Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:29

Кабулда Пакистанга каршы акция болду


Кабулдагы нааразылык акциясы. 1-февраль, 2018-жыл.

Пакистандын Кабулдагы элчилигинин алдына чогулган ондогон кишилер нааразылыгын билдирип, ал өлкөнүн желектерин өрттөштү. Ушул эле күнү Ооганстандын расмий делегациясы кошуна өлкөдөн кайтып келген.

Кабул Пакистандан ал жакта жашынып жүргөн согушкерлерге каршы чечкиндүү чара көрүүнү талап кылып келатат. Делегацияга кирген Ооганстандын коопсуздук кызматынын башчысы Масум Станкзай жана ички иштер министри Ваис Бармак "жакында Ооганстандын баш калаасында бир нече терактты ишке ашырган экстремисттик Хаккани тобунун жоочулары Пакистанда машыгышкан" деген далилдерди келтиришкенин айтышты. Ооганстан менен АКШ "Талибан" менен байланышкан бул топ Пакистанда баш калкалай турганын билдирип, Исламабадды айыпташууда.

Пакистандын жетекчилиги кошуна өлкөдө кол салуу уюштуруп жаткан жоочулардын ээн-эркин жүрүшүнө жол берип жатканы тууралуу өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG