Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Кабулдагы кандуу кол салуу


Жанкечтинин чабуулунан кийин жагдай, Кабул, 28-декабрь, 2017-жыл.
Жанкечтинин чабуулунан кийин жагдай, Кабул, 28-декабрь, 2017-жыл.

Ооганстандын борбору Кабулда бейшембиде удаалаш үч жардыруу болду. Алардын биринде жанкечти шииттердин маданий борборунда өзүн жардырып, андан кеминде 40 киши мерт болду.

Кабулда кайрадан жардыруу. Бул жолу ооган башкалаасындагы шииттердин "Табаян" аттуу маданий борбору чабуулга кабылды. Белгисиз жанкечти Кабулдун батыш тарабында жайгашкан имараттын ичине кирип келип, өзүн жардырып жиберген. Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Насрат Рахиминин айтымында, чабуул учурунда бул борбордо советтик аскерлердин Ооганстанга киргенинин 38 жылдыгы белгиленип жаткан.

Имарат "Ооган добушу" жаңылыктар агенттигинин жанында жайгашкандыктан, алгач жоочулардын негизги бутасы медиа каражаты болгон деген кабарлар тарап кеткен.

Бул окуядан көп өтпөй маданий борбордун сыртында удаалаш эки жардыруу болуп, алар чабуулдан кийин жардамга келген адамдарды бутага алган. Азырынча ал эки жардыруудан жабыркагандар тууралуу так маалымат жок. Бирок маданий борбордун ичиндеги жанкечтинин жардыруусунан кеминде 40 киши мүрт кетип, 30дайы жарадар болду.

"Мен окуя болгон жерден көп өлүктөрдү көрдүм. Бөлөмдү издеп жаткам. Бирок аны таба албай койдум. Ага эмне болгонун билбейм. Өлгөндөр көбөйүп жатат",-деди күбөлөрдүн бири Али Реза.

Маданий борбордогу чабуулда уулун жоготкон аял. Кабул, 28-декабрь, 2017-жыл.
Маданий борбордогу чабуулда уулун жоготкон аял. Кабул, 28-декабрь, 2017-жыл.

Талибдер дароо эле бул чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин "Твиттер" аркылуу билдиришти. Ооганстандагы шиит мусулмандарын маал-маалы менен бутага алып келе жаткан "Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнүн "Амак" сайты аркылуу бул чабуулдун жоопкерчилигин алды. Октябрь айында бул топтун согушкерлери Кабулдагы шиит мечитине кол салып, андан 39 киши мерт болгон.

Үч күн мурда эле Кабулда дагы бир жанкечти Улуттук коопсуздук агенттигинин имаратынын жанында өзүн жардырып, андан он бейкүнөө киши каза тапкан. Бул чабуулга да "ИМ" тобу жоопкерчилик алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын маалыматы боюнча жыл башынан берки тогуз айда бул өлкөдө ар кыл чабуулдардан, аба соккуларынан жана жардыруулардан жарадар болгон жөн-жай тургундар 9 пайызга азайган. Бирок мерт болгондордун саны 1 пайызга көбөйүп, баш-аягы 2640 жайкын тургундун өмүрү кыйылган.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү, Кабул. 28-декабрь 2017-жыл.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү, Кабул. 28-декабрь 2017-жыл.

21-декабрда БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Тадамичи Ямамото өлкөдөгү кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешине маалымат берген эле:

"Жалпысынан мерт болгон жана жаракат алган жайкын тургундар дагы эле көп. Талибдер менен "ИМ" тобу өспүрүмдөрдү өз катарына азгырып жатканы тууралуу кабарларды алып жатам. Мен тараптарды мындай мыйзамсыз ишти токтотууга чакырам".

НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден бери өлкө армиясы бир жактан талибдер, экинчи тараптан "Ислам мамлекети" тобу менен кармашта кыйынчылыктарга туш болуп келет. Өткөн аптада АКШнын вице-президенти Майк Пенс күтүүсүздөн Кабулга барып, Ооганстандагы жоочуларга каршы күрөштө "чыныгы жылыш" байкалып жатканын, президент Доналд Трамптын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы иштеп жатканын айткан. Быйыл жайында президент Трамп АКШнын Ооганстандагы аскерлерин көбөйтүүнү жана алардын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү чечкен эле.

Ошентсе да азырынча Ооганстандагы бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган чабуулдар токтоп калбаганын бейшембиде Кабулда болгон жардыруулар айгинелеп турат.

БУУнун маалыматы боюнча, дээрлик 40 жылдан бери уланып жаткан куралдуу тирешүүдөн улам ооган калкынын 40 пайызга жакыны жакырчылыктан башы чыкпай келет. Алардын арасында 3,3 миллион киши өтө чукул гуманитардык жардамга муктаж.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG