Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Түркмөнстандын "көмүскө базарында" валюта кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда чет өлкөлүк валютанын көмүскө базардагы баасы кайрадан көтөрүлдү. 23-январда 1 АКШ доллары рекорддук 12 манатка сатылып жатты.

Өлкөдө валюта менен соода кылуу мыйзамсыз болуп эсептелет. 2016-жылдын башында Түркмөнстандын Борбордук банкы чет өлкөлүк валютаны накталай алмаштырууга тыюу салган.

2015-жылдын январында манаттын расмий курсу белгиленип, ошол бойдон өзгөрбөстөн турат. Расмий курс боюнча бир доллар 3 жарым манатка барабар.

XS
SM
MD
LG