Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 14:13

ТАПИнин келечеги коопсуздукка көз каранды


Түркмөнстан- Ооганстан-Пакистан-Индия же ТАПИ газ түтүгүнүн Ооганстандагы бөлүгүн куруу иштери башталды. Узундугу 1800 чакырым келген газ кууру эгер долбоордогудай кетсе, Түркмөнстан көгүлтүр отунун Индияга чейин жеткирүүсү керек. Бирок талдоочулар анын келечеги коопсуздук кырдаалына көз каранды болорун белгилешүүдө.

ТАПИ газ куурунун Ооганстандагы бөлүгүнүн курулушун расмий баштоо жөрөлгөсү 23-февралда Ооганстандын Герат шаарында президент Ашраф Гани, түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов, пакистан премьер-министри Шахид Хан Аббасинин жана Индиянын да өкмөттүк делегациясынын катышуусунда болду:

- Биздин максат аймактык кызматташтыктын борборуна айлануу. Биздин максат - жарандарыбыздын тынч жана ийгиликтүү өмүр сурүшү. Бул куур бизге жүздөгөн миллион доллар, көгүлтүр от, жумуш жана өмүр алып келет. Оогандарда башка бир дагы мамлекетке карата кастык жок. Биз улуттук кызыкчылыгыбызды гана колдойбуз, - деди ооган президенти Ашраф Гани Гераттагы салтанатта сүйлөп жатып.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Борбор жана Түштүк Азияны туташтыруучу ТАПИ куурунун узундугу долбоор боюнча 1800 чакырым. Ал толук кубаттуулукта иштегенде жылына Ооганстан, Пакистан, Индия бөлүп ала турган 33 миллиард кубметр газды өткөрө алышы керек.

Куур Түркмөнстандын Мары облусундагы Галканыш газ кенинен башталып, Ооганстандын Герат- Кандагар кан жолун бойлоп, Пакистандын Кветта жана Мултан аймактарын аралап, Индиянын Пакистан менен чек арадагы Фазилика шаарчасына жетип токтойт.

Газ экспортунда Кытай жана Орусияга көз каранды Түркмөнстан бул долбоорду базарды кеңейтүүнүн бир аргасы катары көрөт жана өз аймагындагы курулуш иштерин 2015-жылы эле баштаган.

Куурду төшөөнүн жалпы наркы 10 миллиард доллар деп эсептелүүдө.

ТАПИ долбоорунун Ооганстандагы салтанатына катышкандар. Герат, 23-февраль, 2018-жыл.
ТАПИ долбоорунун Ооганстандагы салтанатына катышкандар. Герат, 23-февраль, 2018-жыл.

Ооганстан өз тарабынан куур толук кубаттуулукта иштей баштаганда транзит акысы үчүн жылына 500 миллион доллар алабыз деп үмүттөнөт. Бирок учурда анын коопсуздугу башкы көйгөй болуп турат:

- Албетте эң чоң көйгөй - бул коопсуздук. Долбоорду колдоо Пакистандын дагы, "Талибандын" дагы кызыкчылыгындагы иш экенине карабай, ички жана тышкы элементтерден башкалары, аймактык оюнчулар ага бут тоспойт деген кепилдик жок. Ооба "Талибандын" башкы уюму бул долбоорду колдойбуз деп жарыялаган. Бирок азыр Ооганстанда, “Ислам мамлекети” террордук тобу бар, "Талибандан" ажырап кеткен тайпалар, Ирандан колдоо алган талиптер жок эмес. Маселен, Иран анын аймагы аркылуу өтүүчү Иран-Пакистан-Индия багытындагы куурду колдоп, ушул долбоорду түртүп жүргөн. Ал ТАПИге атаандаш болчу. Андыктан, Иран бул газ куурдун курулушуна сүйүнгөн жок, - деди “Азаттык” менен маегинде Лондондо жашаган ооганстандык талдоочу Вали Ариа.

Иран демекчи, 22- февралда Герат провинциясынын бийликтери коомчулукка Иранда машыгып келген делген он жоочуну көргөзүштү. Алар газ куурдун курулушу башталышын утурлай диверсия уюштурушмак.

Гераттын губернатору Асиф Рахиминин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, согушкерлер акыркы минуттарда оюн өзгөртүп, багынып берген.

Тегерандагы бийликтер бул ырастоолорду комментарийлеген жок.

ТАПИ долбоорун жактагандар ал аймактык кызматташтыкка өбөлгө болуп, аны бекемдей турганын белгилешет. Аймактык атаандашы Индия, коңшу Ооганстан менен да мамилеси чыңалганына карабай Пакистан ТАПИ долбоорун колдоп жатат.

Талдоочу Вали Ариа анын себебин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Бул экономикалык долбоор, тилекке каршы саясат экономикалык долбоордун максаттарына кээде каршы чыкса, кээде шайкеш да болуп калат. Пакистандын колдоосу ТАПИ узак мөөнөтүү экономикалык долбоор экенинде. Ал узак мөөнөттөн алганда Ооганстандан АКШ, батыш өлкөлөрү да кетет деп ойлойт. Дал ушул тушта Пакистандын көз карашы - ТАПИни да, "Талибанды" да колдоо. Бул карама-каршылык, бирок алар муну андай деп эсептебейт.

АКШнын азыркы администрациясы Пакистанды “экстремисттерге башпаанек берип”, аларга каршы жетиштүү чара көрбөйт жатат" деп айыптап жүрөт. Ооганстан да Пакистанды "Талибанды" колдойт деп күнөөлөйт. Расмий Исламабад болсо мындай көз караштарды четке кагат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG