Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Түркмөнстан: аким болом дегендер арыкташ керек


Түркмөн бийлиги мамлекеттик кызматкерлерден көнүгүүлөрдү жасоону талап кылып келет.
Түркмөн бийлиги мамлекеттик кызматкерлерден көнүгүүлөрдү жасоону талап кылып келет.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун январь айындагы кадрдык дайындоолоруна аткаминерлердин салмагы таасир тийгизгенин "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлайт.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүн спорттун ар кыл түрлөрүнө кызыккан адам катары көрсөтүп келет. Бирде ахалтеке атын минип, жарышка түшсө, бирде велосипед тээп баратып, баскетбол тобун ыргытып ойнойт. Анын 70 метр алыстыктан гольф тобун бутага таамай киргизе алганын, стол теннисин ойногонун жана спорт залда машыгуу боюнча "мастер-класс" өтүп жатканын Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалдары да байма-бай көрсөтүп турушат.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бирин башкарган Бердымухамедов спорт көнүгүүлөрүн жасоо жана ден соолукка кам көрүү чакырыктары менен эл аралык коомчулуктун өтө сейрек мактоосуна да ээ болуп келет. Эми Түркмөнстанда ашыкча салмактагы аткаминерлер бутага алынып жатканы белгилүү болду.

8-январда Түркмөнстанда кезектеги кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Анда президент ондогон район акимдери менен алардын орун басарларын кызматтан алып, алардын ордуна жаңыларын дайындаган. Ашыкча салмактагы талапкерлердин жаңы кызматка орношом деген үмүтү таш капканын Балкан облусундагы алгачкы тандоодон өтпөй калган аткаминерлердин жакындары "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиришти.

"Жаңы талапкерлердин арасында менин тууганым да бар болчу. Эң кызыгы башында эле аларды медициналык кароодон өткөрүштү. Ден соолуктун биринчи көрсөткүчү катары талапкердин салмагына көңүл бурушту. Толук адамдарды дароо тизмеден чыгарып салып жатышты",-деди ким экенин ачыкка чыгаруудан кооптонгон түркмөн жараны.

Анын айтымында, өлкө жетекчилиги кызматтагы бардык аткаминерлерге арыктоо тапшырмасы берген. Мындай талап былтыр сентябрь айындагы Азиада оюндары маалында башталган. Сулуулук сынагын эске салган тандоодон татыктуу өтүү үчүн диета кармагандар да болгон экен.

"Ал арыктайын деп жалаң эки ай тоок сорпосун ичип жатты. Бир топ толук болчу. Президенттик стандартка жете алган жок. Тандоонун биринчи турунан өтпөй калды",-деди Балкан облусундагы райондун акими боло албай калган аткаминердин жакын тууганы.

Ал аткаминерлердин арасында "президент Бердымухамедовго ашыкча салмактагы адамдар жакпайт" деген ой кенен жайылганын да кошумчалады:

"Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыктан улам азык-түлүк тартыш болуп жатат. Балким, президент элге тилектеш экенин көрсөткүсү келип жаткандыр. Эл ачка болуп турса, аткаминердин толук болгону туура эмес го".

Каатчылык демекчи, Түркмөнстанда 23-февралдан тарта күйүүчү майдын баасы 50 пайызга же 1 манаттан 1,5 манатка кымбаттай турган болду. "Азаттыктын" түркмөн кызматы байланышкан Ашхабаддын тургундары май куючу жайларда бензинди арзаныраак алып калалы деп кезекке тургандар көбөйгөнүн айтышты.

Былтыр жайында президент Бердымухаммедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген акысыз газ, электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. 1993-жылдан бери ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт/саат электр энергияны, 50 метр куб көгүлтүр отту жана 250 литр сууну акысыз алып келген болчу.

Түркмөн өкмөтүнүн дагы бир чечимине ылайык, былтыр 1-ноябрдан тарта жарандар ичүүчү сууга бир нече эсе көп акча төлөй турган болушкан.

Адистер өлкөдөгү мындай каатчылыкты энергетика жаатындагы ийгиликсиз келишимдерден улам өкмөттүн кирешесинин азайганы жана кулач жайган коррупция менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле өлкө экономикасынын негизин түзгөн газдын дүйнөдөгү баасынын төмөндөшү да мамлекеттик казынаны бөксөрткөнү белгиленип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG