Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кабулда телеканалга кол салуу болду


Окуя болгон жерге келген НАТО аскерлери
Окуя болгон жерге келген НАТО аскерлери

Ооганстандын борбору Кабулда жеке менчик телекомпания куралдуу кол салууга кабылды. Шейшембиде белгисиз адамдар "Шамшад ТВнын" имаратына күч менен кирип келип, ок чыгара башташкан. Андан кеминде эки киши мерт болуп, 20дайы жаракат алганы кабарланууда.

Шейшембиде кадыресе ишин баштаган "Шамшад ТВнын" эфири күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурады. Куралчан адамдар жеке менчик каналдын имаратынын короосуна жардыргыч зат ыргытып, ичкери кирип келишкен. Айрым журналисттер сыртка качып чыгууга үлгүргөнү менен бир бөлүгү атышуунун чордонунда калышкан.

- Көзөмөл камераларынан үч куралчан адам имаратка кирип келе жатканын көрдүм. Алар кароолчуну өлтүрүп, имараттын ичине киришти. Анан граната ыргытып, ок чыгара башташты, - деп айтты жоочулардан аман кутулган каналдын кабарчысы Файсал Заланд.

Телеканалга жетип келген полиция кызматкерлери бир саатка чейин куралчан адамдар менен атышкан. Кабул полициясынын өкүлү өлгөндөрдүн саны такталып жатканын билдирди.

- Биз чабуул башталганда телестанциянын ичинде болчубуз. Бирок качып чыгууга жетиштик. Айрым аял кесиптештерибиз имараттын терезесинен секирип, катуу жаракат алышты, - деди "Шамшад ТВнын" кызматкери Жан Мухаммад Маманд.

Телеканалдын чабуулдан качып кутулган кызматкерлери
Телеканалдын чабуулдан качып кутулган кызматкерлери

Талиптер бул чабуулга тиешеси жоктугун кабарлоого ашыкты. "Ислам мамлекети" террордук тобу болсо өзүнүн "Амак" жаңылыктар сайты аркылуу бул кол салууга жоопкерчилик алды.

"Шамшад ТВ" 2006-жылдан бери пуштун тилинде программаларды даярдайт. 24 саат бою эфирге чыккан бул каналды көбүнесе Ооганстандын түштүгүндө көрүшөт.

Ооганстан журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Май айында "Ислам мамлекети" тобунун жоочулары Жалалабад провинциясындагы телерадио компанияга кол салып, андан алты киши каза тапкан. Өткөн жылы Кабулдагы "Толо" деп аталган дагы бир жеке менчик телеканалда талиптер жанкечти чабуулун уюштуруп, жети журналисттин өмүрү кыйылган.

Ооган журналисттеринин коопсуздугун коргоо комитетинин маалыматы боюнча, быйыл алты айда журналисттер зомбулукка кабылган 73 факт катталган. Алардын арасында сабалган, коркутууга кабылган жана киши колдуу болгон журналисттер бар. Бул сан 2016-жылдын алты айына салыштырмалуу 35 пайызга көптүк кылат.

"Шамшад" телеканалынын эфиринен бир көрүнүш
"Шамшад" телеканалынын эфиринен бир көрүнүш

​- Эл аралык коомчулук жактырган чечимге ылайык, жайкын тургундарды жана жарандык жайларды чабуулга алуу "согуш кылмышы" деп таанылышы керек. Бул өңдүү чабуулдар кыжырданууну жаратат жана согуш кылмыш экени бышык,-деди Ооганстандагы Эркин медианы колдоо уюмунун башчысы Садикулла Тоухиди.

Ооганстанда бир тараптан талиптер, экинчи тараптан "Ислам мамлекети" тобу менен кармаштан каза тапкан жайкын тургундардын саны да азайбай жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын соңку баяндамасына ылайык, бул өлкөдө жыл башынан берки тогуз айда ар кыл кармаштардан 2640 киши мерт болгон. 2016-жылы 2616 карапайым тургун набыт кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG