абалды талкуулаганы өлкөнүн ичинде ар кандай сөз болууда. Парламент депутаттары муну майнапсыз жыйын деп атап жатышат.

“Нур-Отан” партиясынын депутаты Нуртай Сабилянов бийликке сын айткан саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин Брюсселдеги жыйынына мындайча баасын берди:

- Эгерде айта турган ойлору, бере турган сунуштары болсо, ушул жерге келип, коомдук уюмдарын түзүп, саясатка аралашуусуна толук мүмкүндүк бар. Бардык нерсе ушул жерде жасалышы керек. Биздин элдин келечегине бушайман болгон адамдар ушул жерде жашап, эл менен бирге болушу керек.

Назарбаевден кийинки мезгилди талкуулаган "Жаңы Қазакстан" форуму 10-апрелде аяктайт. Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жылдан бери башкарып келе жатат. Ал быйыл 78 жашка чыгат.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG