Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Казакстан Аблязовдун кыймылын экстремисттик деп тааныды


Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

Астана соту "Казакстандын демократиялык тандоосу" деп аталган, каттоодон өтпөгөн оппозициялык кыймылды "экстремисттик уюм" деп тапты. Кыймылды азыр чет өлкөдө жашаган, БТА банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязов түзгөн. Кыймылга каршы Башкы прокуратура арыз берген.

- Сот "Казакстандын демократиялык тандоосунун" ишин экстремисттик деп таанып, Казакстандын бардык аймагында тыюу салынды. Бул тыюу ушул уюмдун материалдарын маалымат каражаттары, социалдык түйүндөр, мессенжерлер жана сайттар аркылуу таратууга да тийиштүү, — деди прокуратура өкүлү Оксана Лоскутова.

Прокуратура Мухтар Аблязов мыйзамга каршы аракеттерин улантууда деп эсептейт. "Ал социалдык түйүндөр жана баракчалар аркылуу жарандарды өз кыймылына кирүүгө чакырып, учурдагы бийлик тууралуу терс образдарды түзүү менен калк арасында нааразылык маанайды калыптандырууда. Тынч акция экенин бир канча жолу айтканы менен, Аблязовдун жана анын тарапташтарынын максаты бийликти басып алуу. Мыйзам мындай аракеттерди саясий экстремизм деп эсептейт жана мамлекеттик коопсуздукка каршы кылмыш катары мүнөздөйт", — деди Лоскутова.

Өзүн президент Нурсултан Назарбаевдин жана анын тушунда курулган бийликтин саясий каршылашы деп эсептеген Мухтар Аблязов өзү түзгөн кыймылдын максаты — Назарбаевдин режимин тынчтык жолу менен алмаштыруу экенин айтып келет.

Былтыр июнда Аблязов Казакстанда "БТА банктан акча уурдоо" иши боюнча сыртынан 20 жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG