Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Азиада оюндарына акча издеген Ашхабад


Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов ушул күндөрү Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги айрым өлкөлөрдү кыдырып жүрөт.

Бир аптанын ичинде Өзбекстан, Тажикстан, Грузия жана Азербайжанда болду.

Расмий маалыматка ылайык, башкы түркмөн дипломаты жолугушууларда "эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап жатат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы ишенимдүү булактарына таянып Мередов президенттин жеке тапшырмасы менен Азиада оюндарына акча сурап жүргөнүн жазды. Байкоочулардын айтымында, Түркмөнстанда каржылык каатчылык болуп көрбөгөндөй абалга жетти.

"Азаттыктын" түркмөн кызматына Азиада оюндарын уюштуруп өткөрүүгө тиешеси бар аткаминер атын ачык атабаган шартта чукул арада кеминде 1,5 миллиард доллар керектигин айтып берди. Түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередовдун соңку сапарларынын коомчулукка жарыяланбаган башкы максаты карызга акча суроо экенин билдирди:

- Президент Гурбангулы Бердымухамедов Мередовго ал өлкөлөрдүн президенттеринен карызга акча суроону тапшырды Анын сапарынын башкы максаты ушул болуп саналат. Азыр Азиада оюндарынын чыгымдарына кошумча 1,5 миллиард доллар керек. Түркмөнстан үчүн бул чоң акча. Президент үчүн Азиада чоң долбоор. Коноктордун баары чакырылган, бирок акча жетишсиз, жагдай оңой эмес. Ошондуктан ал Мередовду жөнөтүп, президенттерден карызга акча суратып жатат.

Бул маалыматты Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен тактоо мүмкүн болгон жок. Рашид Мередов расмий сапар менен болгон өлкөлөр да комментарий бере элек. Маселен Тбилисидеги жолугушуу тууралуу расмий билдирүүдө "грузин тарап V Азиада оюндарын өткөрүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жана достукту бекемдеп, спортту, дени сак жашоону даңазалай турганын белгиледи", деп гана жазылды.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын ишенимдүү маалымат булагы жагдайдын оордугунан президент Гурбангулы Бердымухамедов айрым кесиптештерине акча боюнча өзү да кайрылганын белгиледи:

- Биздин өкмөт Өзбекстан менен Тажикстанда да экономикалык маселелер бар экенин билип эле турат. Бирок ага карабай биздин президент министрге ал өлкөлөр менен да акча маселесин талкуулоону тапшырды. Бирок Мередов азырынча кандайдыр бир конкреттүү убадаларды уга элек. Бердымухамедов 10-июнда Астанага барганда Азиада оюндарына казак президент Нурсултан Назарбаевден да акча сураганын билем. Андан кийин эки президент жакында Бердымухамедовдун туулган күнү болгондо да телефондон сүйлөшкөн. Бирок Бердымухамедовдун маанайынын жакшы эместигине караганда керектүү акчаны топтой албай жаткандай.

Ишенимдүү маалымат булак түркмөн президентинин ТАПИ долбооруна (Түркмөнстан-Индия-Ооганстан-Пакистан газ жолун куруу) чет өлкөдөн ири инвестиция келет, муну менен экономиканын кайсы бир тарабына да салым кошулат деген үмүтү да акталбай калганын кошумчалады.

- Бердымухамедов март айында Катарга барган жана аларды Түркмөнстанга мүмкүн болушунча тезирээк инвестиция салууга чакырган. Анын башкы аргументи кайрадан эле ТАПИ болгон. Бирок эсиңерде болгондой, ал Катардан оң жооп уккан жок. Жөн гана меморандумга гана кол коюлду. Андан сырткары Бердымухамедов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге ТАПИ боюнча чоң убадаларды берген. Өзбектер болсо бул сунушту карап көрөлү деген гана сөз менен чектелишкен. Мындан улам түркмөн өкмөтүнүн өзүндө деле ТАПИнин келечегинен күмөн санагандар көп.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы буга чейин Азиада оюндарын уюштурууга кошумча каражат табуу максатында мамлекеттик мекемелерди иштегендердин айлыгынан кармап калып жатканын, мунай-газ тармагында иштегендердин айлыгына кошулуп берилчү акча берилбей калганын, орто жана чакан бизнестен кагазда көрсөтүлбөгөн кошумча салык салынганын жазып чыккан.

Андан сырткары май айында коррупция боюнча айыпталган өлкөнүн баш прокурору Аманмурат Халлиев баштаган аткаминерлердин күтүүсүз кызматтан алынышынын эң башкы себеби катары да Азиада оюндары айтылган. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Халлиев колунда бар адамдардан бул эл аралык спорттук иш-чарага акча өндүрүү боюнча президенттин тапшырмасын аткарган эмес. АКШда жашаган түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүлендин кыймылына катышы бар деген ири ишкерлердин камалышы дагы акчага байланыштуу болгон.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун “Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!” деген чыгармасы Азиада-2017нин расмий гимни болуп тандалып алынганы белгилүү.

Эксперттердин пикиринде, Түркмөнстан эгемен тарыхындагы эң катаал каржылык каатчылыкты баштан кечирип жатат. Буга эң ириде газ менен мунайга дүйнөлүк баа төмөндөшү негиз болду. Мындан жети жыл илгери, 2010-жылы Азиада-2017 оюндарын Ашхабадда өткөрүү чечими кабыл алынганда Түркмөнстандын иши илгерилеп, газ экспортунан миллиарддаган доллар киреше таап жаткан эле.

Маалымат боюнча, Азиада оюндарына сегиз миллиарддай доллар сарпталды. Анын беш миллиардды Олимп айылын курууга, калганы жаңы аэропорт салууга жумшалды. Оюндар сентябрь айынын аягында башталмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG