Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Тажик-өзбек чегиндеги темир жол кайра ачылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстан менен Тажикстан мындан дээрлик алты жарым жыл мурда токтоп калган темир жол каттамын калыбына келтирүү ишин башташты. Бул темир жол 2011-жылы өзбек-тажик алакасы солгундап турган учурда “жардыруу болду” деген жүйө менен жабылып калган эле.

Өзбекстандын түштүгүндөгү Амузанг станциясы менен Тажикстандын Хатлон облусундагы Галаба темир жол бекетин байланыштырган поезд каттамы жакын арада кайра ачыларын “Тажик темир жолдору” мамлекеттик ишканасы бышыктады.

Ишкананын басма сөз катчысы Анвар Латифзода эки тарап бул темир жол каттамын кайра ачуу маселесинде кепке келгенин “Азаттыктын” тажик кызматына 19-январда билдирди:

Анвар Латифзода
Анвар Латифзода

“Аталган багыттагы поезддердин каттамын калыбына келтирүү иши Тажикстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгы тууралуу өкмөттөр аралык комиссиянын протоколунун негизинде жүрүп жатат. Бул маселе протоколго кошумча пункт катары киргизилген. Бир күн мурда биздин адистер Өзбекстанга жөнөп кетишти. Алар темир жолдун абалын изилдеп чыгышат. Ушундай эле ишти өзбек темир жолчулары да жүргүзүп жатат”.

Эки өлкөнүн Ооганстан менен чек арасын бойлой салынган Амузанг-Галаба темир жолунда алты жылдан ашык убакыттан бери эч бир поезд жүрө элек.

Өзбекстан 2011-жылдын 17-ноябрь айында темир жолдун Ооганстанга жакын жайгашкан бөлүгүндө “жардыруу” болгонун билдирип, муну “террорчул акт” деп мүнөздөгөн. Аны улай маркум Ислам Каримов башында турган өзбек бийлиги оңдоп-түзөө иштерин жүйө кармап, аталган темир жолду жаап койгон.

Натыйжада темир жолдун боюнда жайгашкан Өзбекстандын Термез жана Тажикстандын Курган-Төбө шаарларынын ортосунда 300дөн ашык товар вагондору ара жолдо калган. Жүктүн бир бөлүгү бузулуп, кайсы бир бөлүгүн автоунаа менен ташууга туура келген.

Тажикстандын Хатлон облусунун жетекчилиги каттам жабылгандан кийинки жарым жылда эле аймактын экономикасы 45 миллион доллар зыян тартканын билдирген.

Тажик бийлиги темир жолдун “жардыруу” болду деген бөлүгүн саналуу күндө эле оңдоп койсо болоорун белгилеп, Өзбекстанды оңдоо иштерине катышууга уруксат бербей жатат деп айыптаган. Айрым маалымат каражаттары темир жолдо чындап эле жардыруу болгонунан күмөн санашкан.

Тажикстандык талдоочу, журналист Косим Шухрат эми Амузанг-Галаба темир жол каттамынын ачылышы биринчи кезекте фермерлердин ишин жакшыртаарын айтты:

“Бул темир жол өзгөчө Хатлон облусундагы фермерлер үчүн абдан маанилүү. Алар айыл чарба продукцияларын экспорттогусу келет. Темир жол жабылгандан кийин товарларды Душанбе аркылуу сатууга аргасыз болушкан. Баш калаа алысыраак болгондуктан фермерлер ашыкча чыгымга дуушар болуп жатышкан”.

Тажик президенти Рахмон жана өзбек лидери Мирзиёев Сауд Арабиянын баш калаасындагы саммитте, 21-май 2017-жыл.
Тажик президенти Рахмон жана өзбек лидери Мирзиёев Сауд Арабиянын баш калаасындагы саммитте, 21-май 2017-жыл.

Ошентип темир жолду кайра ачуу аракетинин башталганы Ташкент менен Душанбенин алакасы жакшырып жатканын далилдеген кезектеги жаңылык болуп калды.

Ислам Каримовдун тушунда эки өлкөнүн мамилеси өзгөчө Тажикстандын ГЭС куруу дымагынан улам кескин начарлап кеткен. Каримовдун ордун баскан Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы башка коңшулары сыяктуу Тажикстан менен мамилени да жакшыртуу аракетин көрүүдө.

Былтыр жыл башында Тажикстан менен Өзбекстан ортосунда чейрек кылымдан кийин авиакаттам жанданган. Өткөн аптада өзбек премьер-министри Абдулло Арипов Душанбеге келип, тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Анда эки тарап виза тартиби жана тажик-өзбек чек арасынын талаштуу аймагындагы Фархад ГЭСи боюнча макулдашууга жетишкени кабарланды. Бул сыяктуу макулдашууларга өзбек президенти Мирзиёев жазында Тажикстанга келгенде кол коюлат деп күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG