Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Ганинин АКШнын жаңы стратегиясынан үмүтү чоң


 Ашраф Гани
Ашраф Гани

Ооган президенти Ашраф Гани АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын Нью-Йоркто өткөн Азия коомунун жыйынында кубаттады.

Ооган президенти жаңы стратегияны мурдагысы менен салыштырып, "кыйла жакшы" деп атады. Ганинин пикиринде, Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Барак Обама сунуштаган стратегия Кабул менен өнөктөштүк мамилени камсыздабаганы үчүн ийгиликке жетпей калды.

Аталган документте 16 жылдан бери Ооганстанда талиптерге каршы жүргүзүлүп келген операцияны аяктап, америкалык аскерлерди чыгаруу каралган эле. Ашраф Гани ачык айтпаганы менен Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзайдын дарегине да сын тагып өттү. Учурунда Карзай менен ал кездеги АКШ жетекчилери айрым маселелер боюнча тил табыша алган эмес.

Мурдагы президенттер Барак Обама менен Хамид Карзай.
Мурдагы президенттер Барак Обама менен Хамид Карзай.

Ооган президенти Барак Обамадан айырмаланып, АКШнын азыркы башчысы Доналд Трампты "Кабулда өнөктөштөрү бар" деп атады. Ал ошондой эле Трамп өз стратегиясын ооган бийлиги менен бирге талкуулап, кеңешкенден кийин жарыялаганын кошумчалады.

- АКШ президенти Доналд Трамп Түштүк Азия менен Ооганстандагы террорчулукка каршы стратегиясын жарыялаган соң Кабулдун Америка жана эл аралык коомчулук менен туруктуу өнөктөштүгү жанданды. Биз аныктыкка карай багытты бекем карманган стратегияны кубаттайбыз. Ооган эли көп жылдардан бери АКШдан мындай чечкиндүүлүктү күтүп келген, - деди Ооган президенти Ашраф Гани.

Ооган президенти Ашраф Гани менен АКШ президенти Доналд Трамп. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2017-жыл,
Ооган президенти Ашраф Гани менен АКШ президенти Доналд Трамп. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2017-жыл,

Ошол эле учурда Гани АКШнын мурдагы президентине Ооганстандын америкалык аскерлерди толугу менен чыгарбай, кайсы-бир бөлүгүн калтырганы үчүн ыраазычылыгын айтты. Ооган президентинин айтымында, Обаманын бул чечими "Талибан" кыймылынын бийликти басып алуу аракетине каршы турууга кыйла жардам берген.

Улуттук коомдук радиого бейшембиде берген маегинде болсо Гани Ооганстан боюнча стратегиянын буга чейин Ак үй айтпаган айрым жагдайларын ачыктады. Ал стратегиянын максаты алдыдагы төрт жылда Ооганстан аймагынын 80 пайызын өкмөттүн көзөмөлүнө алуу экенин айтты. Кошмо Штаттардын баамында, ушул тапта өкмөт түздөн-түз өлкө аймагынын жарымын гана көзөмөлдөйт.

- Бул стратегия "Талибан" кыймылы жана анын тарапташтары согуш менен жеңишке жетпестигинен да кабар берет. Бир гана саясий жол менен биз тынчтыкка жете алабыз. Мен "Талибанды" сүйлөшүүгө чакырам, - деди Ашраф Гани.

Ушул жумада АКШнын коргоо министри Жим Маттис жаңы стратегиянын алкагында Ооганстанга кошумча 3000 аскер жиберерин жарыялаган. Мунун жыйынтыгында бул өлкөдөгү америкалык жоокерлердин жалпы саны 14 миңден ашат.

АКШ жана НАТО күчтөрү 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин Ооганстанга кирген. Буга ошол учурда Ооганстандын башында турган талиптердин өкмөтү "Ал-Каида" баштаган террорчул топторго баш калка берди деген жүйө негиз болгон.

Бир нече жылга созулган кармаштан кийин талиптер бийликтен кол жууп, 2014-жылы Америка жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткен. Ооган жергесинде калган 8400 америкалык аскер жана НАТОнун 5000дей жоокери көбүнесе ооган армиясына кеңеш берүү жана машыктыруу милдетин аркалайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG