Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Пенс: Ооган согушунда жылыш бар


Майк Пенс Баграм аба базасында.
Майк Пенс Баграм аба базасында.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс бейшембиде күтүүсүздөн Кабулга барып, Ооганстандагы 16-жылдык согушта "чыныгы жылыш" жасаганы үчүн америкалык жана ооган күчтөрүн кубаттады. Ал ошондой эле президент Доналд Трамптын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы иштеп жатканын айтты.

"Жыйынтык өлкө аймагында анык көрүнө баштады. Жеңиш мурдагыдан да жакындап калганына ишенем", - деди Пенс Баграм базасындагы америкалык аскерлерге кайрылуусунда.

Анын алдында АКШнын вице-президенти ооган президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла менен Кабулда жолугушкан.

Быйыл жайында президент Трамп АКШнын Ооганстандагы аскерлерин көбөйтүүнү жана алардын талиптерге каршы күрөшүү жаатындагы ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү чечкен.

Ооган күчтөрү бир жактан талиптер, экинчи тараптан "Ислам мамлекети" тобу менен күрөшүп келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын соңку баяндамасына ылайык, бул өлкөдө жыл башынан берки тогуз айда ар кыл кармаштардан 2640 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG