Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Түркмөнстанда тарифтер көтөрүлдү


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов коммуналдык төлөмдөрдү көтөрүү жарлыгына кол койду. Ага ылайык эми 1-ноябрдан тарта суу, электр, газдын жана башка кызматтардын баасы эселеп кымбаттайт.

Бир нече күн мурун Аксакалдар кеңешинин жыйынында президент Бердымухамедов газ, электр кубаты, суу жана тузга жеңилдиктерди бара-бара алып салуу керектигин айткан. "Мамлекет башчы ал субсидиялар өлкө кыйын экономикалык абалга кептелген кезде киргизилген, эми болсо калктын кирешеси өсүп жатат жана жумуш орундар түзүлүүдө" деген.

Түркмөнстан тургундары буга чейин көгүлтүр оттун, электр кубатынын бир бөлүгүн бекер жана субсидияланган баа менен алып келишкен.

Ал эми "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын серепчиси Аманмурат Бугаев өкмөт моюнга алгысы келбегени менен мындай чарага кирешеси азайгандан улам барып жатканын айтууда.

Түркмөнстандагы газ куурлары
Түркмөнстандагы газ куурлары

Газдын кору боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган өлкө кирешесинин негизги бөлүгүн жаратылыш газдын экспорту түзөт. Бирок 2014-жылдан тарта эл аралык базарда мунай жана газ баасы арзандаганынан улам Түркмөнстандын экспорттук кирешеси да төмөндөдү. Буга 2016-жылы Орусия көгүлтүр от сатып алууну токтоткону да салым кошту.

- Орусия жылына 25 миллиард кубметр алабыз дешкен. Бирок кийин азайтып отуруп, 2015-жылы болгону 5 миллиарддай алышкан. 2016-жылдын 1-январынан тарта Орусия Түркмөнстандан бир да кубметр газ импорттогон эмес. Газ сатууну жандантуу маселеси 2019-жылы гана талкууланмакчы.

Бугаевдин айтымында, Ашхабад бийлигинин Тегеран менен өз ара пикир келишпестиктеринен улам Иран да газды алууну токтотуп койгон. Ушу тапта түркмөн газынын эң ири импортеру – Кытай. Алар жылына 30 миллиард кубметр алышат.

Жеңилдиктерди алып салуу демилгеси мындан эки жыл мурда көтөрүлгөн. Былтыр апрелде президент Бердимухаммедов андай льготалар рынок экономикасына өтүүгө тоскоол болуп жатканын айтып, сунушка макул болгон. Быйыл июнда болсо жеңилдиктер социалдык жардамга муктаждар үчүн гана каларын билдирген.

Бугаев буга чейин мамлекет күнүнө турак жайда катталган ар бир кишиге 250 литр сууну бекер берчү деп түшүндүрөт. Ал чектен ашып кеткендер айына 55 тенге төлөп турган. Эми болсо ар бир кубметр сууга 50 тенге төлөөгө туура келет.

- Азыр үйдөгү телефондун абоненттик төлөмү 20 тенге болсо, 1-ноябрдан тарта 1 манат төлөй баштайм. Батирибизди алсак, турак жайдын бир чарчы метрине 12 тенге төлөп келгенбиз, эми болсо 5 эсе көтөрүлүп 60 тенге болот. Автобуста жүрүү акысы былтыртан бери 30 тенге болчу, эми 50 тенге болуп калмакчы.

Орточо маяна өлкөдө 600 манаттын тегерегинде. Серепчи бийлик ачык эч качан айтпаганы менен жумушсуздуктун деңгээли өтө жогору экенин кошумчалайт.

Баса, Аксакалдар кеңешинин сөз болгон жыйынында президентке Түркмөнстан баатыры деген наамды экинчи ирет ыйгаруу сунуш кылынды.

Бердимухаммедов 5,5 миллион калктуу өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келет. Анын авторитардык ыкмалары, адам укуктарынын абалы эл аралык укук коргоо уюмдарынын катуу сынына туш болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG