Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Борбор Азиянын өзгөчө демократиясы


Дүйнөдөгү демократиянын абалына байкоо салган "Фридом Хаус" уюмунун “Өткөөл мезгилдеги мамлекеттер” деп аталган жаңы баяндамасында Кыргызстандын демократиялык көрсөткүчтөрү ылдыйлады, бирок аймактагы өлкөлөрдүн ичинен дагы деле алдыңкы орунду ээлеп турат.

Баяндамада 29 мамлекет талдоого алынган. Борбор Азиядан Түркмөнстан эң арткы орунду ээлеген. Өзбекстанда болсо оң жылыштар байкалган.

"Фридом Хаус" уюму 2017-жылдагы демократиялык көрсөткүчтөрдү жети критерий менен баалаган. Алар: демократиялык башкаруу, шайлоо жараяндары, жарандык коомдун абалы, сөз эркиндиги, жергиликтүү бийликтеги демократиялык башкаруу, укук системасынын көз карандысыздыгы жана коррупциянын деңгээли.

Изилдөөдө Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан Өзбекстан гана өз рейтингин жакшырта алган, бирок ага карабастан дагы деле автократия тамырлаган мамлекет деп табылган.

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

"2017-жылы Өзбекстандын жаңы жетекчиси мурдагы президент Иcлам Каримовдун режиминен баш тартууга аракет кылды. Кээ бир саясий туткундар бошотулду. Беш жылдык өнүгүүнүн стратегиясы кабыл алынды. Экономиканы жана сөз эркиндигин либералдаштыруу аракеттери жасалууда. Бирок бул жетишкендиктерге карабастан, президент Шавкат Мирзиёев авторитардык башкаруучу катары калып жатат жана өлкөнү жогорудан ылдый, борборлошкон ыкма менен башкарууда” деп айтылат баяндамада.

"Фридом Хаус" уюмунун жаңы баяндамасында Кыргызстан демократиялык көрсөткүчтөрү төмөндөгөнүнө карабай, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен жогорку балл алган.

"Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев 2017-жылы президенттиктен кетти, бирок сот системасын өзүнүн ордуна келген адамдын атаандаштарын кармоо жана түрмөгө отургузуу үчүн колдонду. Ал дагы деле Социал-демократтар партиясы аркылуу өзүнүн үстөмдүгүн сактап калышы мүмкүн" экени белгиленген.

Кыргызстан менен катар эле Тажикстанда жана Казакстанда демократиянын көрсөткүчтөрү төмөндөгөн. Ага жарандык активисттерди, журналисттерди, адвокаттарды жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын куугунтуктоо фактылары таасир эткен. Бул үч мамлекетте тең жарандык коомго карата мыйзамдык чектөөлөр, административдик кысым колдонуу күчөгөн.

Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казак президенти Нурсултан Назарбаев ушул жумада Астанадагы жыйында демократия тууралуу пикирин айтты.

- Мен эгемендиктин биринчи күнүнөн баштап, элдин жүгүн аркалап, калктын ишенимин аткарып келе жаткан адаммын. Канча жолу Батыштан келип, биз сыяктуу, Америка сыяктуу демократия болгула деп айтышат. Эй, биз деген казакпыз, америкалык эмеспиз. Биз деген немис же англичан эмеспиз. Биз деген казакпыз. Биздин өзүбүздүн пикирибиз, тарыхыбыз бар, тилибиз, динибиз бар, өзүбүздүн салт-санаабыз бар. Биз да бүткүл аалам келе жаткан демократияда келе жаткан калкпыз. Бирок бир күндүн ичинде миң жылдык ишти басып кете албайбыз. АКШнын мамлекет болгонуна 250 жыл болду. Бирок 50 жыл мурда эле кара менен ак автобуска отура алчу эмес, - деди Назарбаев.

Түркмөнстан эки жылдан бери эң акыркы орунду ээлеп келе жатат. Рейтингге жалпы 29 мамлекет кирген. Анын ичинен 19 мамлекеттин көрсөткүчү эң төмөн деп табылган. Авторитаризм тамырлаган өлкөлөрдүн катарында Беларус, Орусия, Азербайжан, Казакстан да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG