Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ооганстанда аза күтүү күнү жарыяланды


Кабул. 27-январь, 2018-жыл
Кабул. 27-январь, 2018-жыл

Кабулдун эл жыш жайгашкан районунда жанкечтинин жарылуусунан каза тапкандардын саны 103кө, жарадарлардын саны 235ке жетти.

27-январдагы жанкечти чабуулунан кийин ооган президенти Ашраф Гани 28-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Өлкөдө жана Ооганстандын башка мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө туу түшүрүлүп, айрым иш-чаралар жылдырылды. Ооганстандын ички иштер министри Ваис Бармак жардырууда каза болгондордун саны 103кө жеткенин билдирди. Анын айтымында, 235 киши жараат алган. Алардын 30дан ашууну аскер кызматкерлери. Жанкечти Тез жардам унаасы менен бир нече көзөмөл пункттардан өтүп барып жарылган.

Кабул, 27-январь, 2018-жыл
Кабул, 27-январь, 2018-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп Кабулдагы жардыруудан кийин дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү “Талибанга” каршы “чечкиндүү чараларды” көрүүгө чакырды.

- Мен Кабулдагы бейкүнөө ондогон адамдардын өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылып, карасанатайлык менен жасалган чабуулду айыптайм. Бул теракт мындан ары биздин ооган өнөктөштөрүбүз менен иштөө нугун өзгөртөт. Эми бардык өлкөлөр талиптерге жана террористтик уюмдарды колдогон тараптарга каршы чечкиндүү кадамдарды жасашы керек, - деди Трамп 27-январдагы билдирүүсүндө.

Бирок буга чейин “Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забихуллах Мужахид "жардырууну акыркы мезгилде ооган баш калаасына калаба уюштуруп жаткан куралчан топтор ишке ашырды" деп жооп берген.

Жанкечти Тез жардам унаасы менен бир нече көзөмөл пункттардан өтүп барып жарылган. Социалдык медиадагы сүрөттөрдөн Кабулдун үстүндөгү коюу кара түтүндү көрүүгө болот.

Бул жарылуу январь айында Кабулда болгон үчүнчү теракт.

Кабулдагы теракттан 100дөй адам мерт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

4-январда жанкечти террорчу полиция блокпостунун жанында жарылып, он киши каза таап, 20 адам жарадар болгон.

20-январда радикал топ "Интерконтиненталь" мейманканасына кол салып, 18 адамды өлтүрүшкөн.

24-январда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары Ооганстандын Жалалабад шаарында Save the Children эл аралык гуманитардык уюмунун кеңсесине кол салган. Кеминде беш киши окко учуп, 12 киши жарадар болгон.

Жанкечти эл аралык уюмдун регионалдык кеңсесинин жанында дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жиберген. Андан кийин имаратка куралчан адамдар кирип барып, коопсуздук кызматкерлери менен аткылашуу тутанган. Кол салгандардын бири атышууда өлтүрүлгөн.

Күбөлөр катуу жардыруу болгонун, куралчан бир киши комплекстин кире беришине граната ыргытканын айтып беришкен. Имаратта ошол кезде жүргөн 46 киши куткарылганы, айлана-тегеректе жүргөндөр да эвакуацияланганы маалымдалган.

Терактты уюштурууну өз мойнуна алган “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму “Амак” пропагандалык сайты аркылуу “британиялык жана швециялык уюмдарды, өкмөттүк мекемелерди бутага алганын” билдирген.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Save the Children уюмунун комплексинин жанында швециялык кайрымдуулук фонду жана Ооганстандын аялдар маселелери боюнча департаменти орун алган.

Теракттан кийин балдарга билим берүү, саламаттыгын сактоо, укуктарын коргоо менен алектенген уюм Ооганстандагы программалары жана кеңселери “убактылуу жабылып жатканын” билдирген.

Британиянын Ооганстандагы элчиси Ник Кей үрөй учурган чабуулду айыптап, балдар менен гуманитардык кызматкерлерди бутага алууну адамзатка каршы кылмыш деп эсептерин Твиттерде жазган.

БУУнун Ооганстандагы миссиясы жайкын адамдарга жана гуманитардык уюмдарга каршы мындай кыянатчылык эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуу болуп саналарын, муну согуш кылмыштарына теңөө мүмкүн экенин билдирген.

2014-жылы НАТО аскерлеринин басымдуу бөлүгү өлкөдөн чыгарылгандан кийин Батыш колдогон ооган өкмөтү "Талибандын" жана башка куралдуу топтордун жоочулары менен күрөшүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG