Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

Казакстан: мурунку башкы чекист 7,5 жылга кесилди


Нартай Дутбаев.
Нартай Дутбаев.

Казакстанда Аскер соту Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку төрагасы Нартай Дутбаевди 7,5 жылга эркинен ажыратты.

Дутбаев баштаган төрт адамга "мамлекеттик сырды ачкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген айып тагылды, мамлекеттик кызматта иштегенге өмүр бою тыюу салынды.

Убагында Казакстандагы эң таасирлүү аткаминерлердин бири болгон экс-чекист былтыр жыл этегинде камакка алынган. Анын кылмыш ишин тергөө, сот процессинин жабык жүрүшү, өкүм тууралуу учкай гана маалымат берилиши коомчулукта бир топ түкшүмөлдөрдү жаратты.

Нартай Дутбаевдин ишин Акмоло гарнизондук соту ушул жылдын июль айынан тарта карап жаткан болчу. "Азаттыктын" казак кызматынын ишенимдүү булактарга таянып маалымдашынча, сот Дутбаевге өткөн айдын ортосунда эле өкүм чыгарган. Ошондон бери эч комментарий бербей жаткан.

Өкүм боюнча 11-сентябрда Аскер сотунун расмий сайтына учкай маалымат жарыяланды. Анда Дутбаевге "мамлекеттик сырды шардана кылган", "кызматынан пайдаланган" деген айып тагылганы, 7,5 жылга кесилгени, мындан ары мамлекеттик кызматта эч качан иштей албасы, ошондой эле "генерал-лейтенант" деген наамынан, мамлекеттик сыйлыктардын баарынан кол жууй турганы айтылат.

Сот Дутбаев менен кошо камалган, анын туугандары делген кесиптештери Нурлан Хасен менен Раис Муратовду беш жылга, Ерлан Нуртаевди 3,5 жыл эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Аларга да "мамлекеттик сырды шардана кылган, ачыкка чыгарганга көмөктөшкөн, кызмат абалынын пайдаланган" деген айып тагылып, мамлекеттик кызматта иштегенге өмүр бою тыюу салынды.

Дутбаев жана аны менен кошо соттолгондордун туугандары, жакындары "Азаттыктын" казак кызматына кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартышты.

Дутбаев ишин тергөө дагы, сот дагы жабык жүргөндүктөн бул коомчулукта түркүн божомолдорго жем таштаган. Адам укуктары боюнча Казакстандагы бюронун жетекчиси Евгений Жовтис "Азаттыктын" казак кызматына комментарий берип жатып, бул ишти жогорку бийликтеги элиталардын өз ара тиреши менен байланыштырды:

- Эгер мурунку жогорку бийлик өкүлү эмнеге камалганы, эмненин негизинде кылмыш иши козголгону коомчулукка ачыкка чыгарылбаса, демек мамлекет бул жерде бир нерсени жашырып жатат дегенди билдирет. Кайсы бир мамлекеттик сыр ачыкка чыгып кетпеши үчүн эле сот жабык өткөн жок. Мамлекеттик сыр камтылган материалдар гана жашырылып, калган бөлүгү ачык өткөрүлсө болмок. Анан биз өкүм тууралуу деле дээрлик эч нерсе билбейбиз. Бул эл аралык стандарттарды одоно бузууга жатат. Өкүм окуган адамга түшүнүктүү болушу керек. Ал ушундай-ушундай айып менен соттолду деген маалымат жетишсиз. Ал эмнеге соттолду деген суроого жооп болушу керек. Сотко катышпагандан кийин, толук өкүмдү окубагандан кийин божомолдогонго гана туура келет. Ушундай "сот акыйкаттыгын" элиталар ортосундагы тиреш деп гана тшүндүрсө болот.

"Дутбаевдин иши" боюнча "Казатомпром" улуттук компаниясынын мурунку жетекчиси, ушул тушта абакта жаткан Мухтар Жакишев көрсөтмө бергени белгилүү. Жакишев 2009-жылы камакка алынган жана 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал Европада бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун жакын досу экени белгилүү. Мындан улам Дутбаевдин камалышы эң ириде Аблязов менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жоромолдор басымдуулук кылып келген.

Мухтар Жакишев.
Мухтар Жакишев.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Мухтар Аблязовдун Францияда түрмөдөн бошоп чыгып кетиши, аны экстрадициялоо операциясынын үзгүлтүккө учурашы, Италиядагы Аблязовдун үй-бүлөсүнө байланыштуу чатакты Дутбаев менен байланыштырып жазышкан. Анда Дутбаев маал-маалы менен Аблязовго жана анын тарапташтарына атайын кызматтын маалыматтарын тымызын берип турган деген жоромол айтылган. Аблязовдун аялы менен кызын Италияда коштоп жүргөн делген Нурлан Хасен Дутбаевдин күйөө баласы деген маалымат болгон.

Аблязов өзү 31-августта социалдык тармактар аркылуу анын ишине байланыштуу камакка алынгандарга кайрылуу жасады. Анда эгер алар Аблязовго каршы көрсөтмө берсе жана ошонун негизинде өздөрү же жакындары түрмөдөн бошой ала турган болсо, анда ошондой көрсөтмө берүүгө чакырды:

- Мага мындай көрсөтмөлөрдүн кымындай да таасири тийбейт. Анткени казак сотторунун чечимдерин Батышта кабыл албайт. Казакстанда президент Назарбаев менен Улуттук коопсуздук комитети мага жалган жалаа жаап, саясий кадыр-баркыма шек келтире албасын жакшы эле түшүнүп турушат.

Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

Казак коомчулугунда "Дутбаевдин иши" президенттик администрациясынын мурунку жетекчи орун басары Баглан Майлыбаевдин иши менен байланыштуу болушу ыктымал деген да божомол айтылган.

Майлыбев ушул жылдын июнь айында мамлекеттик сырды ачкан деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылган. Ал Дутбаев кармалгандан кийин жарым айдан соң, тактап айтканда, ушул жылдын башында камакка алынган. Анын ишин тергөө, сот процесси да жабык өткөн.

Баглан Майлыбаев.
Баглан Майлыбаев.

Нартай Дутбаев Улуттук коопсуздук комитетин 2001-2006-жылдары башкарган. Ал бул органга караштуу "Арстан" атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери оппозициянын лидери Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө катыштыгы бар экени ачыкка чыккандан кийин отставкага кеткен. Андан кийин Коопсуздук комитеттин академиясын башкарган, президент Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси болуп турган. Кыска убакыт "Казатомпром" улуттук компаниясында вице-президент болуп иштеген.

Дутбаев Казакстандын эгемен жылдарында соттолгон атайын кызматтын экинчи жетекчиси. Улуттук коопсуздук комитетин 90-жылдары эки ирет башкарган, ушул тушта Австрияда жашап жаткан Алнур Мусаев 2008-жылы 25 жылга сыртынан соттолгон. Ага да мамлекеттик чыккынчылык, мамлекеттик төңкөрүш уюштурганга аракет кылган деген айып тагылган. Атайын кызматтын расмий сайтында жетекчилер тууралуу маалыматта бул эки адамдын ысымы эч жерде аталган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG