Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:46

Анчески: Мирзиёев негизги оюнчуга айланды


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) жана казак лидери Нурсултан Назарбаев Астанадагы саммитте, 15-март 2018-жыл.

Борбор Азиядагы кызматташтык өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен казак лидери Нурсултан Назарбаевдин жеке мамилеси кандай өнүгөөрүнө көз каранды. Мындай пикирин Шотландиядагы Глазго университетинин Борбор Азия боюнча окумуштуусу, доктор Лука Анчески “Азаттыкка” маегинде билдирди. Ал Астанадагы саммит сыяктуу чөлкөмдөгү соңку дипломатиялык жүрүштөрдө Мирзиёевдин салымы чоң экенин белгиледи.

“Азаттык”: Эгемендик алгандан бери Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери башка лидерлердин катышуусу жок, толук курамда кеминде беш гана жолу кездешкен экен. Астанадагы соңку саммитке түркмөн президентинен башка чөлкөмдөгү төрт президенттин баары келди. Бул саммиттин максатын кандай чечмелейсиз?

Лука Анчески: Үмүт абдан чоң. Бирок түркмөн президенти Бердымухаммедовдун саммитке келбей калганы деле регионалдык кызматташтыкты айланасында маселе бар экенин күбөлөп турат. Ал Астанага эмес, Перс булуңуна барууну чечти. Албетте, Бердымухаммедов өлкө ичиндеги каатчылыкты жоюу үчүн акча издеши керек. Түркмөнстан ансыз деле чөлкөмдөгү интеграциялык аракеттерден өзүн оолак кармаарын айтышыңыз мүмкүн. Андыктан калган төртөө тууралуу сөз кылсак.

Алардын чогулганынын өзү эле региондо кызматташтыкты күчөтүүгө болот деген ишенимди жаратып жатат. Мен баштан бери эле Борбор Азия дүйнөдөгү эң начар интеграция болгон региондордун бири деп айтып келем. Албетте менин жергиликтүү кесиптештерим мындай пикирге кошула беришпейт.

Бирок 25 жыл өтсө да бул өлкөлөр бири-бири менен жакшы мамиле кура албады. Бири-биринин экономикасына деле чоң салым кошушкан жок. Ортодогу байланыш жакшы эмес. Чөлкөмдө биримдик жок экени талашсыз. Астанадагы саммит жаңы баракты ачышы мүмкүн. Биз мындай жаңылоо аракеттерин көп көргөнбүз. Бирок менимче, бардыгы Назарбаев менен Мирзиёевдин ортосундагы жеке мамилеге жараша болот.

Азырынча алардын карым-катышынын жакшы нукта өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк бар. Мен өз изилдөөлөрүмдө Каримов менен Назарбаевдин жеке алакасы Борбор Азиядагы ажырымга кандай таасир эткенине көп көңүл бургам. Алар ар дайым бири-биринен айырмаланып турушчу. Эми эки президент эки тарап тең макул боло тургандай орток пикир таба алабы, аны байкап туруу керек.

"Азаттык": Эми Астанада төрт лидер саммитке чогулуп жатканын өзү деле Назарбаев менен Мирзиёев тил табышканын көрсөтүп турган жокпу?

Лука Анчески: Ооба, ошондой. Бирок мындай жагдайды буга чейин канча жолу көргөнбүз? Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан 1994-жылдын апрель айында эле бирдиктүү экономикалык аймак түзүшү керек эле. Андан бери дээрлик 25 жыл өттү. Эч нерсе өзгөргөн жок. Керек болсо Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин деле Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара маселеси болбошу керек эле. Бирок андай болгон жок. Андыктан убада менен реалдуулуктун айырмасы бар.

Мындан улам чечимдер ишке ашкандан кийин гана мындай саммиттердин жыйынтыгына баа бергим келет. Себеби буга чейин бир нече жолу үмүт жараткан окуялар болгон. Бирок көп жылыш байкалган жок.

“Азаттык”: Мирзиёев демекчи, ал Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдү бир жарым жылга жетпеген убакыт ичинде кыдырып чыгып, ар кыл саясий макулдашууларга жетишти. Ал Астанадагы саммиттин да демилгечилеринин бири. Ошондо Борбор Азиядагы геосаясатты Мирзиёев аныктап жатабы?

