Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Казакстан: УККнын мурдагы башчысы камалды


Нартай Дутбаев.
Нартай Дутбаев.

Казакстанда атайын кызматтын мурдагы башчысы Нартай Дутбаев кармалды. Ал башка чиновниктер менен бирге "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган, ыйгарым укуктарынан аша чапкан" деп айыпталууда. Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Нартай Дутбаев менен чогуу Хасен Нурлан Болатулы жана Ерлан Нуртаев 26-октябрда тергөө абагына камалганын ырастады. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда далилдер табылганы айтылууда.

Нартай Дутбаев Улуттук коопсуздук комитетин 2001-2006-жылдарда жетектеген. Ал оппозициячыл саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө катышы бардыгы айтылып, кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG