Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Тажикстан: ата-энесин бакпагандар эркинен ажырайт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда карыган ата-энесин кароосуз калтыргандар үч жылга чейин эркинен ажыратылып, кылмыш жообуна тартылат.

Декабрда Тажикстандын парламенти Кылмыш кодексине өзгүртүүлөрдү киргизип, карыган ата-энесин багуудан баш тарткан адамдарга кылмыш жообун катаалдаштырды.

Буга чейин ата-энесин кароосуз калтыргандарга 120 сааттык коомдук иштен баштап эки жылга чейин эркинен ажыратуу кылмыш жазасы каралган болчу.

Башка борбор азиялык өлкөлөрдөй эле Тажикстанда дагы ата-энесин багуудан баш тартып, карыларды таштоо коомчулукта катуу сынга алынат. Бирок акыркы убакта кароосуз калган карылардын саны менен күнүмдүк жашоо үчүн балдарынан сот аркылуу алимент алган ата-энелер көбөйдү.

Адам укуктары боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү​ Бахтовар Сафаровдун түшүндүрмөсүндө мыйзамга толуктоо Кылмыш кодексинин "Эмгекке жарамсыз ата-энесин багуудан кара ниеттик менен качуу” деген 178-беренесинин 2-пунктуна киргизилген.

Эми Тажикстанда сот тарабынан ата-энесин багууга жооптуу катары таанылып, бирок эч кандай негизсиз, атайлап камкордуктан качкан тажикстандыктар үч жылга чейин эркинен ажыртылат.

2016-жылы Тажикстандын Баш мыйзамына “бой жеткен, ишке жарамдуу балдар ата-энесин кароого жана социалдык камсыздоого милдеттүү” деген атайын жоопкерчилик киргизилген.

"Ата-энени багуу Баш мыйзамда кө​рсө​тү​лгө​н. Бул норма тийиштүү​деңгээлде корголуп, кепилдик болушу керек. Ошондуктан кылмыш жазасы катаалдатылды" деди Бахтовар Сафаров.

Тажик бийлиги акыркы жылдары карылар үйүндө жакындары кароодон баш тарткандардын саны көбөйгөнүн белгилейт.

Өткөн жылы Кубодиен райондук соту 82 жаштагы Сангин Мирзоевага баласына алимент боюнча карата доосун карап, уулун энесине айына 70 сомони төлөп берип турганга милдеттендирген. Картайган эне баласы материалдык жардам берүүдөн качкандыктан сотко кайрылууга мажбур болгонун айткан.

Яван районундагы карылар үйүнүн башчысы Махмадюусуф Гулов мурун балдары бакпай койгон тажик улутундагы кары адамдар чанда гана кайрылган болсо, азыр мындай көрүнүш кеңири жайылганын белгилейт.

- Бул жумада ата-энесин карылар ү​йү​нө​ таштайын деген ү​ч адамга уруксат берген жокпуз. Мурун башка улуттун ө​кү​лдө​рү​ таштачу, акыркы убакта тажиктердин арасында дагы мындай кө​рү​нү​ш кү​чө​дү​. Мурун адамдар коомдук жектөө​дө​н коркчу. Мындай учурлар чанда болчу. Азыр ата-энелерин карылар ү​й​ү​нө​ бергендер толтура. Башка маданияттардын дагы таасири тийип жаткандай.

78 жаштагы Душанбенин жашоочусу Салима Давлатова аны карылар үйүнө таштоону каалаган уулуна арызданып шаардык прокуратурага кайрылган. Өзү бир нече жыл мурун Вахдаттагы үйүн сатып, кенже уулуна Душанбеде батир сатып берген экен. Эне үч уулду, эки кызды өстүргөн. Башка балдары Орусияга иштеп кетип, эми кенжеси энесин багуудан качып жатканына арызданган.

"Эми кенже уулум аялы менен батирди сатканы жатышат. Мени карашпайт, менден кутулууну ойлонуп жатышат. Эптеп карылар үйүнө калтырганы жатышат" деген эне.

Азыркы кезде Тажикстандагы карылар үйүндө миңден ашуун адам жашайт. Алардын 633ү эркек, 384ү аял.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG