Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Астана Аблязовдун уюмун экстремисттик деп тапты


Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

Астана соту чет өлкөдө бозгунда жүргөн казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун "Казакстандын  демократиялык тандоосу" деп аталган кыймылын "экстремисттик" деп тапты. Казакстандагы БТА банктын мурдагы башчысы, өзүн президент Нурсултан Назарбаевдин атаандашы катары белгилүү Аблязов Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу түз байланышка чыгып, "режимди алмаштыруу" тууралуу айтып келген.

13-мартта Астана шаарындагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Оксана Лоскутова "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп табуу өтүнүчү менен "мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү" кайрылганын, ал өтүнүчтү Астананын Есил райондук соту толугу менен канааттандырганын кабарлады:

- Сот "Казакстандын демократиялык тандоосунун" ишин экстремисттик деп таап, Казакстандын бардык аймагында тыюу салынды. Бул тыюу ушул уюмдун материалдарын маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр, мессенжерлер жана сайттар аркылуу таратууга да тийиштүү.

Мухтар Аблязов (ортодо) абактан чыккан учурда. Франция, 9-декабрь, 2016-жыл
Мухтар Аблязов (ортодо) абактан чыккан учурда. Франция, 9-декабрь, 2016-жыл

Лоскутова ошону менен бирге сот чечиминен кийин "Казакстандын демократиялык тандоосу" уюмуна кандай жол менен болбосун аралашкандар же аны каржылагандар Кылмыш кодексине ылайык жазага тартыларын да эскертти:

- Социалдык тармактар жана баракчалар аркылуу элге кайрылган Аблязов элди "Казакстандын демократиялык тандоосуна" кирүүгө чакырып келет. Ал азыркы бийликтин терс кейпин түзүү менен, калк арасында нааразылык маанайды калыптандырууда. Ошону менен бирге социалдык кастыкты жана бөлүнүүчүлүктү пайда кылып жатат. Тынч акция экенин бир канча жолу айтканы менен, Аблязовдун жана анын тарапташтарынын максаты - бийликти төңкөрүү жана басып алуу. Мыйзам мындай аракеттерди саясий экстремизм деп эсептейт жана мамлекеттик коопсуздукка каршы кылмыш катары мүнөздөйт.

Чет өлкөдө жашап жаткан Мухтар Аблязов 2017-жылы Казакстанда 2000-жылдардын ортосунда БТА банктан 6 миллиард доллардан көп акча уурдаган деп айыпталып, сыртынан 20 жылга соттолгон. Ал акыркы кездери социалдык тармактар аркылуу түз байланышка чыгып, өзү негиздеген "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын иш-пландары тууралуу айтып, казак бийлигин сындап жүргөн.

Аблязов "Фейсбуктагы" баракчасына сот чечими боюнча пикирин билдирип, активисттер коопсуз ыкма менен аракеттене берүүнү жана “Казакстандын демократиялык тандоосун” өнүктүрүүнү сунуштап жатканын кабарлады. Ал бийлик кыймылдын ишмердигин токтотууга аракет кыларын мурда эле билишкенин, бирок бул репрессиялык ыкма экенин белгиледи.

- Эркиндикке жана адилеттүүлүккө умтулуу - адамдын табигый аракети. Бул ал түгүл назарбаевдик Конституцияда жазылган ажырагыс укук. Ошондуктан "Казакстандын демократиялык тандоосун" чектеп коюу Казакстандын эч кандай ички мыйзамдарына туура келбейт, Казакстан аткарып жаткан эл аралык мыйзамдарга дегеле туура келбейт.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.

Оппозициячы саясатчы Интернеттеги акыркы түз байланыштарынын биринде уюмдун максаты Казакстандагы "бийликти тынч жол менен алмаштыруу" экенин билдирген болчу:

- Бүгүн мен түз эфир аркылуу сиздерге «Казакстандын демократиялык тандоосунун» жарым жылдык стратегиялык өнүгүүсү, биздин пландар тууралуу айтып бергим келип турат. Ошондой эле "Казакстандын демократиялык тандоосунун" алдына койгон негизги максаттарды биз ушул жылы, жети-сегиз айда ишке ашыра аларыбызды көрсөтөм. Ал эми биздин максат – тынчтык жол менен режимдин алмашуусуна жетишүү.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, радикалдык же динге жамынган уюмдун эмес, азыркы бийликтин атаандашы менен байланышкан кыймылдын экстремисттик деп табылып жатышы кооптуу көрүнүш. Анткени бул кайсы гана коомдук-саясий кыймылды болбосун экстремисттик деп табууга жол ачышы мүмкүн. Аблязов Франциядагы абактан чыккандан бери маалыматтык согуштун күчөгөнүн эске салган саясат таануучу акыркы сот чечимин ошол согуштун уландысы катары сыпаттады:

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

- Менимче, мунун бардыгы бийлик транзитине даярдык учурунда жасалып жаткан превентивдүү чаралар. Эмнеге? Себеби Мухтар Аблязов өзү бийлик алмашкандан кийин Казакстанга келе турганын бир нече жолу айткан жана саясий иштер менен алектене турганын да жокко чыгарган эмес. Интернет желедеги кыймылга тыюу салуу совет кезиндеги репрессивдүү методдорду эске салат.

Саясат таануучу, казакстандык коомдук ишмер Амиржан Косанов Аблязов жетектеген кыймыл тууралуу Астана сотунун чечимине баасын берди:

- Аблязовдун саясаттагы ишмердигин эске алганда анын тегирменине суу куюп бергендей эле болуп жатат. Мындан улам ал өзүн Батышта банктан акча уурдаган же бизнес өнөктөшүн өлтүрүүгө заказ берген адам катары эмес, бийликтин башкы атаандаш саясатчысы катары көрсөтүшү мүмкүн.

Казакстандык ири бизнесмен жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери өз эрки менен Европада бозгунда жүрөт. Ал ортодо банкир үч жылдай француз абагында отуруп, 2016-жылдын декабрында эркиндикке чыккан.

Француз бийлигинен аны өткөрүп берүүсүн суранып, Орусия, Украина жана Казакстан кайрылган. Бул өлкөлөр Аблязов алты миллиард долларды менчиктеп алган деп айыпташкан. Оппозициячы эркиндикке чыккандан кийин "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген кыймылын түзгөнүн жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG