Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

АКШ талиптерге каршы күрөштөн күчүн аябайт


Америкалык аскер MQ-9 Reaper учкучсуз аппаратынын жанында турат. Ооганстан, Кандагар авиа базасы. 23-январь, 2018-жыл.
Америкалык аскер MQ-9 Reaper учкучсуз аппаратынын жанында турат. Ооганстан, Кандагар авиа базасы. 23-январь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Ооганстанга аскерий жана чалгындоо максатында колдонула турган учактарды жеткире баштады. Бул тууралуу Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн жогорку даражалуу кол башчысы 8-февралда билдирди.

Кошмо Штаттардын аскерий аба күчтөрүнүн генералы Жеймс Хеккер бейшембиде Кабулда маалымат жыйын өткөрдү. Анда сүйлөп жатып АКШнын Коопсуздук күчтөрүнүн борбордук командачылыгы Ооганстандагы "Талибан" кыймылына каршы күрөшкө болгон күчүн жумшарын билдирди:

- Сириядагы жана Ирактагы ийгиликтерибизден кийин Коопсуздук күчтөрүнүн борбордук командачылыгы болгон күчүн Ооганстанга жумшамай болду. Эми башкы борбор ооган элине жардам берүү үчүн бизди аскерий курал менен көбүрөөк камсыздайт.

Кандагарадагы америкалык аскерлер, 23-январь, 2018-жыл.
Кандагарадагы америкалык аскерлер, 23-январь, 2018-жыл.

​Генералдын айтымында былтыркы жылга салыштырмалуу Кошмо Штаттар Ооганстандагы чалгын жана байкоо иштери үчүн MQ-9 Reaper учкучсуз аппараттарынын санын 50 пайызга көбөйттү. Чабуулчу жана издеп-куткаруучу учактарын да жөнөтөрүн билдирди.

- Өткөн жумада Кошмо Штаттардын күчтөрү “Талибанга” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылына” абадан сокку урду. Алардын Бадахшан провинциясындагы машыгуучу жайлары талкаланды. Жоочулардын Кытайда, Тажикстанга чектеш аймактарда кандайдыр бир аракеттерди уюштуруусуна бөгөт койдук. Ооган улуттук армиясынан уурдалган транспорт каражаттар жана колго жасалган жардыруучу заттар жок кылынды, - деди генерал Хеккер. АКШнын башкы максаты "Талибан" кыймылын ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө мажбурлоо экенин кошумчалады.

Быйыл жыл башынан бери Ооганстанда бир нече теракт болду. 20-январда Кабулдагы "Интерконтиненталь" мейманканасында жоочулар кол салып 30га чукул кишинин өмүрү кыйылган, алардын жарымы чет өлкөлүктөр болгон.

27-январда Кабулдагы жардыруу 100дөн ашуун бейкүнөө кишинин өмүрүн алды. Жарадарлардын саны 200дөн ашкан.

Ошол кандуу окуядан кийин АКШ президенти Дональд Трамп бардык өлкөлөрдү "Талибанга" каршы “чечкиндүү чара” көрүүгө чакырган.

- Талиптерди жеңүү үчүн кандай чара көрүү керектигин талкуулайбыз. Алар менен сүйлөшүүгө даярбыз деп айта албайм. Алар адамдарды ылгабай эле өлтүрүп жатышат. Бейкүнөө кишилердин өмүрүн алышууда. Ооганстан боюнча аялдарды, балдарды, үй-бүлөлөрдү жок кылып жатышат. Биз талиптер менен сүйлөшүүнү каалабайбыз.

АКШ президенти Дональд Трамп, 29-январь, 2018-жыл. Вашингтон.
АКШ президенти Дональд Трамп, 29-январь, 2018-жыл. Вашингтон.

​Былтыр Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган соң Ооганстанга кошумча 3000дей америкалык аскер жайгаштырылган. Учурда АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин жалпы саны 14 миңге жетти. Өлкөдө НАТОго мүчө башка мамлекеттердин дагы жоокерлери бар.

АКШ жана НАТО күчтөрү 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин Ооганстанга кирген. Буга ошол учурда Ооганстандын башында турган талиптердин өкмөтү "ал-Каида" баштаган террорчул топторго баш калка берди деген жүйө негиз болгон.

Бир нече жылга созулган кармаштан кийин талиптер бийликтен кол жууп, 2014-жылы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткен. Ооган жергесинде калган аскерлер негизинен ооган армиясына кеңеш берүү жана машыктыруу милдетин өзүнө алган.

Бирок соңку эки жылда талиптер ооган өкмөтүнө каршы чабуулдарын күчөтүп, өлкөнүн дээрлик 40 пайызын өз көзөмөлүнө алды.

БУУнун маалыматы боюнча, дээрлик 40 жылдан бери уланып жаткан куралдуу тирештен улам ооган калкынын 40 пайызга жакыны жакырчылыкта жашап келет. Алардын арасында 3,3 миллион киши өтө чукул гуманитардык жардамга муктаж.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG