Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Тажик бийлиги Халимовдун туугандарын кечирбеди


Гүлмурод Халимов (оңдон экинчи) Сириядагы тажикстандык "жихадчылар" менен
Гүлмурод Халимов (оңдон экинчи) Сириядагы тажикстандык "жихадчылар" менен

Тажикстанда “Ислам мамлекети” террордук тобуна өтүп кеткен офицер Гүлмурод Халимовдун туугандары узак жылдарга эркинен ажыратылды. Дагы бир нече тууганы кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызмат алар террорчуларга кошулуу үчүн баратканын билдирген.

Комил, Назир жана Али Халимовдор 7-18 жылга чейин эркинен ажыратылганын “Азаттыктын” тажик кызматына соттогу булактары кабарлады.

Хатлон облустук аскер соту “жоочуларга жалданууга бараткан, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган, милицияга каршылык көрсөткөн” деп үчөөнө 20-октябрда чечим чыгарганы эми белгилүү болду.

Алар тажик Ички иштер министрлигинин атайын отрядынын мурдагы командири, азыр “Ислам мамлекети” террор тобунун “согуш министри” делген Гүлмурод Халимовдун бир туугандары.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

- Бийликтин маалыматына караганда, ал үчөө жана Халимовдун дагы төрт тууганы быйыл жайында Ооганстан аркылуу “Ислам мамлекети” террор тобуна кошулууга аракет кылган. Алар өлкө түштүгүндөгү чек арадагы Пархар районунда жүргөн жеринен милиция менен атышып, Халимовдун туугандарынын төртөө, эки бир тууганы жана эки жээни өлгөн. Бул дагы бийликтин билдирүүсү. Бизде аны ырастап же четке каккан башка маалымат булагы жок. Ал эми туугандары башкача болгонун айтып жатышат. Атасы уулдары Пархар районуна бир кишинин үйүн курмакка барышканын ырастайт. Бирок милиция алар чек арага жакын жерден кармалган, кеч киргенде чек арадан өтүп кетүү үчүн күтүп турушкан деп билдирүү тараткан, - дейт "Азаттыктын" тажик кызматынын журналисти Абдулло Ашуров.

Ички иштер министрлиги 5-июлдагы атышуу учурунда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары жараат алганын белгилеген. Ошондой эле туугандарды Пянж дайрасынын ары жагында жоочулар күтүп турушканын кошумчалаган.

Ал эми атайын кызмат качкын полковник Гүлмурод Халимов жогоруда аты аталган Назир аттуу тууганы менен такай байланышып турганын ырастоодо. Халимов ага ишенип, коркунуч туулуп калса үй-бүлөсүн Ооганстанга өткөрүп жиберүүнү тапшырган деп айтылат.

Буга чейин Халимовдун 18 жаштагы уулу Бехруз да жоочуларга кошулганы бараткан деп айыпталып, 10 жылга кесилген. Ал эми өткөн жылдын февралында Халимовдун экинчи аялы Хумайро Мирова төрт баласын алып Сирияга күйөөсүнө кеткени маалым болгон.

Өткөн айда Орусиянын Коргоо министрлиги алардын Сириянын Дейр-аз-Зор шаарындагы аба соккусу учурунда Гүлмурод Халимов жок кылынганын билдирген.

Сирия: Сайеднаядагы "өлүм ордосу"

Сирия: Сайеднаядагы "өлүм ордосу"

Сирия өкмөтү 13 миңден ашуун кишини жашыруун түрдө өлүм жазасына тартканы белгилүү болду.

“Орус авиациясынын Дейр-аз-Зордогу таамай аба соккусунун натыйжасында “Ислам мамлекетинин” командалык пункту, байланыш түйүнү жана 40тай жоочусу жок кылынды” деп кабарлаган орус аскер жетекчилиги.

Кийинчерээк айрым маалымат каражаттары Халимов оор жараат алып тарапташтары менен кошо Дейр-аз-Зордон 20 чакырым ыраактагы Му Хасан кыштагына жеткирилгенин жазып чыгышты.

Халимов өлгөнү же оор жараат алганы тууралуу кабарды Сирияда аскердик операцияларды жүргүзүп келаткан АКШ ырастай элек.

Гүлмурод Халимов Тажикстандын Ички иштер министрлигинде иштеп жүрүп, 2015-жылдын май айында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганын жарыялаган. Кезинде Эл аралык машыгуулардан өткөн мурдагы командир жоочулардын арасында "согуш министри" деген атка конгон.

Тажикстан ага эл аралык издөө жарыялап, АКШ Халимовдун кайда жүргөнүн кабарлагандарга 3 миллион доллар сыйлык убада берген.

2015-жылдан бери Халимов жок кылынганы тууралуу бир нече маалымат чыккан. Бирок согушкерлер да, тажик бийлиги да бул аны четке кагышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG