Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 21:10

Түркмөн жарандары каатчылыктан улам керек болсо Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдөн да жумуш издеп жатканын Түркмөнстандан келген соңку кабарлар ишара кылууда.

Соңку жумаларда түркмөн жарандары мурдагыдай Түркияга ээн-эркин чыга албай, эми Казакстан менен Өзбекстанга жол алып жатканы кабарлана баштады.

Өзгөчө Түркмөнстандын өзбек чек арасына жакын жайгашкан Дашогуз аймагынан коңшу өлкөлөргө чыгып кеткендердин катары калыңдаганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

Бул жагдай өлкөдөгү экономикалык каатчылык жана түркмөн жарандары үчүн Түркияга баруу мурдагыдай оңой болбой калганы менен түшүндүрүлүүдө.

"Мен кечээ Миграция кызматынын Дашогуздагы бөлүмүндө болдум. Ал жактан Түркия менен Дубайга баргысы келген тургундардын 90 пайызы өлкөдөн чыгарылбаганын айтышты. Мындан улам алар Өзбекстан менен Казакстанга кетип жатышат. Алардын көбүнүн бул өлкөлөрдө тааныштары бар экен",-деп билдирди "Азаттыктын" түркмөн кызматына Дашогуздун атын атагысы келбеген тургуну.

Стамбулда иштеген түркмен мигранттары.
Стамбулда иштеген түркмен мигранттары.

Түркмөн жарандары башка борборазиялык мигранттардай болуп Орусияда эмес, визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү болгону үчүн көбүнесе Түркияда иштешет. Түрк бийлигинин эки жыл мурдагы маалыматтарына ылайык, баш-аягы 30дей түркмөн жараны Түркияда расмий катталган. Бирок байкоочулардын баамында бул сан далай эсе көп болушу мүмкүн.

Соңку апталарда Түркияга барууну каалаган түркмөн жарандары кыйынчылыкка туш болушууда. Маселен 3-апрелде Ашхабад аэропортунда тартылган видео Интернетке тарап, андан Түркияга кете албай калган бир нече адамдын нааразылыгын угууга болот.

"Документ бар, иштей турган жердин дареги бар. Эмне үчүн чыгарбайт?",-дейт ал видеодо бир тургун.

Түркмөн өкмөтү айрым жарандарын эмне себептен Түркияга кое бербей жатканын түшүндүргөн жок. Бирок байкоочулар түркмөн бийлиги сыртка чыккан мигранттардын санын чектегиси келерин айтып жатышат.

Буга чейин Түркмөнстандын чыгышында жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен соңку үч жылдан бери Түркияда жүргөн аялдарды мекенине кайтаруу боюнча кысым көрсөтүп жатканы кабарланган.

Кантсе да айрым түркмөн атуулдары Түркияга коңшу өлкөлөр аркылуу кетүүнүн жолун табышкан экен. Жакында кыйынчылык менен Стамбулга жеткен, жашыруун калгысы келген түрмөн жараны "Азаттыктын" түркмөн кызматына буларды билдирди:

"Стамбулга кайтып баралы десек, Ашхабад аэропортунан бир нече жолу чыгарбай коюшту. Алар сураган парага алыбыз жеткен жок. Башка жолдорду издей баштадык. Акыры биздин топтун бир бөлүгү Өзбекстанга, айрымдары Казакстанга өтүп, Стамбулга келишти. Чек арада 300 доллар төлөсөң коңшу өлкөгө өткөрүп коюшат. Биз Түркмөнстанга кайткыбыз келбейт. Ал жакта шарт жок".

Соңку жылдары Азербайжанга келген түркмөн жарандарынын санында өсүш байкалганы маалым болду. Февраль айында Бакудагы haqqin.az. басылмасы Азербайжандын Миграция кызматынын алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Азер Аллахверановдун төмөнкү сөзүн келтирген эле:

"Бир нече жыл мурда түркмөнстандыктардын Азербайжанга агымы кыйла аз болсо, соңку жылдары бир нече эсе көбөйүп кетти. Бул биринчи кезекте Түркмөнстандагы экономикалык кризиске байланыштуу. Түркмөн жарандары бул жакка алып келген алтынын сатып, ага азык-түлүк же валюта сатып алып жатышат. Мындан тышкары түркмөн жарандары үчүн биздин өлкө - Европага ачылган терезе".

Көгүлтүр отко бай Түркмөнстан соңку эки жылда экономикалык каатчылыкка туш болду. Өлкөдө ун, шекер сыяктуу күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүктөрдүн тартыштыгы пайда болуп, күйүүчү майдын баасы кымбаттады.

Түркмөн президенти өлкөдө каатчылык өкүм сүрүп жатканын четке кагып келет.
Түркмөн президенти өлкөдө каатчылык өкүм сүрүп жатканын четке кагып келет.

Адистер өлкөдөгү мындай абалды энергетика жаатындагы ийгиликсиз келишимдерден улам өкмөттүн кирешесинин азайганы жана кулач жайган коррупция менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле өлкө экономикасынын өзөгүн түзгөн газдын дүйнөдөгү баасынын төмөндөшү да мамлекеттик казынаны бөксөрткөнү белгиленип келет.

Былтыр жайында президент Гурбангулы Бердымухаммедов калкка дээрлик чейрек кылымдан бери берилип келген акысыз газ, электр сыяктуу жеңилдиктерди токтотууну чечкен. 1993-жылдан бери ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт/саат электр энергияны, 50 метр куб көгүлтүр отту жана 250 литр сууну акысыз алып келген болчу.

12 жылдан бери өлкөнүн башкарып келе жаткан президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун өкмөтү жана мамлекеттик телеканалдар өлкөдө каатчылык өкүм сүрүп жатканын четке кагып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG