Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:30

Назарбаев Астанада Бердымухамедовдун уулу менен жолукту


Казак лидери Нурсултан Назарбаев жана Сердар Бердымухамедов (солдо).
Казак лидери Нурсултан Назарбаев жана Сердар Бердымухамедов (солдо).

15-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада Түркмөнстан межлисинин комитет төрагасы, президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов менен жолукту.

Ал Астанага Түркмөнстан парламентинин төрайымы Акжа Нурбердыева баштаган делегациянын курамында барган.

Казакстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда казак лидерине түркмөн президентинин «жеке кайрылуусу» тапшырылган.

15-мартта Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Астанадагы консультативдик жолугушуусунун алдында Назарбаев Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

Түркмөнстан парламентин 2007-жылдан бери башкарып келаткан Акжа Нурбердиева менен Назарбаев жолуккан эмес.

36 жаштагы Сердар Бердымухамедов 25-мартта өтө турган Түркмөнстандагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышууда.

XS
SM
MD
LG