Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

"Аркадаг" мураскорун таптай баштады


Түрмөн межлисинин депутаты, президенттин уулу Сердар Бердымухаммедов.
Түрмөн межлисинин депутаты, президенттин уулу Сердар Бердымухаммедов.

Түркмөнстанда 25-марттагы парламенттик шайлоодо президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу Сердар кайра депутат болуп шайланганы турат. Шайлоодон кийин ал өлкөдөгү экинчи саясий кызматка көтөрүлөбү?

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири саналган Түркмөнстанда парламент президенттин чечимдерине мөөр басып берген гана органга айланганын талдоочулар бир ооздон белгилешет.

Ошентсе да президент Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн соңку жыйындарынын биринде жекшембидеги парламенттик шайлоо демократиялык принциптердин негизинде ачык-айкын өтөрүнө ишенерин айтты.

Окшош шайлоолор

Парламенттеги 125 депутаттык орун үчүн ар кыл шайлоо округдарынан 284 талапкер ат салышууда. Алардын басымдуу бөлүгү үч саясий партиядан - Түркмөнстандын демократиялык партиясы, Ишкерлер менен өндүрүшчүлөр партиясы жана Агрардык партиядан көрсөтүлгөндөр.

Партиялардын аты башка болгону менен талапкерлердин максаты бир экенин, андыктан беш жыл мурдагы шайлоо менен бул жолкусунун айырмасы жоктугун Европада жашаган түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллин "Азаттыкка" курган маегинде айтты:

​- Мурдагы шайлоолордо деле көп партиялар катышты деп жарыялашкан. Бул жолу деле үч партиянын талапкерлери катышып жатат. Бирок алардын баары азыркы бийликтин идеологиясын жакташат. Андыктан альтернативдүү шайлоо деп атаганга болбойт.

Айрым жарандар "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиришкендей, мурда боло келгендей эле бул жолу да талапкерлердин арасында элге белгисиз адамдар аз эмес. Бирок алардын ичинен бир талапкерди - президенттин уулун өлкөдө тааныбагандар жок.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов
Президент Гурбангулы Бердымухамедов

Президенттин уулу спикерликти мелжеп турабы?

36 жаштагы Сердар Бердымухамедов 2016-жылы 20-ноябрда Ахал облусундагы Душак районунда өткөн кезексиз шайлоодон кийин депутат болгон эле. Ага чейин Тышкы иштер жана Айыл чарба министрликтеринде бир катар жогорку кызматтарда иштеген. Сердардын кайрадан депутат болуп шайланарынан күмөн санагандар жокко эсе.

Бирок парламенттик шайлоодон кийин анын саясий макамы көтөрүлөт деп айткандардын катары калыңдады. Алардын бири Австрияда жашаган оппозициячыл түркмөн саясатчысы, Түркмөнстандын республикалык партиясынын башчысы Нурмухаммед Ханамов:

- Ал Межлистин төрагасы болгону калды. Түркмөнстандын Конституциясы боюнча өлкөдөгү экинчи адамга айланат. Биринчиси президент, экинчиси парламенттин спикери. Баары ушуга баратат. Баш мыйзам боюнча президент кайсы бир себептерден улам иштен кетсе, анда жаңы шайлоого чейин спикер же анын уулу президенттин милдетин аткара баштайт.

Спикер демекчи, президенттин уулу Сердар Бердымухамедов түркмөн парламентинин төрайымы Акжа Нурбердиева жетектеген делегациянын курамында 15-мартта Астанадагы саммитке келген эле. Бирок казак лидери Нурсултан Назарбаев өз ара кездешүүлөрүндө түркмөн делегациясынын башчысы менен эмес, түркмөн президентинин уулу менен жолуккан.

Казак лидери Нурсултан Назарбаев жана Сердар Бердымухамедов (солдо).
Казак лидери Нурсултан Назарбаев жана Сердар Бердымухамедов (солдо).

Мураскерликке даярдык

"2007-жылдан бери спикер болуп келген Нурбердиева быйыл 61 жашка толууда. Ал төрт жыл мурда эле Түркмөнстандагы пенсия курагына жеткен. Эгер ал кызматтан кетсе, Сердарга парламенттин спикери болууга, натыйжада атасынын конституциялык мураскери болууга жол ачылат", - деп жазды Эркин Европа / Азаттык радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачысы Брюс Панниер.

Түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллин Түркмөнстанда Сердарды мураскерликке даярдоо процесси жүрүп жатат деп эсептейт.

- Түркмөн телеканалдарынын жана башка мамлекеттик маалымат булактарынын билдирүүлөрүн талдай турган болсок, Сердарды биздин өлкөдөгү номур биринчи кызматка даярдап жатышкандай таасир калат. Ушуга эле баратат окшойт. Эки жыл мурда кошумча шайлоодо депутат болуп, парламенттеги мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы болуп калды. Бир катар объекттердин ачылышына катышты. Азия оюндарында да медал тапшыруу милдети ага жүктөлдү. Айтор, Түркмөнстанда кыйла эле чоң пиар жасалып жатат.

Жакында түркмөн президенти уулун “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” чоң атасы Маликгулы Бердымухамедов атындагы медал менен сыйлаган. Ага чейин Сердар Бердымухамедовго "ардактуу машыктыруучу" наамы ыйгарылган.

Өлкө ичинде “Аркадаг” же “Коргоочу” деген титулу бар Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердардан башка жана үч кызы бар. Кыздары тууралуу көп маалымат жок.

61 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. 2016-жылдын сентябрь айында өлкөнүн Конституциясы өзгөрүп, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарган.

Бердымухамедов 2017-жылдын февраль айындагы президенттик шайлоодо добуштардын 97 пайызын алып, жаңы Конституция боюнча жети жылга шайланган.

Сердар Бердымухаммедовдун Татарстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуусу.
Сердар Бердымухаммедовдун Татарстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуусу.

Каатчылык коштогон шайлоо

25-марттагы парламенттик шайлоо Түркмөнстанда азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүп турган учурда өтүп жатат. Адистер өлкөдөгү мындай каатчылыкты энергетика жаатындагы ийгиликсиз келишимдерден улам өкмөттүн кирешесинин азайганы менен түшүндүрүшөт.

2017-жылы президент Бердымухамедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген бекер газ, бекер электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. 1993-жылдан бери ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт/саат электр энергияны, 50 метр куб көгүлтүр отту жана 250 литр сууну акысыз алып келген болчу. Маркум президент Сапармурад Ниязовдун буйругунда мындай жеңилдиктер 2030-жылга чейин уланат деп белгиленген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG