Орусиянын Иркутск шаарынын борборунда 6-декабрда өткөн митингге 150дөй киши катышты. Чакан бизнестин өкүлдөрү салыктардын көтөрүлүшүнө каршы акцияга жергиликтүү бийлик менен макулдашып чыгышкан.
Митингге Новосибирск, Челябинск, Удмуртия жана Томскиден ишкерлер видеобайланыш аркылуу кошулганын "БГ Иркутск" басылмасы кабарлады.
Акциянын уюштуруучусу, Иркутск облусундагы ишкерлер бирлигинин төрагасы Михаил Ожиганов мэрияга иш-чара "Президент жүргүзүп жаткан саясат үчүн! Өнүгүү үчүн! Жеңиш үчүн! Путин үчүн!" деген ураан менен өткөрүлөрүн айтып кайрылган. Катышуучулар орус президентине видеокайрылуу жолдошту.
Анда сөз сүйлөгөндөр негизинен бийликтин саясатын колдой турганы тууралуу кеп баштап, андан кийин салыктын көтөрүлүшүнөн чакан бизнес катуу зыян тартарын айтып жатышты. Орусиянын президенти Владимир Путинди буга чейин кол коюлган мыйзамдарга вето коюуга чакырышты. Уюштуруучулар акция өткөрүү тууралуу арыз менен Путин салык тууралуу мыйзамга кол койгонго чейин кайрылышканын билдиришти.
28-ноябрда Путин кошумча нарк салыгын 20 пайыздан 22 пайызга чейин көтөрүп, киреше босогосун азайткан мыйзамга кол койгон. Чакан бизнес белгилүү киреше босогосуна жеткенде бул салыкты төлөөгө милдеттүү болот. 2026-жылы орус бийлиги коммуналдык тейлөө, туризмден тартып IT жана импортко чейинки төлөмдөргө жыйымдар менен тарифтерди жапырт жогорулатууну пландап жатат.
Өкмөт мындай чараларсыз "туруктуу ишти камсыздоо мүмкүн эмес" деп билдирүүдө.
Октябрда Владивосток менен Новосибирскиде чет элдик автоунаалар үчүн утилизациялык жыйымдардын жогорулашына каршы акция өткөн. Ошондон кийин өкмөт бул чараны ишке киргизүүнү бир айга жылдырып, буйрутма берилип калган машинелерди Орусияга мурдагы эреже менен киргизүүгө убакыт берген.
Шерине