Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 03:14

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өттү. БШК ага жалпы шайлоочулардын 8 пайызы гана келбей калганын билдирди. Ал эми көз карандысыз байкоочулар добушканаларга эл аз келгенин айтышууда. Бул парламентке түркмөн президентинин уулу өтүшү, ал тургай спикер болуп калышы ыктымал деп жатышат.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-марттагы добуш берүү жыйынтыкталганын жарыялады. Расмий эсепке караганда, түркмөн парламенти – Межлис депутаттарын тандоого 91,69% шайлоочу катышкан.

Бул башка өлкөлөрдөгүдөн кыйла көп. Маселен, 2015-жылкы парламенттик шайлоого Кыргызстанда 60%, 2016-жылы Орусияда 48%, Казакстанда 77% шайлоочу келген.

Бирок көз карандысыз байкоочулар расмий сандарга ишенбей турат. Алардын бири Ашхабадда жашаган жарандык активист Наталья Шабунц мындай деди:

- Демейде мен шайлоого барбайм. Анткени мындай цирк оюндарына катышпайм. Бирок бул ирет кызыгып барып, жаңы нерсе көрбөдүм. Анткени эл келген жок. Көбү шайлоо өтүп жатканын билбейт. Азыр эле концерттен келе жатканыбызда саат 17ге карай шайлоого элдин 86% катышты деп жарыялаганда жаныбыздагылар күлүштү. Бул туура эмес. Балким кайсы бир жерлерде шайлоочуларды атайын дайындашкандыр, өзгөчө президенттин уулу талапкерлигин койгон Ахал вилаетинде. Ал жерге күргүштөтүп алып барышса керек. Биздин Тынчтык кичирайонунда жупуну эле болду. Мамлекеттик мекемелерде иштебегендердин басымдуусу бүгүн шайлоо экенин угушкан деле жок. Укпагандан кийин барышпайт да. Межлиске шайлоого адамдардын аз катышуусу салтка айланды. Анткени шайлоодон эчтемке өзгөрбөйт.

Ашхабаддагы шайлоо участогу
Ашхабаддагы шайлоо участогу

​Аксакал журналист, жазуучу Аманмурад Бугаев бийликке сын айткан Түркмөнстандагы саналуу адамдардын бири. Ал мамлекеттик жергиликтүү прессага чыкпаган маалыматтарды “Азаттыктын” түркмөн кызматы менен бөлүшүп турат.

Биз ага 25-мартта түнгө жуук телефон чалдык. Таңкы жетиден тарта Ашхабаддагы шайлоо тилкелерин кыдырып байкоо салганын, шайлоого катышуу солгун болгонун белгиледи:

- Төрт-беш тилкеде болдум. Эл абдан сейрек келди. Ар бир он-он беш мүнөттө бир киши келди десек да болот. Бул бир. Экинчиден, КМШ мамлекеттерин, Эл аралык башка уюмдарды жана жергиликтүүлөрдү кошкондо төрт миңден ашуун байкоочу бар дешкен. Мен болгон үч мектеп, эки жогорку окуу жайындагы тилкеде аларды көрбөдүм. Бир гана киши отурат, “жергиликтүү байкоочу” деп алдында жазылып туруптур.

Мыйзам чыгаруучу эң жогорку орган Межлисте 125 орун бар. Ага үч партия – Демократиялык, Агрардык жана Ишкерлер менен өндүрүшчүлөрдүн партиялары катышты. Алардан жалпы 168 талапкер чыкса, жарандар тобу 116 талапкерди сунуштаган. Жаңы парламентке кандай үмүт артып турасыз деп Аманмурад Бугаевден сурадым.

- Мен алардан эч нерсе күтпөйм. Жердештеримдин ою деле ушундай. Парламентте кабыл алынган мыйзамдар турмушта иштебейт. Ошон үчүн мен аларды декларация деп айтам. Бир жолу окуп, мыйзамды кабыл алдык деп жарыялап коюшат. Чындап мыйзам негизинде иш болбойт. Болгону бирөө гана ишке жарап атат – административдик кодекс. Анткени аны менен элди жазалап, айып пул салса болот, – деди аксакал жазуучу.

Сердар Бердымухамедов атасынын ордуна казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан учуру. 15-март, 2018-жыл
Сердар Бердымухамедов атасынын ордуна казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан учуру. 15-март, 2018-жыл

Бул шайлоодо Түркмөнстандын президентинин уулу Сердар Бердымухамедов да талапкерлигин койгон.

Бул кабардан кийин 36 жаштагы Сердар парламентке сөзсүз өтөрү, ал тургай катардагы депутат болбой турганы да сөз боло баштаган. Австрияда жашаган оппозициячыл түркмөн саясатчысы Нурмухаммед Ханамов “Ал Межлистин төрагасы болгону калды. Түркмөнстандын Конституциясы боюнча өлкөдөгү экинчи адамга айланат” деген эле “Азаттыкка”.

Конституцияга ылайык, президент кызматын аткара албай калса ордун спикер басышы керек.

Жогорудагы үч партия бийликке каш кайтарып, альтернативалуу турумду карманбасын буга чейин көз карандысыз журналисттер же бозгундагы оппозициячыл саясатчылар далай жолу айткан. Ошондуктан алар президенттин уулу бийлик тепкичтеринен эч буйдалбастан эле көтөрүлөрүнө ынанып турушат.

25-мартта удаа эле жылына кеминде бир ирет чогулуп туруучу – Халк маслахатына, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өттү.

Азырынча байкоочулар ал процесстерге өз баасын бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG