Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Астана саммити: үчүнчү тараптын кереги жок


Кыргыз-казак президенттери Астанадагы саммитте.
Кыргыз-казак президенттери Астанадагы саммитте.

Астанада Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин бейформал саммити өттү. Ага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышты. Чөлкөмдөгү мамлекет башчылардын Орусия лидери катышпаган соңку жылдардагы биринчи жыйынында коопсуздук, энергетика жана экономика маселелери талкууланды.

“Бизге үчүнчү тараптын кереги жок”

Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин Астана шаарындагы саммитин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ачып, бул жыйындын мааниси коңшулардын ынтымагын чыңдоого чоң салым кошоорун билдирди. Ал бул кеңешмени өткөрүү демилгесин Өзбекстандын президенти көтөргөнүн да белгилеп өттү.

- Биздин жолугушуу баарыбыздын майрамыбыз Нооруздун алдында өтүп жатканы - символикалуу. Биз ортодо жаралган экономика, соода, инфраструктура, логистика жана башка бардык тармактардагы маселелерди кеңешип чече алабыз. Борбор Азиядагы мамлекеттердин маселелерин чечиш үчүн биз үчүнчү тарапты чакырбайбыз. Биз өз мамлекеттерибиздин маселелерин чечиш үчүн жана өзүбүздүн калктарга шарт түзүш үчүн жолугуп жатабыз. Бизде андан башка максат жок, - деди Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Астанадагы саммит.
Астанадагы саммит.

“Азаттыктын” казак кызматынын саммитке катышкан кабарчысынын маалыматына караганда, Назарбаев Борбор Азия мамлекеттеринин соода алакасы “буга чейин болуп көрбөгөндөй көрсөткүчтөргө жеткенин” айтты. Казакстан буга 2017-жылы коңшу мамлекеттерге карата экспорту 35% арбыганын мисал келтирди. Муну казак президенти чек ара маселелеринин жана транспорттук байланыштын жөнгө салынышы менен байланыштырды.

Нурсултан Назарбаев ошондой эле бул жолугушууну башка Орусия жана Кытай сыяктуу ири өлкөлөргө каршы коюу орунсуз экенин айтты:

- Албетте, биз бул жерде Орто Азия жана Казакстан менен гана чектелип калабыз дебейм. Биздин Кытай жана Орусия сыяктуу чоң коңшуларыбыз бар. Биз алар менен да тыгыз байланыштабыз. Алар менен да достук мамиле орнотконбуз жана аны дагы уланткыбыз келет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусу аймактагы мамлекеттердин Орусия жана Кытай сыяктуу башка ири мамлекеттери менен карым-катышына таасир этпейт.

Бейформал экени айтылган кеңешмеге Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев жана Түркмөнстандын парламентинин спикери Акджа Нурбердыева катышты.

Сооронбай Жээнбеков Астанадагы жыйында.
Сооронбай Жээнбеков Астанадагы жыйында.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы бул аймактагы элдин бакубатчылыгы үчүн маанилүү экенин айтты.

Жээнбеков бул чакан отурумду үзгүлтүксүз өткөрүп турууну колдой турганын да билдирип, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты арттыруу зарыл экенин кошумчалады:

- Биз терроризм менен экстремизмге, ошондой эле башка коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турушубуз зарыл. Кыргызстан коопсуздуктун бирдиктүү мейкиндигин калыптандырып, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактап туруу боюнча чогуу аракет көрүүнү колдойт. Суу-энергетикалык кызматташтык мааниге ээ. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жалпы аймакты туруктуу өнүктүрүш үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Өлкөлөрүбүз суутек ресурстарын жана гидроэнергетикалык кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камтыган олуттуу энергетикалык потенциалга ээ. Ошондуктан биз суу-энергетикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташтыкты жөнгө салууну колдойбуз.

Тажикстандын, Өзбекстандын президенттеринин, Түркмөнстандын парламент төрагасынын киришүү сөздөрүнөн кийин жыйын жабык эшик артында уланды. Анда конкреттүү кайсы маселелер каралганы кенен чөйрөгө маалымдалган жок.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери. Астана, 15-март, 2018-жыл.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери. Астана, 15-март, 2018-жыл.

Мунун алдында Казакстандын президенти коңшу өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бири менен жеке жолугушкан. Саясат таануучу Эмил Жураев Борбор Азия мамлекеттеринин соңку жылдардагы алгачкы саммитин мындайча баалады:

- Байкоочулардын эсебинде 20 жылдан бери мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жатат. Бул Өзбекстанда саясий лидерликтин алмашуусу менен байланыштуу. Албетте, бул саммиттин өзүнчө чоң саясий мааниси бар. Бирок президенттер тез аранын ичинде эле жолугуша калганынан чоң, маанилүү маселелер чечиле калбайт. Адатта өз ара кызматташтык боюнча процедуралык жана конкреттүү маселелер жылдап же айлап, алдын-ала макулдашылып, андан кийин гана президенттердин жолугушуусуна чыгарылат. Азырынча бул жыйынды Борбор Азиядагы мамлекеттердин ынтымагынын жана пикири келише баштаганынын белгиси катары карап турса болот.

Маалым болгондой, эгемендик жылдарында Борбор Азия президенттери толук курамда өз алдынча ашып кетсе беш гана жолу кездешкен. Башында чөлкөмдүн лидерлери Советтер Союзу таркагандан кийинки кызматташтыкты талкуулашса, акыркы жыйын Арал деңизинин келечегине арналган.

2009-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери эки тараптуу жолугушууларда, Орусия менен Кытай мүчө болгон КМШ, ЖККУ сыяктуу биримдиктердин алкагында гана кездешип келишкен. Астанадагы жолугушуу андан берки Кремл катышпаган жыйын катары кабылданууда. Эксперт Даниел Кадырбеков кепке кошулду:

- Бул саммитти үстүртөн караганда абдан жакшы жылыш катары бааласа болот. Бири-бирибизди бойкоттоп тургандан көрө ушинтип формалдуу түрдө президенттер жолугуп турганы деле жакшы. Ал эми келечекте Борбор Азия мамлекеттери демократиялык институттар менен либералдуу экономикага негизделген биримдикке барышы керек. Себеби бул - биздин жаныбыздагы Орусия же Кытай сыяктуу ири мамлекеттердин басымынан чыгуучу жападан-жалгыз жолубуз. Бирок мен Борбор Азия мамлекеттериндеги авторитардык режимдер турган чакта андай биримдик түзүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Борбор Азия мамлекеттеринде демократияны толук орнотпой туруп экономикалык интеграция түзүү мүмкүн эмес.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын Астанадагы биринчи консультациялык жолугушуунун соңунда президенттердин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Жыйындан кийин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирүү жасап, жолугушуу өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн, эл аралык күн тартибинин бардык актуалдуу маселелери боюнча иштиктүү пикир алмашуу болгонун белгиледи.

Астана саммити. 15-март, 2018-жыл.
Астана саммити. 15-март, 2018-жыл.

Анын ичинде аймактык коопсуздук, чек аралар, транспорттук коммуникация, суу-энергетикалык ресурстар, тарифтик саясат, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери да бар.

Мамлекет башчылары бул форматта жыл сайын Нооруз майрамынын алдында Борбор Азия мамлекеттеринин биринде жолугушуу тууралуу макулдашты. Кийинки консультациялык жолугушуу Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен келерки жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөрү айтылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG