Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:53

Ооганстан: Гүленге байланышы бар мектептер текшерилди


Ооганстандагы түрк мектептерин башкарган уюм өлкөдө 1995-жылдан бери иш жүргүзөт.

Айрым маалыматтарга караганда, коопсуздук күчтөрү 12-декабрда ошол мектептердин бир ооган, үч түрк мугалимин да кармап кетишти.

Ооганстандагы түрк мектептерин башкарган уюмдун (ATCE) төрагасы Хуман Эрдогандын айтымында, мугалимдерди 12-декабрда эртең менен кыздар мектебине бараткан жеринен кармап кетишкен.

- Өздөрүн Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын мүчөлөрү катары тааныштырган адамдар кийин башка мектепке дагы бир мугалимди издеп кетишти.

Ооган расмий адамдары окуя тууралуу комментарий бере элек. Ал эми рейд окуучуларды жана алардын ата-энелерин санаага салды. Ата-энелердин айтымында, коопсуздук күчтөрү кыздардын жатаканасына чейин кирип келишкен.

Кабулдагы ооган-түрк мектеби.
Кабулдагы ооган-түрк мектеби.

Тинтүүлөр Ооганстандын президенти Ашраф Гани Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун жыйынына кеткен маалга туш келди.

Ооганстандагы түрк мектептерин башкарган уюмдун карамагына өлкөнүн Мазари-Шариф, Кандагар, Герат провинцияларындагы жана башкалаа Кабулдагы бир нече мектеп кирет. Уюм Ооганстанда 1995-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзөт.

Анкара бул уюм АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүленге тийиштүү деп айтып келет. Гүленди түрк бийлиги 2016-жылы Стамбулда болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет. Диниятчы бул дооматтарды четке кагууда.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Стамбулда өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун саммиттинде.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани Стамбулда өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун саммиттинде.

Буга чейин түрк бийлиги Фетхулла Гүлендин идеясы менен негизделген мектептерди жана жогорку окуу жайларын жабууну талап кылып, бир катар мамлекеттерге кайрылган болчу. Анын бул талабын Азербайжан, Тажикстан жана Түркмөнстан аткарса, Казакстан менен Кыргызстан алардын аталышын өзгөртүп, түздөн-түз Билим берүү министрлигинин көзөмөлүнө өткөргөн.

"Сереп" эксперттик-изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулу "Азаттыкка" берген комментарийинде муну Анкаранын саясий эркин таңуулоо аракети катары сыпаттады:

- Былтыр Кыргызстан жана Казакстан сыяктуу бир катар мамлекеттер өз алдынчалыгын көргөзүп, расмий Анкаранын суроо-талабына акыйкат жооп кайтарышкан. Анкара мектептерди жабууну талап кылып, өлкөлөрдүн ички иштерине чейин кийлигишкени маалым. Бул жерде укуктук негизде эмес, бир адамдын эркин чагылдырган авторитардык түшүнүктөргө гана таянып чечим чыгарган мамлекеттер гана Анкаранын суроо-талабын канааттандырбаса, өз алдынчалыгын сыйлай алган, демократиялуу өлкөлөр анын талабын аткарышпайт. Буга чейин ачык түрдө жана көмүскө да ошондой талаптар коюлганы жазылып жатты. Бирок жада калса биздин Кыргызстан дагы муну өз ички ишине кийлигишүү катары баалап, айыптап чыккан соң, эки тараптын мамилеси ошондон бери сууп калган.

Фетхулла Гүлендин диний жана социалдык кыймылы 160тай өлкөдө 2000дей билим берүү мекемесине ээлик кылат. Өткөн жылдын соңунда Пакистандагы Гүлендин уюмуна караштуу деп айтылып жүргөн "Пактүрк" эл аралык мектептери менен коллеждеринин ондогон мугалимдери, үй-бүлөлөрү менен өлкөдөн чыгарылган. Ал эми быйыл октябрь айында аталган мектептердин мурдагы директору үй-бүлөсү менен кошо Пакистандан депортацияланды.

Окуу жайдын жетекчилиги болсо диниятчыга эч кандай тиешеси жок экенин айтып келет. Пакистанда "Пактүрк" уюмунун карамагындагы 25 мектепте жана коллежде 11 миңдей окуучу, студент билим алат. Казакстанда Фетхулла Гүлендин жолдоочулары түптөгөн "Катев" аттуу 20дан ашуун мектеп-лицей бар. Өзбекстанда мындай лицейлер 1990-жылдары ачылган, бирок өзбек бийлиги аларды бир аздан соң кайра жаап салган. Орусиянын Татарстан жумуриятында, Африканын, Чыгыш Азиянын бир катар өлкөлөрүндө Гүлендин мектептери кеңири ишмердүүлүк жүргүзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG