Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Ооганстанда талиптердин кол салуусунан 30 адам өлдү


Кабул, 24-февраль, 2018-жыл
Кабул, 24-февраль, 2018-жыл

23-24-февралда Ооганстандын борбор шаары Кабул жана аймактарда талиптердин кол салуусунан кеминде 30 киши мерт болгонун Reuters агенттиги кабарлады.

Ооган бийлигинин айтымында, каза болгондордун арасында аскер кызматындагылар жана жай тургундар бар.

24-февралда Кабулда НАТО өкүлчүлүгү менен АКШ элчилигинин имараты жайгашкан райондо жанкечти өзүн жардырып, эки киши өлгөн. Ошол эле күнү түнү бою жүргөн талиптер менен Ооганстандын аскерлеринин салгылашынан жыйырмадан ашуун киши каза тапты. (BCh)

XS
SM
MD
LG