Лука Анчески: Сөзсүз түрдө, мында кымындай күмөн жок. Мен Мирзиёевдин ички саясатына кичине ишенбестик менен карап жатам. Себеби толук либералдашуу болуп кетет деп ойлобойм. Керек болсо Өзбекстанда авторитардык бийликти гана жаңыланып жатканын айкам. Бирок региондогу мамилеге келгенде, Борбор Азияга анын абдан позитивдүү таасири тийип жатканын танбашыбыз керек.

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери, Астана, 15-март 2018-жыл.
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери, Астана, 15-март 2018-жыл.

Бул өзгөрүүлөрдүн көбү чек араны жабуу, соода алакасына тоскоолдук жаратуу сыяктуу Каримовдун доорундагы жергиликтүү элдин турмушун абдан начарлаткан аракеттерди токтотуу менен эле ишке ашып жатат. Муну кылуу менен эле кыска мөөнөттө кызматташтыкты бекемдесе болот. Узак мөөнөттөн алганда Борбор Азияны бай регионго да айлантса болот. Андыктан анын аракети алкышга арзыйт. Мындан улам учурда Мирзиёев чөлкөмдөгү, керек болсо Евразиянын көпчүлүк бөлүгүндөгү негизги, эң маанилүү жана эң чоң оюнчу.

“Азаттык”: Борбор Азия лидерлеринин дээрлик 9 жылдан бери минтип жыйынга чогулбай келгенинин негизги себептери кайсылар? Ошондо маркум өзбек президенти Ислам Каримов негизги тоскоолдук беле?

Лука Анчески: Жок, менимче Каримов менен Назарбаевдин экөө тең негизги тоскоолдук болчу. Каримов 2009-жылдан бери обочодогу өлкөнүн лидерине айланган. Өзбекстан өлкөнүн ичинде жана сыртында эч кандай саясатты алга сүрөбөгөнү белгилүү болуп калган. Мындан улам Мирзиёевдин саясаты мурдагы бийликтен абдан айырмаланып жатканы бышык.

Ал эми Назарбаев 2005-2009-жылдардан кийин Казакстандын жетегиндеги интеграцияны алга сүрөй баштаган. Ар кыл демилгелерди көтөрүп чыккан. Борбор Азияда тышкы саясат президентке гана көз каранды экени белгилүү эмеспи. Андыктан кайрадан эле Өзбекстан менен Казакстандын мамилеси маанилүү.

Кыргыз-казак лидерлери Астанадагы саммитте, 15-март 2018-жыл.
Кыргыз-казак лидерлери Астанадагы саммитте, 15-март 2018-жыл.

“Азаттык”: Ал эми чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын регионалдык кызматташтыктагы ролу кандай?

Лука Анчески: Эки жагдайга көңүл буруу керек. Чакан өлкө болуу ал мамлекеттин салмагына да таасирин тийгизбей койбойт. Бирок Кыргызстандын кайсы бир кызматташтыкта мүчө болушу абдан маанилүү. 1994-жылы Назарбаев Евразиялык биримдик түзүү идеясын айтып чыкканда, аны Кыргызстан анчалык колдогон эмес. Тескерисинче Өзбекстан жактап чыккан. Андыктан Кыргызстандын колдогону чоң өлкөнүн демилгесине дем кошоору анык.

Ошентсе да Кыргызстан регионалдык лидер боло калат деп ойлобойм. Бирок эгер чоң өлкө бир демилге менен чыкса, ага Кыргызстандын кошулганы же кошулбаганы абдан маанилүү.

“Азаттык”: Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн көбү бир тараптан Орусия, экинчи жактан Кытай үстөмдүк кылган регионалдык уюмдардын мүчөсү. Астанадагы саммитти борбор азиялыктардын жакындашуусу деп карай турган болсок, буга Москва менен Бээжиндин мамилеси кандай болот?

Лука Анчески: Алардын мамилеси кандай болоорун так айта албайм. Бирок алар кандай карайт деп деле кабатыр болбойт элем. Кытай менен Орусия региондогу өлкөлөр өз ара карым-катнашында эркиндик керектигин түшүнүшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG