Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Бердымухамедовдун ыры Азия оюндарынын гимнине тандалды


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун “Алга, алга жана алга, мекеним, Түркмөнстан!” деген чыгармасы Азиада-2017нин расмий гимни болуп тандалды.

Мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, чыгарма 8-апрелде өткөн жыйында каралып, ага катышкандардын баары президенттин өзү сунуштаган бул демилгени бир добуштан колдошту.

Өлкө башчысы чыгармасын 7-апрелде Аваза курорттук аймагында өткөн концерт маалында эл алдында аткарып, сунуш киргизген.

Мурдараак быйыл Ашхабадда өтө турган 5-Азия оюндарынын гимнине сынак жарыялынганы маалымдалган. Кийин бул тууралуу эч кандай кабар чыккан жок.

2006-жылы бийликке келген 59 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедов алгачкы жолу өз өнөрүн 2010-жылы эл алдына тартуулап, балдар иш-чарасында аккордеондо ойноп берген. Андан бери ар кандай концерттерде ырдап, гитарада ойноп, атургай ди-джейлик өнөрүн да көрсөтүп жүрөт.

Медициналык илимдердин кандидаты, ар кырдуу талант Бердымухамедов 40тай китептин автору.

2010-жылы The Foreign Policy журналы Бердымухамедовду дүйнөдөгү 23 диктатордун катарына кошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG