Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Казак соту Аблязовду сыртынан кести


Мухтар Аблязов француз абагынан чыккан учур. 9-декабрь, 2016-жыл.
Мухтар Аблязов француз абагынан чыккан учур. 9-декабрь, 2016-жыл.

Казакстандык оппозициячыл саясатчы, БТА банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Мухтар Аблязовду 20 жылга сыртынан кесүү жана мүлкүн мамлекетке чегерүү боюнча Алматы сотунун чечими 6-июнда чыкты.

Банктын мурдагы жетекчиси жана анын орун басары шартуу кесилип, ал эми насыя берүү боюнча бөлүм башчы Кайрат Садыков 15 жылга эркинен ажыратылды.

2009-жылдан бери өз эрки менен Европада бозгунда жүргөн Мухтар Аблязовго карата соттук териштирүү үч айга созулду. Ага "банк ичинде кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, ири өлчөмдөгү акча уурдаган жана банктын каражатын мыйзамсыз колдонгон" деген айыптар тагылган.

Сот өкүмүнө ылайык, Аблязовго үч жыл банк иштери менен алектенүүгө тыюу салынып, 2100 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Аблязовдун кызыкчылыгын Алматыдагы сотто мамлекет дайындаган адвокат Анжелика Ажыгулова коргоду. Маалыматтарга ылайык, ал Аблязов менен эч качан байланышкан эмес. Бул ишти иликтеген Улуттук коррупцияга каршы күрөшүү бюросунун версиясы боюнча Аблязов жетектеген кылмыштуу топ БТА банктан жети миллиард АКШ долларын чыгарып кеткен. Аблязов соттун чечими кандай болбосун аны тааныбасын билдирди:

- Менин укуктарымды коргомуш болуп жаткан адвокатка убара болбой эле койсун деп кеңеш берет элем. Анткени бул соттун чечимине эч ким ишенбейт. Батышта мындай чечимдер эч кандай күчкө ээ эмес. Ошол себептүү мага алар кандай өкүм чыгарса да баары бир. Анткени бул сот жасалма, - деп айтты Аблязов "Азаттык" радиосунун казак кызматына берген маегинде.

БТА банктын мурдагы төрагасы Садуакас Мамеш жана анын орун басары Жаксылык Жаримбетов аларга коюлган айыптарды моюндарына алып, беш жылга шарттуу кесилишти.

Соттун чечими менен банктын насыя берүү боюнча бөлүмүн жетектеген Кайрат Садыков 15 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланат. Тергөө маалында Садыков ага коюлган айыптарды моюнуна албай, четке каккан.

Өкүм чыккан соң Садыковдун жактоочусу Курушбек Танирбергенов сот чечимин адилетсиз деп атап, Садыков жетекчилер чыгарган буйруктарды гана аткарып турганы менен жүйөлөдү.

- Өкүмгө макул эмесмин. Садыков техникалык жетекчи болгону тууралуу сотко жиберилген маалыматтарга эч кандай көңүл бурулган эмес. Насыя берүү боюнча бардык протоколдорго Жаримбетов кол койгон. Садыковдун тиги же бу компанияларга берилген насыяларга эч тиешеси жок. Ал Жаримбетовдун кол алдында иштегендиктен, анын буйруктарын гана аткарып турган, - деген адвокат доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрыларын кошумчалады.

2009-жылы Казакстандан чыгып кеткен Кайрат Садыковдун коомдук жактоочусунун жана бир тууганы Салтанат Садыкованын билдиришинче, Кайрат алгач Кыргызстанга анан Украинага “Жаримбетовдун коркутуп-үркүтүүсү жана опузасынын улам” чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ал Алматыга 2016-жылы кайткан. Анын алдында казак бийликтерине алдын ала кабарлап, тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Аблязовдун иликтөө иши 2017-жылдын башында, Астанага чет жактан Жаксылык Жаримбетов кайтып келгенден кийин кайра активдешти. Польшада жайгашкан “Ачык диалог” укук коргоо тобу жыл башында тараткан билдирүүсүндө Жаримбетов Түркияда Казакстандын атайын кызматтары тарабынан уурдалып, жашыруун жол менен мекенине жеткирилгенин маалымдаган. Жаримбетов бул сөздөрдү четке кагып келет. Ал ушул жылдын 17-январында Астанага келип, тергөө менен кызматташууга барганын өзү өткөргөн маалымат жыйында билдирген.

Жаксылык Жаримбетов жана анын адвокаты Нурлан Устемиров.
Жаксылык Жаримбетов жана анын адвокаты Нурлан Устемиров.

Алматыда өткөн соттун жүрүшүндө Жаримбетов ага эч ким басым жасабаганын айтып, Аблязов аны колдонгонун дагы бир жолу кайталады. Анын адвокаты Нурлан Устемиров банктан акчаны алып чыгуу схемасын Аблязов иштеп чыкканын, ал эми менеджерлер анын буйруктарын гана аткарып турганын кошумчалады.

БТА банктын каражаттарын уурдоо боюнча кылмыш иши 2009-жылы, аталган каржы институту улутташтырылган соң башталган. Ал кезде БТА банк расмий маалыматтарга ылайык, активдердин көлөмү боюнча өлкөдөгү эң ири банк катары саналган. Казакстан бийликтери ошол кезде банктагы ири махинациялар, каражаттын мыйзамсыз чыгарылышы жана күмөндүү долбоорлорго берилген миллиондогон насыялар тууралуу билдиришкен. Улутташтыруудан кийин банк бир нече жолу реструктуризацияланып, активдеринин жарымы "Казкоммерцбанкка" өткөрүлүп берилген.

2009-жылдын февраль айында банктын жетекчилери, анын ичинде Мухтар Аблязов сыртка чыгып кеткен. Өлкөдө калган БТАнын ондогон башка менеджерлерине кылмыш иштери козголуп, 2009-2012-жылдары өткөн сот процесстерине ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылышкан.

Өткөн жылдын соңунда Франциянын Мамлекеттик Кеңеши Мухтар Аблязовдун ишинин саясий мүдөөсү бар деп тааныган. Ага чейин премьер-министр Мануэл Вальс кол койгон Аблязовду Орусияга же Украинага экстрадициялоо чечими жокко чыккан. Аталган эки өлкөдө да Аблязов каржы афераларына айыпталып жатат.

Үч жылдай француз абагында отуруп, эркиндикке чыккан Аблязов “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймылын түзгөнүн жарыялады. Аблязов жаңы кыймылдын башкы максаты - өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү киргизип, президенттин кызматын жоюп, бир палаталуу парламенттик республиканы түзүү, түз шайлоолорду өткөрүү экенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG